Этникалык кыргыздар

“Элден-Элге”: Памир кыргыздарын куткарабыз

“Элден-Элге”: Памир кыргыздарын куткарабыз

Бишкектеги жаш активисттердин тобу “Элден-Элге” аттуу коомдук уюм ачып, Афганистандын Памир аймагындагы кыргыздарга жардам берүү өнөктүгүн баштады. Уюмдун өкүлдөрү кыргызстандыктардан акча-каражат, азык-түлүк, дары-дармек жана жылуу кийим чогултуп күз айларында Памирге экспедиция жөнөтүүнү пландаштырышууда. Бул топтун эң негизги максаты Памирликтерди сактап калуу дешет уюштуруучулар. Би-Би-Си Кыргыз кызматынын башкы кабарчысы Ибраим Нуракун уулу “Элден-Элге” коомдук бирикмесинин төрагасы, жаш хирург Орозбек Муратов…

Тажикстанда Памирге жол ачууну суранышты

Тажикстанда Памирге жол ачууну суранышты

Тажикстандагы коомдук уюмдар тажик бийликтерине кайрылышып, Тоолуу-Бадахшан аймагына чет элдик туристтердин баруусун жөнөкөйлөштүрүү өтүнүчүн жолдошту. 20 ашуун коомдук уюм жана туристтик агенттиктер тараткан билдирүүдө: “Тажик жетекчилери ар дайым туризмди өнүктүрүү маселесин козгошот. Ал эми иш жүзүндө чет элдиктер Памирге барууга ураксат ала албай жатышат”, - деп жазылган. Кайрылуунун авторлору виза тоскоолдуктарына байланыштуу Тажикстандын эң жакыр Памир аймагы туристтерден түшүүчү…

Ван кыргыздарынын үлпөт тойлорунда күйөө баланын орду

Ван кыргыздарынын үлпөт тойлорунда күйөө баланын орду

Өткөн баяныбызда Вандык кыргыздардын аялдары тууралуу кеп кылган элек. Теманы улай үйлөнүү-үлпөт тойлордо эркектерге кандай милдет жүктөлгөнүн баяндайбыз. Айта кетчү нерсе кыргызстандыктарга таң калычтуу же болбосо бөтөнчө көрүнгөн бардык салт-санаалардын социалдык-тарыхый-маданий түшүндүрмөсүн божомолдогонго аракет кылмакчыбыз. Үй-бүлө куруу эркектерге чоң жоопкерчиликти берет. Тойго эки тарап тең бирдей даярданса да, эркек тарап көбүрөөк толкунданат. Ванда өзгөчө санала турган салттардын бири эркек…

Ван кыргыз аялдарынын өтмөк ритуалдары

Ван кыргыз аялдарынын өтмөк ритуалдары

Ар бир кишинин жашоосунда ар кандай окуялар, жаңы баскычтар, жашоосун жаңылаган, же жаңы багыт алган учурлары бар. Мындай өзгөрүүлөрдү кабыл алып, жана ошол баскычты басып өтүү учурларын социалдык илимдерде, тагыраак айтканда антропологияда «өтмөк ритуалдары» деп атап коюшат. Мисалы, бала жаңы төрөлгөндө бешикке салуу, кырктыгын чыгаруу, тушоосун кесүү сыяктуу ритуалдар баланын жашоосунда жаңылануу, жаңы башталгыч, жаңы кадам катары кабыл алынат. …

Жеңиш майрамын Берлинде тоскон Сары-кол баатыры.

Жеңиш майрамын Берлинде тоскон Сары-кол баатыры.

Тээ батыштан Гитлердик Германия кол салган учурда Ахмат аба ошол кездеги өзү курактуу жаш жигиттердин катарында кан майданта аттанган эле. 133-аткычтар полкунда кызмат өтөгөн эле. Кандуу 1943-жылда Сталинградды коргоого алардын полку да катышкан эле, ошол дем алышсьз салгылашууга Ахмат абанын катышканы сыймыктуу. Сталинград үчүн болгон салгылашууда жолдоштору менен курчоодо бир айдан ашык болгон, бирок багынып беришкен эмес. …

Түпкү Мекенге түшкөн жол

Түпкү Мекенге түшкөн жол

(Жол очерки) Ар бир элдин түпкү мекени болот эмеспи. Улуу тоолордун арасында өмүр кечирип келе жаткан Сарыкол, же көпчүлүк учурда аталып жүргөндөй памир кыргыздарынын да түп мекени Кыргызстан болуп саналалары шексиз. Анткенимдин да себеби бар. Кайсы тарыхты окубайлы, же аксакалдардын айткан санжыраларына кулак төшөбөйлү биздин бардыгыбыздын түпкү тегибиз ошол тараптан чыгат, ошол тарапка барып такалат.Биз тээ илгертен бери эле…

Страница 85 из 127