Ван кыргыздарынын үлпөт тойлорунда күйөө баланын орду

Ван кыргыздарынын үлпөт тойлорунда күйөө баланын орду

Өткөн баяныбызда Вандык кыргыздардын аялдары тууралуу кеп кылган элек. Теманы улай үйлөнүү-үлпөт тойлордо эркектерге кандай милдет жүктөлгөнүн баяндайбыз. Айта кетчү нерсе кыргызстандыктарга таң калычтуу же болбосо бөтөнчө көрүнгөн бардык салт-санаалардын социалдык-тарыхый-маданий түшүндүрмөсүн божомолдогонго аракет кылмакчыбыз.

 

Үй-бүлө куруу эркектерге чоң жоопкерчиликти берет. Тойго эки тарап тең бирдей даярданса да, эркек тарап көбүрөөк толкунданат. Ванда өзгөчө санала турган салттардын бири эркек тарап кыздын жакын аял туугандарына, б.а. эне, эже-сиңди, жеңелери үчүн кызыл же кызгылт түс материалдан көйнөк тигип кийгизишет.

 

 

Той боло турган күнү эркектин туугандары кыздын жакындары менен жолугуп, тамактанган соң, күйөө баланы даярдашат. Күйөө бала бул күнү кыргыз улуттук кийимдерин кийип, жанында жан жолдоштору менен убакыт өткөрөт. Күйөө жолдоштордун максаты күйөө баланы зериктирбөө, ал үчүн ырдап, комуз чертип көңүлүн көтөрүүгө аракет кылышат. Күйөө бала кыздын үйүнө жана нике кыйыла турган үйгө жакын жерде болот. Ага улам-улам кыздын жана өзүнүн туугандары тамак алып келип коноктошот. Албетте жанында улуулардан дагы болмокчу.

 

Убакыт келип, кыздын жеңелери күйөөгө дасторкон жайып, чай берүү кезеги келгенде тууган-урук топтолуп, күйөөнү жана жолдошторун бакчага алып келишет. Кыздын жеңелери салтын жасап, дасторкон жайып, чай беришет. Бул салттын туура аткарылышын улуулардан, салт-санааны жакшы билгендерден бирөө сөзсүз багыттап турат. Бул жөрөлгө бүткөн соң күйөө бала жолдоштору менен бирге кайын-журтунун үйүнө сапар алат. Күйөө жолдоштор жолду карай ырдап барышат. Үстүлөрүнө көк же жашыл түстөгү чепкен кийип, белдерин бууп, колдоруна бир жолук сымал көк же жашыл түстөгү материалдын жартысын колуна алышып, булгалаган бойдон ырдап жөнөшөт. Бара турган жерге жеткиче ырдап барышат. Басуу темпи абдан жай болот жана эл-журт, тууган-урук алардын аркасынан жайдан ээрчип басышат.

 

 

Кайын эне, кайын атасын менен көрүшүп, колдорунан өөп, чай ичип алып, кайрадан күтүүгө кетет. Нике кыйууга жакын калганда күйөө баланы айылдын чет жагына алып барышып, кыздын туугандары кийим кийгизишет. Костюм-шым, галстук, чепкен, калпак же чалма, көз айнегине чейин жаңылашат. Бул процесс бүткөн соң баардык тууган, кошуна-колоң, тааныш-билиштер күйөө баланы куттуктап, чепкенине, жакасына акча же болбосо алтын тыйындарды тагышат. Кайрадан күйөө жолдоштордун ырынын коштоосунда чогулган калк нике кыйыла турган жерге агылышат. Жеңелер болсо күйөөнүн жана жолдошторунун аркасына туруп, алар ылдамдап бараткан сайын артка тартып турушат.

 

Күйөө баланы айылдын четине алып барып кийинткени - кыздын үйүнө алысыраак болушу керек деген маанини билдирет. Кызга бара турган жол канчалык алыс экенин билсин дешкени чыгаар. Буга кошумча катары жеңелер дагы күйөө баланы жана жолдошторунун басканын жайдатып турушат. Күйөө балдардын бардыгы көз айнек тагышат. Бул тууралуу ар кандай божомолдорум бар; биринчиден мурда Памир жайлоосунда жашаган Вандык кыргыздар адатка айланган көз айнегин тагууну улантышууда. Ачыктап кете турган нерсе, Памир жайлоосу абдан суук жана шамалдуу аба-ырайына байланыштуу көз айнек колдонууга туура келет. Экинчиден, күйөө бала кайындарынан жана элден тартынып турушу керек (тартынуу бир эле аял кишиге таандык өзгөчөлүк эмес да, туурабы?). Ошондуктан көз айнек кийип көз караштарын катууга аракет кылганы деп дагы божомолдосок болот.

 

Күйөө жолдоштор болсо көбүнчө улуу муундун өкүлдөрү. Себеби жаштар ырларды билбегендиктен, ырларды билген кишилер жолдош болууга тийиш. Ырчылардан ырлары жана маанилери тууралуу сураганымда, бала чагыбызда Памирдеги ырчылардан уккан-билгенибизди ырдайбыз. Мааниси эл-журт, тууган-туушкан, аял-күйөө тууралуу деп кыска жооп берип коюшту. Кыргызча ырдаганы менен так түшүнүү кыйын. Бул үчүн балким Вандык кыргыздардын ооз-эки маданиятын изилдегендердин эмгектеринен карап чыкса болот. Акыркы учурларда Кыраанбек деген ага комуз үйрөнүп, Кыргызстандыктардын той жана лирикалык ырларын ырдап жүрөт.

 

Нике кыйыла турган үйгө келгенде, күйөө бала келинден кийин келет. Босогого тизелеп отуруп, жеңелери менен бирге нике өкүлдөрүн күтөт. Кайрадан нике иштери бүткөн соң келинчеги менен жолугушуу убактысына чейин жолдоштору менен башка үйгө барып көңүл ачууну улантышат.

 

Келинчегинин жанына баруу убактысы жакындаганда кайрадан эл чогулуп, күйөө ырдатууга күбө болушат. Мындан кийин бир ай же кырк күн бою кыздын үйүндө жашамакчы. Бирок колунан келишинче кайындарына көрүнбөгөнгө аракет кылат. Бул да тартынуу, уялуу маселеси болуп эсептелет. Албетте азыркы күндө жаңы үйлөнгөндөр бир ай же кырк күн калышпайт. Себеби иш деген бар, ашыкча убакыт жок. Ошондуктан эң көп бир жума туруп, андан кийин келинди көчүрүп эркектин үйүнө узатышат.

 

Жаңы үйлөнгөндөр эмнеге бир айлап кыздын үйүндө кала турганына да жүйөөлүү себептер бар. Дагы деле тарыхый ата-мекени Памир жайлоосунун жашоо-шартына байланыштуу деген оюм бар. Памирде беш-он үй-бүлөдөн турган айылдарда жашаган кыргыздар башка бир айылдан келин ала турган болгондо ал жерге эки-үч күндүк, кээ бирде бир жумалык жол жүрүүгө туура келген. Ошондуктан нике жана башка жөрөлгөлөр кыздын айылында ишке ашырылган. Узун жолду кайра-кайра басып өтпөстөн баардык иштерди бүтүрүп, анан биротоло келинди алып кетишкен. Азыркы күндө Вандык кыргыздардагы бул социалдык-тарыхый көрүнүш салт катары жашап келет.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены