Тажикстанда Памирге жол ачууну суранышты

Тажикстанда Памирге жол ачууну суранышты

Тажикстандагы коомдук уюмдар тажик бийликтерине кайрылышып, Тоолуу-Бадахшан аймагына чет элдик туристтердин баруусун жөнөкөйлөштүрүү өтүнүчүн жолдошту.

 

20 ашуун коомдук уюм жана туристтик агенттиктер тараткан билдирүүдө: “Тажик жетекчилери ар дайым туризмди өнүктүрүү маселесин козгошот. Ал эми иш жүзүндө чет элдиктер Памирге барууга ураксат ала албай жатышат”, - деп жазылган. Кайрылуунун авторлору виза тоскоолдуктарына байланыштуу Тажикстандын эң жакыр Памир аймагы туристтерден түшүүчү жападан-жалгыз киреше булагынан кол жууп калууда деп белгилешкен.

 

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Би-Би-Синин орус кызматына Тоолуу-Бадахшанга барууга эч кандай чектөө жок деп түшүндүрмө берди. Тажикстандын чыгышында жайгашкан Тоолуу-Бадахшан аймагы Афганистан менен чектешкендиктен, советтик учурдан бери өзгөчө виза режими иштейт. СССР ыдырагандан кийин тажик атуулдарына виза режими жоюлган, бирок чет элдик атуулдар атайын уруксат алууга милдеттүү.

 

Tadj Pamir jol ajuu2Коомдук уюмдар Тажикстандагы айрым мекемемелер Памирге виза берүү процедурасын жасалма түрдө татаалдаштырып алган деп эсептешет. Алардын айтымында, мунун артында кайсы бир тараптардын кошумча киреше табуу ниети катылып жаткан болушу ыктымал. Кайрылуу Тажикстандын Тышкы иштер, Ички тиштер министрлиги жана коррупцияга каршы агенттигине жолдонгон.

 

Тоолуу-Бадахшан аймагына жылына жүздөгөн чет элдик туристтер келип, болжолу менен 150 миң доллардай акча таштап кетишет. Бул Памирдин көптөгөн жашоочулары үчүн жападан-жалгыз киреше булагы болушу ыктымал. “Дүйнөнүн төбөсү” атыккан Памир аймагы туристтерди кооз жаратылышы жана көптөгөн кылымдар бою сакталып калган этно-маданияты менен тартат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены