Кат таштап кетчи көңүлгө Чокуда мөңгү кар калбай, Чогулуп үрккөн аркардай. Куу дүйнө ушул турбайбы, Кумары ичтен таркалбай. Белесте аппак кар калбай, Бекинип качкан аркардай. Жүз жылдар деле аз тура, Жүрөктөн сүйүү таркалбай. Ай өпкөн бийик сеңирде, Адамзат тойбос өмүргө. Кабаттап чийбей кагазга , Кат таштап кетчи көңүлгө. Булуң - Көл Кимдер билсе Булуң-Көлдүн балыгын, Кимдер көрсө Чырак-Таштын жарыгын. Алар жашап алтын доор бар чакта, Алар ашкан кылымдардын жарымын. Кимдер кечсе Кең-Шибердин тулаңын, Кимдер ичсе Бахпур-Ата булагын. Жылгалардан жылдар узап кетсе да, Алар эстейт туулуп өскөн турагын. Кимдер сүйсө Кара-Көлдүн толкунун, Ким эшитсе кара шамал шоокумун. Алыстарга аалам кезип кетсе да, Алар билет ата-журттун ой кырын. Ким байласа атка чылбыр арканын, Ким ойлосо аскалардын аркарын. Алар үчүн бул дүйнөдө эң кымбат, Алыстагы жашап турган калкы анын. Ким арнаса кайберенге ырларын, Кимдер айтса асыл жерге сырларын. Алар анда түбөлүккө унутпайт, Ата конуш асман чоку Мургабын. Памир Памир тоолор керилишип чалкыган, Асманында ак жылдызы жаркыган. Мени коштой узак учса булуттар, Мен тоолорго магниттей тартылам. Өчпө, өлбө аруу дүйнөм ар-дайым, Аркары ак ашуудагы кардайым. Сенден алган жаштык күндүн ичинде, Сага арналган жакшы ырларым бар дайым. Аскалардын океаны менмин дейт, Ак чыныда Сарез көлү мелмилдейт. Кучагыңдан кулжа аркар көрбөсөм, Колумдагы комуз шаңдуу чертилбейт. Ааламдагы бир көрүнгөн жарыгым, Асыл ойдун ээледиң жарымын. Көз алдымдан кетпей калган түбөлүк, Ак-Суу дайра анда сүзгөн балыгың. Жел ойногон аскалардын шамалы, Мени ойноткон апама окшойт жамалы. Мунар болуп Мургап калдың каректе, Сан миң жолдор сапар тарткан тарабы. Сагынгандай жигит эңсеп сүйгөнүн, Санаамдасың чокулары дүйнөнүн. Асманыңда жылдыздарды көп көрдүм, Жалын оттой жарык шоола күйгөнүн. Кучак жайган аскалары асманга ! Салам сага сан миң жылдык Памирим ! Алкынган дайрам Алкынган дайрам шар эле, Ал кезде чачтар кара эле. Биликтей жанган шооласы, Бийикте үйүм бар эле. Салкын жел ойноп шок эле, Саамайда бубак жок эле. Ак чоку бийик тоолордо, Алоолоп жаштык чок эле. Кең төрүм гүлдүү сай эле, Керилген журтум шай эле. Жоогазын өсүп жайнаган, Жомоктой дүйнөм бай эле. Түнөгүм жарык кең эле, Түндүгүм айга тең эле. Жылганын мөлтүр суулары, Жыргатып жанга дем эле. Мелжиген аппак тоолорду, Мен,. Унутпай койдум деги эле. Балалык кезди эскерүү Топоз айдап талаасында"Тасманын", Тээ бала кез жарык эле асманым. Кыр-кырларга кызыгышып көз сала, Кийиктердин көрөр элем басканын. Суу жээктери издик жааган кар эле, Станцияда Султан агам бар эле. "Токтомуштун" толкун урган дайрасы, Токтолбостон толуп акчу шар эле. Кыштоодогу кошунанын короосу, Кыйма жолдон өтөөр эле жолоочу. Карегимде дале турат калдайып, "Кош-Дөңдөгү" койчулардын молосу. Мунарыктай чаң жолдорго жашына, "Мургап" жакка күндө өтчү машина. Кечинде атам радио укчу тажабай, Керегенин илип коюп башына. Өчпөй калган сезимдерде эстелик, Өткөнүмдү барактаймын эскерип. Куш уядай куттуу үйдө жатчу эле, Топозчулар түнөгүнө кеч келип. |
Бадахшан сулуулары Кызыл бир жыттуу чайың бар, Кызыгып басар жайың бар. Жылдыздар коштоп жылт эткен, Жымыңдап жанган айың бар. Дайныңды уксам көп ирет, Дарбаза итим көп үрөт. Кабарың уксам көп ирет, Каалга итим көп үрөт. Тоолордун аккан дайрасы, Толкунун уруп көбүрөт. Мис табак алдым Гысардан, Күз күнүм батып кызарган. Сапарлаш өткөн өмүрдүн, Саналбай учу узарган. Жез чыгырык тоголуу, Жерибиз бийик жогору. Ак чыгырык тоголуу, Айлыбыз бийик жогору. Катмарлап өсөт эрмендер, Кашкардан өтөт кербендер. Буралып өсөт эрмендер, Букардан өтөт кербендер. Суйкайып күлгөн ууртуңдан, Сулуулар чыккан журтумдан. Серпилип күлгөн ууртуңдан, Селкилер чыккан журтумдан. Бадакшан аска булагы, Байырлайт тоонун улары. "Эндик-гүл"жыты аңкыган, Эрмегим тоонун мунары. Кайыптан бүткөн шамсыңар, Кайберен сындуу жансыңар. Жүгүрүп каным турганда, Жүрөктө дайым барсыңар. Санаты ашык кыздардын, Саймасы көркөм уздардын. Сездирбейт бороон чапкынды. Селкиси тоолуу муз кардын. Тээ узак дүйнө төрүндөй, Тереңи Сарез көлүндөй. Биликтей жанат бийикте, Көрүнүп кээде көрүнбөй. Кайберен түнөк үйүмө, Кайрыктар келет сүйүүмө. Бурулуп тиктей өткөндү, Булутту өптүм сүйүнө. Ильяз Жүк кылып бир санааны жаратасың, Жүрөктү жарым тилип канатасың. Ак-карлуу бийик-чоку, ашуу белде, Памирге бакыт издеп баратасың. Максаттар канат болуп дилиңдеги, Тилегиң кайталанып тилиңдеги. Көрүнбөйт көзү оттой жароокер кыз, Илеби чоктой сулуу "ЗиЛ"иңдеги. Ай талаа шерик болуп адашканга, Алайдан ары узап Бадахшанга. Талпынып таш жолдордо баратасың, Нуркапка жетейин деп таң атканга. Эш тутуп аскаларды кара-нардай, Эскерип өткөн күндү карай албай. Күүлөнүп баратасың Күн-Электе, Күмүш түс чачтарыңды тарай албай. Дүйнөнү көз алдына эч илбестен , Түймөгү көп ойлордун чечилбестен. Ильяз илкий баскан жаралуудай, Сүйүүнү кетип жатты кечирбестен. Аны эми алдыдагы түндөр күтөт, Алыскы Памир жолдо күндөр күтөт. Жарышып тосуп алар жакыны жок, Аттиң ээх, айдоочуну кимдер күтөт. Чачылып түнкү асфальтка жарыктары, Жазылып жаңы күндүн тарыхтары. Көңүлгө өнүп жатты үрөн болуп, Үзүлгөн үмүттөрдүн калдыктары. Ак карлуу кышы кеткен бак-дарактай, Ачылат эртең күндөн ак барактар. Ильяз изин көрдү доорлордун, Тоолордун чокусуна алпараткан. Байланып ой кыялды жаратасың, Памирге бакыт издеп баратасың. Сары-Кол өрөөнүнөн чыккан Ашуусунда аркарлары жай ашкан, Сүртүмдөрү сүрөтүңдө кай аскаң. Сагындырган элестерди тартасың, Сары-Колдун художниги Баястан. Картинада топоз, боз үй, кийиктер, Кайберендер, мөңгү суулар бийиктер. Буурул тарткан чоң-энемдин чачындай, Булут учат буулукканда тийип жел. Тарт Баястан, кең Ак-Суунун жайыгын, Чокудагы Сарез көлдүн кайыгын. Ак калпакчан кол ойноткон комузда, Памириңдин пейли кенен шайырын. Азиянын төбөсүндө түнөгүң, Алп тоолордой бийик үмүт тилегиң. Өзүң тарткан картинадай керемет, Өмүр жолдо жашоо сүр деп тиледим. Мейкиндикте алп тоолорду камтыган ! Мен өзүңдүн кыл калемиң билемин ! |
Акын Өскөнбай Бердибаев
"Поэзия ордосу" көркөм адабий
коомдук брикмесинин мүчөсү