Памир тоолорунун арасындагы кыргыздардын жашоосунун негизги бөлүгүнүн бири мал чарбачылык, экинчиси мергенчилик болгон.
Памир өрөөнүн илгерки аталышы Сары-Кол деп аталып келген. Сары-Колдук кыргыздар аркар-кулжаларга , эчки-текелерге мергенчилик кылып алардын этин төрт мезгил бою тамак-ашка колдонуп келген, Памир кыргыздарында аркар кулжаны ак кийиктер, ал эми эчки текени кызыл кийиктер деп атап келишкен.
Андан тышкары тоо арасындагы жапайы жырткыч жаныбарларга да мергенчилик кылып алардын тээрилерин Кашкарга сатышып ал жактан аштыкка ( күрүч, буудай жана башка дан азыктарына) алмашып келип турушкан. Канаттууларга да аңчылык кылган бирок буларга аңчылык кылуунын негизги зарылдыгы төмөнүрөөк болгон, Памир тоолорунун аралай аккан дарыя сууларда жана көлдөрдө балык көп болгон бирок жергиликтүүлөр балыкты анчейин тамак ашка колдонушпайт. Айрыкча аркар кулжа менен эчки текенин эттерин көп колдонушкан. Аркар кулжанын эти жумшак жана даамдуу болгондуктан Памир кыргыздары аны экинчи нан деп аташкан.
Мергенчилик кылуунун айла амалдары бир канча бөлүккө бөлүнөт , мисалы: мылтык менен атып алуу, капкан койуу, тузак койуу, топо тузак койуу, кеп тузак койуу .ж.б.у.с. Памир кыргыздары мергенчиликте өңүттөп атуу (жашырынып көрүнбөй жетип аңдып атуу) жана ит коюп (ит агытып) атуу ыкмаларын колдонушкан.
Өңүт ыкмасы менен атууда шамалдын багытын кийиктер тарапка урбай турган багытта барып атуу( жыт оңгоруп атуу ыкмасы) колдонулган, экинчи ыкмасы, айдама иттерге айдаптып келип жакындан атуу ыкмасы, анан дагы бири ит менен ташка салуу( аскага камоо) ушундай түрдүү ыкмалар менен кийиктерди атышкан.
Кийиктер жыт сезүүсү өтө жогору болгондуктан шамал аркылуу адамдын алыстан жытын сезип алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ ошого жыттын багытын оңгоруп барышкан. Мергенчиликке колдонулган иттер эки түргө бөлүнүп "Айдама" жана "Алман"деп аталган айдама ак кийиктерди айдап келсе , алман кызыл кийиктерди аска таштарга ( турукка) камап берген.
Ал эми коёнго топо тузак коюшкан, коёндун ийинине топо тузак коюшуп кармап алышкан, ал эми кундуз менен суусарды дарыя көлдөрдүн жээгине жыгачтан кеп жасап( тегерек куту сыяктуу) кеп жасап ичине балык салышкан, кундуз жана суусарлар балык жегени келип кепке (жыгач идишке ) киргенде анын оозу (капкагы) жабылып калган.
Жергиликтүү мергенчилер кийиктердин эттерин айылга бөлүп беришкен, бир мерген бир айылды ( он, он-беш түтүн) , эт менен камсыз кылып турушкан. Ал эми аң тээрилерди ийлеп Кашкарга сатып турушкан. Памир тоо арасындагы суусар,кундуз, карышкыр , илбирс, суур, кашкулак, чөө, сүлөөсүн жана башка жаныбарлардын тээрилери көлөмү чоң жана сапаттуу болуп бааланган.
Памир кыргыздарынын каада салтында мергенчиликке байланыштуу бир канча элементтер бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган, мисалы : шыралга айтуу, сан берүү, эт таратуу, көөдөн (гөөдан салып казанга) айылды конокко чакыруу ж.б.у.с.
Ал эми эл ичинде мергенчиликке байланыштуу көптөгөн элдик ырлар, дастандар, жомоктор, уламыштар, кошоктор, бийлер, жаңылмачтар, табышмактар .ж.б.у.с сакталып калган.
Памирдеги мергенчилик жашоосунда капкандардан жана тузактардан тышкары, дүрт этме деп аталган милтелүү (кара мылтык) колдонулган. Анын ок даарысын Кытайдан, Оогандан алып келип турушкан жана жергиликтүү күкүрт кенинен чыккан " Сары күкүрт" затынан майга ийлеп атайын жасап колдонушкан.
Памир тоолорунун арасындагы кыргыздарда мергенчилик өнөрүн жакшы билген адамдар өтө кадыр барктуу болуп эсептелинген. Алар ар дайым элдин сыйлуу адамдары болгон.
Памир тоолорунун арасында жашаган кыргыздарда мергенчиликке байланыштуу көптөгөн тамак-аштардын аталыштары да болгон, мисалы: мерген бижи, таш- кебек, бүтөө-сан, кара шорпо, кара-куурма, хам-боор, сыйрым, гөш-толто ж.б.у.с.
Памир кыргыздарында мергенчилик өнөрү бар адам каза болсо ага атайын мергенчилик жөнүндө кошулуп кошок айтылган. Ал эми наристелер төрөлгөндө мергенчи жигит болсун деп ырымдап аны мылтыктын үстүнөн өткөрүшкөн жана (мүшөк)сүт тиш чыкканда алдына мылтык коюшуп ырымдашкан.
Памир тоолорунун арасында жашаган кыргыздар аба-ырайын келер кыштын кандай болорун аркар-кулжалар жана эчки текелердин күзүндө төмөн карай жайытка эрте же кеч түшүүсүнөн алдын ала биле алышкан.Себеби кар көп түшүп катуу жут болор жылы кайберендер эрте күздө тоо этектеп түзөңгө түшүп алышкан.
Аксакалдар уул балдарга бата бергенде мергенчиликке байланыштуу каалоо тилектерди айтып бата беришкен жана кийик атып келген жаш мергенчилерге да чоң мергенчи бол деп алакан жайып бата берип келишкен.
" Атканың субай болсун",
Жатканың кумай болсун "- деп бата беришкен.
Жер шартын жакшы билишкен Памир тоолорунун арасында жашаган кыргыздар ак кийиктердин жана кызыл кийиктердин төл (туут) мезгилинде атышкан эмес жана куут мезгилинде атышкан эмес. Төл мезгилинде көбүнчө эркек эки жаштан жогору кийиктерди атууга аракет кылышкан.
Кулжа жана теке жүгүргөн ( куут мезгили) учурду "Кулжа бурак", жана Теке бурак" деп аташкан. Кулжа бурак жана теке бурак мезгилинде күн бүркөлүп аба-ырайы кескин өзгөргөн.
Мындан тышкары мылтык кырсыкты деген да ырым жырым болгон , мергенчинин мылтыгы кырсыгып калса аны, "кан качты " болуптур деп айтып мылтыкты көрүстөнгө алып барып үч күн ташташкан, же жыландын посу ( тээриси) менен мылтыктын сайын , сүмбө менен май кошуп тазалшкан, алар ар дайым ысырык же арча түтөтүп мылтыктарды аластап турушкан, жергиликтүү эл мылтыктарды касиеттүү буюм катары баалашып аны жерге таштаган эмес жана эч качан аттап өтчү эмес, мылтыкты ар дайым өйдө бийик жана таза жерге сакташкан. Мергенчилер кышка жакын күз айларынын аяк ченинде кийиктерди көбүрөөк атып кышка азык катары сактоого аракет кылышкан.
Алар мергенчиликке колдонгон иттерди жаңы төрөлгөндө кайберендин боору, бүркүттүн өтү, ж.б.у.с менен ооздандырышкан.
Памирдеги кыргыздарда наристе төрөлгөндө аларга чоң мергенчилердин аттарын ыйгарышкан, жана алар наристе балдарды айылды баккан чоң мерген болуп чыксын деп тилек айтышкан. Памир кыргыздарынын жашоосунундагы каада-салттары, жашоо турмушу, ырым-жырымдары , элдик оозеки чыгармалары , ж.б.у.с баардыгында мергенчиликке тиешелүү көөнөрбөс нукура көрөңгөлөр камтылып жашоо образында чоң ролду ээлеп келген.
Өскөнбай Бердибаев
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены