Паспорт алган күндүн эртеси каза болгон келин: Погончон айым Анара Айтиева унутпаган окуя (сүрөт)

Паспорт алган күндүн эртеси каза болгон келин: Погончон айым Анара Айтиева унутпаган окуя (сүрөт)

Чүй облусунун Панфилов районундагы жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын аймактык тескөөчүсү, милициянын улук лейтенанты Анара Айтиева 16 жылдан бери милиция кесибин аркалап келет. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.


Ал Тажикистан Республикасынын Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусунун Мургаб районунда 1984-жылдын 24-март күнү жарыкка келген.


«Жолдошум экөөбүздүн 2 уул, 1 кызыбыз бар. Улуу балам Нуржигит 13 жашта. Кара-Балта шаарынын №5 орто мектебинде билим алат. Ошондой эле футбол менен машыгат. Андан кийинки балам Нурсейит 9 жашта, аталган мектептин 3-класстын окуучусу. Ал сүрөт тартканды жана жаныбарларды жакшы көрөт. Ал эми үйдүн эркеси, атасынын кызы Даткайым 5 жашта бала бакчага барат жана гимнастика менен машыгат», - деди ал.


Ал 2001 -жылы Новониколаевка айылынын орто мектебин буткен соң, Бишкек шаарындагы И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде билим алган.


«Окууну ийгиликтүү аяктаган соң бир компанияда оператор болуп иштеп жүрдүм. Атам Баястан Улжачиев мага ар дайым үлгү болчу. Өмүр бою тергөөчү болуп, милиция кызматында иштеди. Эртең менен чыкыйып, формасын кийип жумушка кеткенин көрүп, мен да милиция болом деп кыялданчумун. Бирок атам «Милиция кыз балага аябай оор» деп көңүлдөнчү эмес. Бирок мен атама бир таарынып, бир жакшы сүйлөп жүрүп, акыры макулдугун алдым. Анан 2008- жылдын 1-декабрында Биринчи май райондук күзөт бөлүмүндө милиционер болуп эмгектенип баштадым.


Ошентип бул кесипти тандаганыма мага эң биринчиден атам түрткү берген. Өзүм дагы жаш балдар менен иштегенди аябай жакшы көрчүмүн. Айрыкча оор турмушка кабылган үй-бүлөлөргө жардам берүү, аларга укуктук жардам көрсөтүү, моралдык жактан кам көрүү баа жеткис эмгек деп ойлойм.


2010-жылы өзүмдүн кесиптешим Азамат Кедейматов аттуу жигит менен үй-бүлө курууну чечип, турмушка чыктым», - деди Анара Айтиева.


Каарманыбыз күзөт кызматында 2016-жылга чейин кызмат кылып, андан соң Жайыл РИИБдин убактылуу кармоо изоляторуна которулганын айтат.


«2018-жылы Э. Алиев атындагы ИИМ академиясына сырттан окуу факультетине тапшырып, ошол эле жылы Панфилов РИИБге МТТ (маалымат талдоо тобуна) улук инспектор болуп дайындалдым. 2020-жылы ушул эле бөлүмдөн жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспектору болуп иштеп баштадым. Үзүрлүү эмгектин арты менен кенже сержанттан баштап ага лейтенантка чейин наамым көтөрүлдү.


Искусствого абдан кызыгам. Балдарым менен эс алууга чыгып, табигатка суктанганды жакшы көрөм. Жаратылышка ыйык мамиле жасап, аны сактоону балдарыма үйрөтөм. Келечекте туризм тармагында саякатчылар менен иштегим келет», - деди ал.

 

pasport-algan-k-nd-n-ertesi-kaza-bolgon-kelin-pogonchon-aiym-anara-aitieva-unutpagan-okuia 2 pasport-algan-k-nd-n-ertesi-kaza-bolgon-kelin-pogonchon-aiym-anara-aitieva-unutpagan-okuia 3 pasport-algan-k-nd-n-ertesi-kaza-bolgon-kelin-pogonchon-aiym-anara-aitieva-unutpagan-okuia 4

 

Ал кызмат учурундагы эсте калган кызыктуу окуяларынан бөлүштү.


«16 жыл иштеп жүрүп кыргыз макалдары бекеринен чыкпаганын билдим. Азыр кээде болуп өткөн окуяларга саресеп салып, анализдеп отуруп, макалдардын дал келгенин байкайм. Мисалы «Бешиктеги баланын бек болорун ким билет» деген сонун макалыбыз бар. Биздин жумушта ар кандай учурлар бар. Мигрант же аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн чыккан балдар бирөөнүн үйүндө кандайдыр бир деңгээлде мусаапыр болуп калат. Бирок алардын көбү намыскөй, кайраттуу, тың болууга бышат экен. Бири-бирине күйүмдүү, камкордуу болушат. Мындайлардын 20-30 пайыз ата-энеси ууру же ичип кеткендер болот. Алар кийин ийгиликтүү бизнесмен, чыныгы адис, атактуу инсан болушу мүмкүн.


Бир окуя эсимден кетпейт. Бир аял спирт ичимдигин жакшы көрчү. Ал бизде аз камсыз үй-бүлө катары каттоодо турар эле. Анан ар ким менен жашай берчү экен. Бир дагы баласынын документи жок болчу. Биз 2 ай чуркап, өзүнө жана балдарына документ алып берип, мектеп курактагыларын мектепке киргизгенбиз. Өзү болсо паспорт алган күндүн эртеси оорудан каза болуп калды. Ага чейин буту гангрена болуп жүргөн эле. Балдарын интернатка жайгаштырдык. Мындай учурда абдан жүрөк ооруп, жаның кейит», - деди ал.


«Датка айым», «Азамат» 3-даражадагы, «Милициянын отличниги» деген орден, медалдардын жана көптөгөн ардак грамоталардын ээси.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены