Этникалык кыргыздар

Сары-кол түрдүү оюндары

Сары-кол түрдүү оюндары

Памирдик кыргыздарда ойнолуучу ар түрдүү оюндар жөнүндө ушул убакка чейин эч кандай изилдөөлөр, илимий пикирлер айтыла элек. Бар болгону 1966 - жылы чыккан "Памирдик-каратегиндик кыргыздарда" деген эмгекте гана жалпы жонунан айтылып кеткен. Башкача айтканда, памирдик жана каратегиндик кыргыздардын ойногон ар түрдүү оюндары бири биринен айырмаланбай аралаш берилип, айрым оюндардын ойнолуу жолдору так эмес көрсөтүлгөн С.А. Мысалы: Ордо, Гэн, Берү…

Ашык атмай

Ашык атмай

Ашык атмай (ордо) ойуну Сары-кол элинин бирден бир ата-бабадан калган мурасы. Ал ойунсуз Сарыколчулар жашоодун кызыкчылыгына канаатанбайт. Айылдарда жок дегенде күнүно 2-3 төн ашык ойуну ойнолуп турат. Памир тоо койнунда чоңойгон элеттик балдар эс тартканы ушул оюндун кумар таасиринде эрезеге жеттик. Памир суугуда, кыштын ызгаарында денеге суук өтүп, калтырап-титиресек да ашыктан кетпей, кечинде ата-энебиздин урушкандары, аарыганыбыз, тонгон буттар, колдун…

Кыргыз топозунун этин арабдар экспортко сурады

Кыргыз топозунун этин арабдар экспортко сурады

Кыргызстандагы бийик тоо арасында топоз өстүргөн фермерлер үчүн топоз этин бай араб өлкөлөрүнүн бирине экспорттоого жол ачылып жатканын Би-Би-Сиге “Кыргыз топозу” ассоциациясынын жетекчиси Рыспек Абдрасулов билдирди. "Катардан делегация келип, айыл чарба продукциясын, анын ичинде эт сатып алуу жөнүндө сүйлошүп кетишти. Алар бизге ушул жерде эт өндүрүүгө бардык шартты түзүп берели деп айтышты. Лаборатория, комбинат-цех куруп берели дешти. Керек болсо…

Рахмон тажиктерге тарыхты үйрөтөт

Рахмон тажиктерге тарыхты үйрөтөт

Тажикстанда билим берүү мекемелерине президент Эмомали Рахмондун “Тажиктер тарыхтын таризинде” аттуу китебин окуу сунушталды. Мындай буйрукту өлкөнүн Билим берүү министрлиги чыгарды. Буга чейин Борбор Азияда Өзбекстан менен Түркмөнстанда президенттер жазган китептер мектеп программасына киргизилип, милдеттүү түрдө окутулчу. Президент Эмомали Рахмондун “Тажиктер тарыхтын таризинде” аттуу китебин өлкөнүн мектептеринде жана орто окуу жайларында окутууну Тажикстандын Билим берүү жана илим министрлиги…

Элимдин көрөңгөсү: Сарыколдук жалгыз сайт

Элимдин көрөңгөсү: Сарыколдук жалгыз сайт

"Азаттыктан" коңшу мамлекеттердеги кыргыздарга арналган "Элимдин көрөңгөсү" түрмөгүнүн кезектеги санын сунуштайбыз. Бул ирет Тажикстандын Мургаб районуна жана жалпы эле этникалык кыргыздарга арналган Сары-Кол сайтынын негиздөөчүсү Абдижамил Примбердиев менен маектештик. Кыргызстанда "Сары-Кол" деген сайтты көпчүлүк биле бербейт, себеби ал тажикстандык, негизинен мургабдык кыргыздарга арналган. Анткен менен коңшу өлкөлөрдө отурукташкан кыргыздар үчүн анын мааниси баа жеткис. Анткени ошол эле Тажикстандын Жерге-Талындагы…

Унутулган курма чай...

Унутулган курма чай...

2004- жыл... Журналистик иш менен Тажикстандын Жерге- Тал районундагы кыргыз боордошторго барып кайткан элем. Беш күндүк сапар аралыгында кызыктуу окуяларга күбө болуп, көп кызык адамдардын үйүнөн ырыскы буюрган. Кызыгы, асманында «Тажикстан» деп жазылып турган ал аймактын эли кыргыз тилин мыкты сактап калганы менен кыргыз элине тиешелүү көп баалуулуктарды кармана албай калдык деп кейигени эсимде. Көп суроо, көп маек…

Страница 90 из 127