Ашык атмай (ордо) ойуну Сары-кол элинин бирден бир ата-бабадан калган мурасы. Ал ойунсуз Сарыколчулар жашоодун кызыкчылыгына канаатанбайт. Айылдарда жок дегенде күнүно 2-3 төн ашык ойуну ойнолуп турат.
Памир тоо койнунда чоңойгон элеттик балдар эс тартканы ушул оюндун кумар таасиринде эрезеге жеттик. Памир суугуда, кыштын ызгаарында денеге суук өтүп, калтырап-титиресек да ашыктан кетпей, кечинде ата-энебиздин урушкандары, аарыганыбыз, тонгон буттар, колдун сыздаганы…
Бирок, мага ашыктан өткөн керемет оюн жоктой сезилчү. Айылдан алыс кеткениме далай жыл болсо да, ашыксыз жашай албайм. Ушул күндө айрыкча кыш айларында ашык ойуну күч алып ойнолууда. Той болсо, той ээлери ордого бирден топоз берип мелдештирип ойнотот.
Эми мен айтып кетер элем Манас атанын убагында ойнолгон ашык ойунунун эрежелери азырда Сарыколдо сакталууда. Мен ааламга жар салып айтарым, ашык ойунун таза, накта эрежеси Мургаб районунда гана сакталып, элим ошол эреже менен ушул күндөрдө ашык атып турушат.
Эми сиздерди кыскача Сары-кол ашык атуу оюн эрежелери менен тааныштырып кетейин. Бизде Сарыколдо ашык атмай делинет. Ашык ойунунда өзүнүн эрежеси өтө зор мааниге ээ болот.
- Он адамдан болуп экиге бөлүнүп, оюн башталганда ат өкчөйт. Өкчөп атканда кыйкырык салып, ана келди биздин ат, жок биздики дешип бириден бири аласалып аттын конушун күтөттөр. Кимдин ашыгы консо, ошолор баш атышат.
- 3 төн, ар бир адам башына ашык салат. Эгерде ордого "паттаны" жакшы берсе. Патта дегени, ордого бир мал берсе, масалан топоз же кой.
- Анан ар бир ойунда чертмек, тоорумай, ичке, хан атмай, хан көрсөтмөй эрежелери бар. Аларды так аткаруу керек. Эгерде жанылса күйөт.
- Адегенде атып ордону жайса, ханды көрсөтөт, хан жашынуу жерде болуш керек, ошол тараптан ханды көрсөтүп ордонун чыйынынан узунунан сызып койот. Ошол жерден таманын койуп анан атат, эгер туура эмес бутун койсо, хан ордуга деп кайра ордуна чыккан ашыктарды койот. Ашык азайып 5,6 ашык калса хандын ашыгы деп башка жактан аттырбайт. Хандын жанында 3,4,5 см аралыктагы ханды коргоочу аскерлери болуп саналат.
- Чертмекти бутту көтөрбөй, узөнгүлөй бас деп анан черттирет, чертип ичкеге түшсө, он тизени жерге койуп, сол бутту жайып жиберип анан чертет, чертип атканда сол буттун таманы жерге тийиш керек. кичине кылт этсе күйөт. Чертмекти жерге томпойду сүрбөй даана так чертиш керек, томпой жерге сүрүлүп же колдон түшүп кетседа күйөт.
- Негизи бука малдын томпойу менен ашыкты атат, себеби ал салмактууда, анан чон да болот. Анан ордодо кайсыл жак көп ашык алса, ашыгы аз адамдардан кыйылат, дегеним кыскартылат, ойундан четтетилет. Масалан 60 ашыктан экинчи жакта 10 ашык калса анда "чөкө" ойун салынат ар бир адамга бирден ашык. Адегенде майда малдын ашыгы салынат, эгерде чоконго жеткизсе, анда "энке-чокон" салынат. Анда аркар-кулжанын энкесин салып атат.
---------------------------------------------------------------------------------------------------------
Баш-Гүмбөз - Кара-Балта
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены