Памирдик кыргыздарда ойнолуучу ар түрдүү оюндар жөнүндө ушул убакка чейин эч кандай изилдөөлөр, илимий пикирлер айтыла элек. Бар болгону 1966 - жылы чыккан "Памирдик-каратегиндик кыргыздарда" деген эмгекте гана жалпы жонунан айтылып кеткен.
Башкача айтканда, памирдик жана каратегиндик кыргыздардын ойногон ар түрдүү оюндары бири биринен айырмаланбай аралаш берилип, айрым оюндардын ойнолуу жолдору так эмес көрсөтүлгөн С.А. Мысалы: Ордо, Гэн, Берү короо, Дүм кэлтэк, Шамжат, Уюм тууду, Дэли таш жана башка ушулар сыяктуу оюндар.
Бирок, ошого карабастан Памирдеги кыргыздардын көпчүлүк оюн-шооктору жөнүндө айтылган баалуу эмгек катары саналат. Биз ушул эмгекке таянып, айтылбай калган оюндарды толук түрдө берүүге аракет кылдык. Кээ бир чикэлэк, чакмак таш жана башка ушул сыяктуу түрдүү оюндарды ойношуп, көңүл ачып келишкен.
Мындай оюндар, көңүл ачуулар, көбүнчө жайдын күндөрү жайлоолордо, айыл-айыл болуп башкача айтканда биринин айылына бири чакырышып уруу-уруу болуп аш - тойлордо, айттарда же өз ара ойнолгон.
Чатыра таш (чакмак таш)
Чатыра таш оюнун эки киши гана ойногон. 1-кишиде 15 таш. 2-кишиде 15 таш болгон. Ортосундагы 3 жол калат. 1-адам кечет камалып калган таштарды аркасына жүрүүгө уруксат жок. Аттап жейт. Ташы калбаганы жеңилет. Башкача айтканда бул чатыра таш оюну памирдик кыргыздардын дамкасы болгон.
Уюм тууду
Бул оюнду 2 адам ойнойт. Оюндун башталышында 6 адам чункур казат. Ар бир чункурда 5 тен 30 коргол салынат. Ошондо зкөөнүн 60 корголу болот. 1-оюнчу 1-чункурдан 5 коргоолду алат да, 2 -чункурдан баштап сала баштайт. Корголу кайсы чункурда түгөнсө ошол чункурдан кийинкисинен корголду алып, тегеретип таштай берет. 1- ойногон чункурда коргол түшөт. 2-тегереткенде эки коргол болот. Корголду таштап жаткан киши алат. Ошентип отуруп ким корголдун бардыгын утуп алса, ошол жеңишке ээ болот.
Дэли таш
3 метр аралыкта 2 чункур казылган 1 -чункурунда бир адам, 2 - чункурунда бир адам болуп, эки адам ойногон. Алар бири-биринин чункурларына кезек менен таш ташташкан. Кимиси биринчи, чункурга ташты түшүрсө, ошол утуп алган.
Бэйлэн- Бэйлэн
Көп бала ойночу оюндун бир түрү. Бардык балдар кол кармашып, тизилип турушат. Катардын башындагы бала менен 2-баланын ортосунан катардын эң аягындагы бала өтүп жатканда бардыгы "Бэйлэн- Бэйлэн" деп кыйкырып турушат. Өткөн баланын колу алмашып байланып калат. Ошондо оюн башкарган бала же кыз, катардын башындагы баладан ким үчүн байланыптыр? - деп сурайт. Ал бала же кыз «Калың төшөк үчүн кара каш күйөө үчүн байланыптыр” – деп жооп берет. Ошентип бардыры байлангандан кийин, аларга ар түрдүү жаза колдонулат.
Катар
Бул оюнду эки киши ойнойт. Катар оюнунда 9 дан 18 ташы болот да, аларды 3 төн 6 ачык жолго карай жүрүшөт. Эгер кимде-ким мурун таштарды камап алса, утуш ошонуку болот.
Томук жутуу
Бул томук жутууда ар кандай эле томукту жута бербестен, коёндун гана томугун жутат.
Томук жуткан киши:
1. Көрөгөн болсом көзүмдөн,
2. Укпаган болсом кулагымдан,
3. Чечен болсом таңдайымдан,
4. Баатыр болсом маңдайымдан,
5. Чебер болсом бармагымдан,
6. Басаган болсом таманымдан,
7. Акылдуу болсом алкымымдан
8. Карулуу болсом харымдан чык деп жутат.
Эгер ушулардын бир касиети болсо жуткан томук ошол жерден томпоюп чыгат. Томук жутуу негизинен өзүн өзү сыноо катары колдонулган.
Дүм кэлтэк
Памирдик кыргыздардын "Дүм кэлтэк" оюну башка Жерге -Талдагы кыргыздардын оюнунан башкачараак келет. Адамдар 10 дон болуп экиге бөлүнөт. Бир киши тетири карап туруп бир колун алакан, бир колун муштум кылып кол көтөрөт. Эки башчы жашыруун сүйлөшөт да кол көтөргөн кишини "ташта колунду" -дейт. Кол көтөрүп турган киши муштумун төмен таштаса, муштум жак биринин башына бири баш коюп, бир жаап жатып калат. Ошол кишилеодин санына жараша жолуктан эшип «Дүм келтекти» үстүлөрүнө таштап коюп, бир чапчан адам 5 кулач аркан менен байланат да жаткандарды коргой баштайт. Туруп жүргөн адамдар жаткан адамдардын үстүндөгү "Дүм кэлтэкти" куйрукка кэлтэк айла-амал менен алып, коргогон адам тебе албаса, тепкенче жаткандарды сабай берет. Качан гана коргоп жүргөн адам чаап качкан адамдардан бирөөлөрүн тээп калса оюндун кезеги алмашкан б. а. жаткандар чаап качкан. Бул оюн памирдик кыргыздарда чапчаңдыкка машыгуу катары ойнолуп келген.
Шамжат
Балдар эки тарапка бөлүнөт. Эки башчы сүйлөшүп болуп, “муш жана шам” кылып колун көтөрүп турган колунду ташта дейт. “Шам” жагын таштаса “жатат”. Тургандардын колунда тумак болот. Ошол тумактар менен жаткан /төрт буттап, чаап, качкан адамдарды тебүүге аракет кылган/ адамдарды чаап кача берет. Мында төрт аяктап жүргөн адамдар жерден колдорун үзбей, өздөрүнүн гана жеке башын коргоого аракет кылат. Чаап качкандардын бирөөн эле тээп кетсе, оюндун кезегин алышат. Тебе алышпаса төрт буттап жермелем жүрө беришет.
Бир муштаса, бир туштайт
Бул ойунду үйдөгү же сырттагы элге билгизбей жасайт. Бир узун таякка тонду тескери оодарып, башына тумак кийгизет. Ойной турган адам жасалма адамды жанына алып, бир жак тондун жеңинен кийип, аркы жеңинен чыгарат да элдин астына барат. Ойногон киши бир муштаса, тетири тон да бир муштайт. Ошентип бул оюн элди күлдүрүп, таң калтыруу үчүн ойнолгон.
Ооган тебиш
Эки адамдын бири күн чыгышты, экинчиси күн батышты карап чалкасынан жатьп, коюн-колтук алышат да, буттарын, он же сол жагын согончокторун тийгизип туруп күч менен шилтешет. Кимиси күчтүү болсо, ошонусу оодара тээп, жеңишке ээ болот.
Кэл мазак
Бул оюн көбүнчө аш, тойдо уюштуру. Атайын байге саят да ойундун башы "Ким кэл-таз болсо башын элге көрсөтүп, байгесин алсын" деп жар чыгарат. Таздыгына кэлдигине макул болгон киши тумагын алып башын көрсөтүп чыгып байгени алат.
Бабачардак
Чогуу ойноло турган оюндун бири. Курсагы чоң бир адамды, мурут коюп жасап, бир адамга аял кийимин кийгизип, аял кылып алат.
Берки чогуу кишилер: “Нимаңиз бар? “-дейт.
Соодагер: “Бир эшекте аялдарга осмо, бир эшекте эркектерге бой тасмам бар” деп мурутун тоолап койуп турат.
Кишилер: “Нима өнөрүңиз бар?”- дегенде
Соодагер: “Орок ором деп”- жооп берип жатканда аялын көп кишилер ала качат.
Аялынын артынан кууп, ажы бадалдардын арасынан тапканча, эшеги жоголот. Акыры аялын таап сабайт да эшегин издеп жөнөйт. Ушинтип “Бабачардак оюнунда" кишилер чон курсак соодагерди шылдындап келкелейт.
Жалган оюн
Боз үй. Бир жагына кыз-келин башка жагына жигиттер турат. Төрдө каазы отурат. Кыз жоолукту каалаган жигитине берет. Жоолукту алган жигит ырдайт. Ырдап болгондон кийин жигит менен кыз каазынын алдына келет. Каазы дара буйруйт. Жигит кыздан буйрулган дараны жоолук менен чаап алат да, кайра колуна берет. Эгер жигит ырдай албаса жигитке дара буйруйт.
Кара койум дүмпүлдөк
Адамдар экиге бөлүнөт. 1-бөлүгү тегерек аркалашып отурат да араларынан бир тандалган чапсаң адамды чыгарат. Ал 4 метр айлана сызат. Тандалган адам ошол чийинден чыгып кетпес үчүн аркан байлайт. 2-бөлүк: отурган адамдарды чабууга аракет жасайт. Коргогон киши кыйьш болсо эч кимди чаптыра койбой кармап алат. Эп чийинден тышкары жерден кармалып алса эсепке алынбайт. Бул оюнда кайсы жак көп таяк жесе жеңүлүүгө учурайт.
Оюн жүрүп жатканда коргогон адамды экинчи жак: "Ала алсан алып кал какбаш, Ала албасан ач бөрүдөй абалап туруп кал как баш"- деп шылдыңдап турат.
Котур тайлак
Накчегерди төөнун моюну кылып. Тонду тескери кийип. төөнүн кейпине келип, төөнү туурап ойнойт. Кулакка таш салмай. Бул оюнду билбеген бир киши мене мелдешег. Ойноочу адам: - Менин колумду артыма байлап койсоң кулагыма таш салып келем дейт. Билбеген киши: -Кантип эле ошондой болсун деп ишенбейт. Аны ишендирүү үчүн колун артына байлатып. карабай туруусун суранат да, барып кулагына таш салып келет. "Кулагына таш салмайды" билбеген адам чын эле таң калып, ишенбейт. Чындыгында бул оюн эң жөнөкөй аткарылат. Колун артына байлаткан адам акырын бутуна чейин колун түшүүп буттарын чыгарып алат да, эки кулагына эки таш салып, кайра колун бутунан өткөрүп алып мурунку абалына келип, кулагындагы эки ташты көрсөтөт. Мелдешкен адам утулат.
Томук берүү
Памирдик кыргыздарда томук берүү оюнуна байланыштуу "томук доолагандай доолайсын да» «томугуң өттү беде», «Сага томук харз бедем», «Жазыгдар» утулуп калуу деген сөздөр кезигет. Жогорку оюндардан тышкары «Жедирмек».
Жардыданек
Эки киши бир өрүктүн ичиндеги данекти мелдешип жейт. Оюндун шарты “э” демей же "колго бермей” болот. Эгерде мелдешкен адамдар "колго бермей” болсун деп шарт коюшса "колго бермей” болот. Мында ойногон адамдар бири бирин унуткарып туруп бир нерсени күтүүсүздөн колуна «ассалому алейкум жардыданек жешкен киши» деп кармата коет. Эгер ал киши унута элек болсо "эсимде" деп калат. Унутуп калса утулуп калат. Тиешелүү мелдешин берет, ж.б.у.с. "Хан вазир", "Чар Терек" деген оюндар бар.
Чар Терек оюнуна байланыштуу:
"Чар,чар чар Терек.
Чар теректи үзүүгө Бизден сизге ким керек? - деген саптар кезигет.
Уруп алды
Ашык оюндарынын бири «Уруп алды» оюнун 2 же андан көп кишилер, балдар ойношот. Эки адам ойногондо сака алышат да өкчөшөт. Кимисинин сакасы консо ошол чыгат. Экинчиси урат. Тийсе сакасын же саканын ордуна башка ашык алат. Тийбесе биринчи чыккан киши урат. Ушинтип «Уруп алды» кезек менен ойнолуп, биринин ашыгы «кагылганда» түгөнгөндө же каалабай калганда бүтөт. Ал эми экиге бөлүнүп ойногондо бир жак уткан ашыктарын чүкө, энке, сака ж.б. чүкөнүн эсебинде бөлүп алышат. Себеби бир энке 2 чүкөгө, 1 сака кичинекей болсо, 4 чукөгө жүргөн.
Дүм
Дүм оюнун "Уруп алды" оюну сыяктуу сака утпастан, көчүккө тепмей, 2 же андан ашык балдар ойношот. Эгерда 2 бала ойноп турган болсо, экөөндө тең бирден сака болот. Сакаларды "өк-өк" деп өкчөшөт. Адатта ашык оюнунда "чигэни», «пөчө», пөгөну “тава" таа, таваны алчы атат. Башкача айтканда алчы бардыгынан улуу болуп, "пөгөнү", “чигени" таваны ата берет. Экинчи орунда тава турат. Үчүнчү пөгө болот. Дүм оюнунда 2 же 3 таман “саканы кетирмей” деген шарт коёт. Аткан бала эки таман саканы кетирсе бир дүм салат. Оюндун акырында бардык дүмүн жыйынтыктап, куйругунан тээп алат. Дүм оюнуна байланыштуу "Канча дүм жедиң”, “дүм салды". “дүмүңдү бер”, “дүмүңдү ал" деген сөздөр бар.
Илик
Экиден жогору бир канча бала ойнойт. Иликтин “дүм" оюнунан айьрмасы сака утмай болот. Бир «илик» дегени бир «чүкө» деген түшүнүктү берет. Ойногон балдар сакаларын кичине болсо 4. зор коногоч болсо 6-8 иликке баалап ойношот. Баалаган илигине жеткенде сакасын уттурат же утат.
Хулиста
Балдар экиге бөлүнүп, дубалдын же жардын түбүнө чүкө тигип уруп ойноочу оюундун бир түрү. Бул оюнда бештен он бала болсо он чүкө тигилип, он кадам аралыктан кезек менен урушат. Кезек алууда сакаларын калчашат (өкчөшөт). Кимисиники консо ошол баш болот. Чүкөлөрдүн баш жагына тигилген чүкө “Хулиста"деп аталат да, ага саканы тийгизсе, чүкөлөрдүн бардыгын алат. Эгерде ага тийгизбей чүкөлөргө тийгизсе ошол сака тийген чүкөсүн гана алат.
Мындан башка даты ашык оюнунун көп түрлөрү бар.
"ПАМИР КЫРГЫЗДАРЫ"
2003
sary-kol.ru
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены