"Мургап коммунисти" газетасы аркылуу бийик тоолуСарыколдун эмгекчил элине Кыргызстандын жазуучуларынын атынан жалындуу саламыбызды айтуумененэмгектегиулуу бийиктикти, бакыт таалайды каалаймын. СССР жазуучулар союзунун мүчөсү Өскөн Даникеев Жакында бир тууган Кыргызстандын чыгармачыл тобу бийик тоолуу Сары-Кол аймагында болушуп, Чыгыш Памирдин эмгекчилери менен жолугушуп кетишти. Топтун жетекчиси Кыргызстандын көрүнүктүү прозаиги, Кыргызстан жазуучулар союзунун партия уюмунун жетекчиси "Кыздын Сыры" "Кызыл Аска" "Эне мээрими " повесттеринин…