Сарыкол (Памир) кыргыздары өзүнүн улуттук каада салтын, ордо оюнун, комузун, тилин, динин жоготбой, аздектеп аруу тутуп, сактап келе жаткан улуу эл. Ушундай улуттук маданий баалуулуктар менен бирге кыргыздардын кылымдар бою кастарлап келген боз үйүн да бүгүнкү күнгө чейин сактап, турмушта колдонуп келе жатышат. Кышында жылуу, жайнда салкын болгон боз үй бизге ата-бабаларыбыздан калган баалуу таберик.
Боз үй биздин Сарыкол (Памир) кыргыздарынын, ата-бабаларыбыэдын басып өткөн жолунун, улуу тарыхынын күбөсү болуп саналат. Биздин ата-бабалар боз үйдө төрөлүп, боз үйдө жашоо кечирип, боз үйдө өлгөн. Боз үй көчмөн кыргыздардын жашоо образын, кол өнөрчүлүгүн, маданиятын, жашоо тиричилигин жана көчмөн калктын улуу философиясын чагылдырган жандуу искусство жана улуу тарых.
Боз үй төмөнкү бөлүктөрдөн турат:
Боз үйдүн жыгачы (сөөгү): бакан, түндүк, чамгарак, уук, кереге, эшик. (босого баш, босого аяк, жан жыгач).
Жабдуулары (кийиздери): делбир, туурдук (тутуу), туш кийиз, түндүк жабуу.
Боо чуулары: жел боо, уук тизгич, уук боо, кереге чалгыч, кереге таңуу, тегирич, делбир боо, туурдук боо, эшик боо (таштамай), курчоо, кош боо.
Боз үйдүн ичи өзгөчө жасалгапанып, ашкана өзүнчө бөлүнүп, ал жерде баштык, кош жабык, аяк каптар илинет.
Сарыкол (Памир) кыргыздары астрономия илимин да мыкты өздөштүргөн, аба ырайын боолжоп билген. Мисалы, бута үч токоол, ай токоол, күн токоол, сары жылдыз токоол, сыйпыр, ай арасы, тараза жана башка ушул сыяктуу божомолдор менен жаан-чачындын качан болорун, кургакчылык же сел болорун алдын ала боолжоп билип, ошого жараша чара көргөн. Ушул сыяктуу табигаттын тилин билген илим бүгүнкү күнгө чейин Сарыколдо (Памир) сакталып, күнүмдүк турмушта колдонулуп келе жатат. Бул нерсеге мисал катары Көөнө-Коргон айылынын тургуну Жумабай Маматалиев аксакалдын тажрыйбасын берсе болот. Бул киши илгерки кыргыздын ай-күн эсептөөлөрүн беш колундай билет жана күн сайын жаратылышка , асманга сарасеп салып, күндөлүк дептерине жазып турат.
Улуу Памир тоолорунун койнундагы бир ууч кыргыз эл бул улуу журттун басып өткөн тарыхынын жана көөнөрбөс каада салтынын сактоочусу, мураскору жана табият менен адамды бириктирип турган улуу цивилизация десек жаңылбайбыз.
Бирөө сурады Мургап деген эмне? -деп Мургап деген жердин аты күнөстүү, Төрт миң метр бийиктикте гүл өсчү. Жылгаларда жүздөп жүрөт кайберен, Тоолорунда ийет мөлтүр булак суу. Нурдан бүткөн кырдын кайкы канаты, Мургап эмес Нуркап экен чын аты. Кызы шайыр жигити өрт жоо жүрөк, Жаза берсем жетпес калем санатым. Мургап бийик мурда кийин барбасаң, Мурдуң канап көтөрүлө кан басым. Күжүрмөн эл күргүштөтүп мал айдайт, Мурункудай сактап келет чарбасын. Колдо күрөк ,кышта күрөп белини, Жапа тырмак карда ачып жолуну. Капаланбай шайыр күлөт Мургаптык, Өр тартканда өчпөй жанып көңүлү. Тайгаланбай муздун жылма бетине, Мүдүрүлбөй таштак жолдун четине. Мургабдыкдар урпак улай келишет, Салтын сактап улуу кыргыз көчундө. |
Тээ илгерки аталардан асыл кеп, Туулган жердин топурагы алтын дейт. Тоону сүйүп топук алып жашашат, Мургабдыкдар ата журттан алып дем. Шүгүрчүлүк дасторкондо даамына, Канаат кылып азга көпкө баарына. Үлгү алчу мүнөзү бар меймандос, Бирдей калыс ар улуттун баарына. Таза сактап жоготпогон тилини, Аруу ыйык тутат ислам динини. Алтындан да кымбат баалайт аздектеп, Мургабдыкдар Нурдан бүткөн жерини. Канат сермейт сары түстүү көпөлөк, Учуп конуп турат күндө самолет. Санап эстеп бир аз айттым билгеним, Кызыкса эгер кимдер барып көрө элек. Мургап деген жердин аты күнөстүү, Төрт миң метр бийик жерде гүл өсчү. |
Тил жана маданият
№ 17 сентябрь айы 2021 жыл
Өскөнбай Бердибаев
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены