Мен башта бир топ адамдардан угуп бирок, али көрө элек жер Кызыл-Арт ашуусунан кийин башталды. Бул ашууга чейинки көрүп келе жаткан арчалуу көк жашаң беттер, майда гүлдүү жылга-жыбыт, деги бардык болгон жашыл аалам этегин кесип ыргыткандай кубарды да калды. .Албетте, Памир дүйнөнүн чокусу деген сөздөрдү көп уккам. Бирок, ал бийиктиктин өңү кандай, ,даамы кандай, суусу кандай экендигин эч элестетпеген экенмин.
Биз "Мургап району "деген белгиден өткөндөн кийин тим эле барчу жерибизге жетип калгандай болуп кеттик. Бирок, али алдыда кыйла жол жатыптыр.
...Бул Маркан-Суу. Башы биздин жерден башталат да чек арадан өтүп Кытай жакка агат. Бул жерди "Куюндар өрөөнү "деп да коёт. Бир кездеги кербен жол экен. Бул ортодо далай кербенчилер мингичин да, өздөрүнүн да сөөгү калган дешет",- деп тааныштырды бизге шофер туш тарабынан уйгу-туйгу тозоң чыгып жаткан коргошун өң кумдуу түздүктү.
Чындыгында эле бир өзгөчө жер экен. Төрт тарабында төрт жылга бөлүп турган төрт тоо. Ар бир тоонун өзгөчө ыраңы бар. Түштүк батыштан түндүк чыгышка карай саал кыйгачтап аккан анча чоң эмес Маркан-Суу. Түндүк тарабынан түштүк жакка кесип өткөн машина жол. Өрөөндүн ичинде шамал менен куюндардын мелдеши жүрүп жаткансып, бири батыштагы тоого урунса, бири түндүк чыгыштагы тоого бет алат, дагы бири түштүк чыгышты карай буркулдата чаң айдап жөнөп калат. Жайдыр -кыштыр ошентип турганы турган. Жездей кумсарган өрөөн жана куюн.
Маркан-Суудан кийин деле ошондой шамал артыбыздан, капталыбыздан, бет алдыбыздан тийишкенсип, эркелегесип узатып жүрүп отурду. Жер ээн. Жолдун жээги каткан чополуу же таштак. Көзүбүзгө көп урунганы ээн жердин чоктой кызыл суурлары болду. Алар чырчылдап дале болушпайт. Машинаны кээси чокчоё калып таңыркай караса. кээси сансыз ийиндердин бирине жашына калат.
Мындан ары биздин көзүбүзгө урунган жана кызыктырган Сары-Кол тоо кыркалары. Тоолордун өңү да, түзүлүшү да эң сулуу, сырдуу жана сүрдүү экен.
Таң эртең. Күн шаңкайып ачык. Шамал. Биз жайгашкан "Мургаб" мейманканасынын бет алдында жашыл жээгине маашырлана Мургап суусу мелтилдейт. Сыртка чыкканыбызда мейманканадагы кыз- келиндер бизге кичи-пейилдүүлүк менен илбериңки кайрылып: " Жакшысыздарбы, жер жээрибей жаттыңыздарбы? Бир -эки күндө көнүп каласыздар," - деп күлөбагыша, алыстан келген меймандар үчүн болгон мээрим, камкордугун билдиришти.
Биздин чыгармачыл топту партиянын Мургаб райондук комитетинин биринчи секретары жолдош Орозо Исманович Исманов кабыл алып, таанышуу маеги болду. Таанышуу учурунда жолдош Орозо Исманович райондогу чарбалар жана чарбалык иштер, мектеп жана маданий мекемелер жөнүндө жалпы тааныштырып, райондун территориясында 5 совхоз,5 айылдык Совети, 7 орто, 2 сегиз жана бир башталгыч мектеп, бир музыкалык мектеп, маданият үйү жана китепканалар иштеп жаткандыгын, кыргыз тилинде райондук газета чыгарын жана райондун калкы негизинен кыргыздар экендигин айтып өттү.
Биз партиянын райкомунун агитация жана пропаганда бөлүмүнүн башчысы Ыдырыс Шажанов, инструктору Миталип Жумабаевдер менен болгон аңгемелешүүбүздө Орозо Исмановичтин бул районду 1975-жылдан бери жетектегендигин, Тажик ССРинин Жогорку Советини депутаты экендигин билдик. Райондун борборунун жашылдандыруу иштери да Орозо Исмановичтин демилгеси менен болуп жаткандыгын билдик.
Биз Сарыколдун койнунан орун алган Мургаб району менен таанышууну "Мургаб " совхозунун Мадиян участкасынан баштадык. Барчу жерге жеткенче биздин топту коштоп жүргөн Миталип Жумабаевдин ыр, аңгеме жазууга шыктуу экендигин билдик, ошондой эле айрым аңгемелери биздин "Кыргызстан Маданияты" жумалыгынын бетинде жарык көргөндүгүн да эскерип өттүк.
Мургап суусун бойлоп батышты көздөй таштак түзөңгө түшкөн жол менен кетип бара жаттык.
Мадиянда биз совхоздун чөпчүлөрү менен жолугуштук. Бул алгачкы чыгармачылык жолугушуу эле. Далайга ыр окулуп, топтун жетекчиси прозаик Өскөн Даникеев кыргыз адабиятынын азыркы абалы жөнүндө токтолуп, суроо жооптор болуп отуруп жолугушуу далайга созулду .Айрыкча Токон Эшпаевдин концерти отургандарды кубандырып койду. Бул жолугушуу ошол участкадагы Садык аксакалдын боз үйүндө болду.
- Мындан кырк жыл мурун,- дейт Садык аке - биздин жерге Осмонкул Бөлөбалаев, Калык Акыевдер баштаган кыргыз өнөрпоздору келген. Анда мен 12-13 жаштардагы бала элем .Биз ал туугандарды ат коштоп барып Ак- Байтал ашуусунан тосуп келгенбиз. Алар бир айча жүрүп бизди өз өнөрлөрү менен куунатып кетишкен эле. Эми техниканын заманы болду, ал кезде Оштон берки жолду ат айчылык жол кылчу. Эми минтип бир күндө жетип келип отурасыздар.
Бирок, ошол Осмонкулдар келип кеткенден бери биздин Мургапка топ болуп келген меймандар сиздер болуп отурасыздар. Жылына болбосо да, жыл аралатып ушинтип келип турсаңыздар эки республиканын достугу үчүн да, биз үчүн да жакшы болор эле.
Мындай сунуштарды биз андан кийин да Сарыколдук туугандардан көп уктук. Чынында да ойлонуучу сунуштар эле алар.
Күн өткөн сайын ал жерге көзүбүз көнүп, баягы биринчи таасирлер өзгөрө баштады. Көрсө ал аймакта да өзүнө жараша өскөн өсүмдүк- чөптөрү бар экен. Биздин жердегидей тулаң чөп, алма бак болбогону менен бою 5-6 сантиметр келген суйдаң чөптөр малды тойгузат. Негизинен топоз жана кой багып эмгектенген чарбачылар. Чөптөрү күчтүү келип мал семиз. Эт жана май нык.
Бул күнү эртелеп чайлашып алган соң райондун аймагын кыдырып чыгуу үчүн камынып чыгып кеттик. Биздин ал узак жолго партиянын райкомунун агитация жана пропаганда бөлүмүнүн инструктору Миталип Жумабаев жана музыкалык мектептин директору Шайдылда Каландаров коштоп чыгышты.
Шайдылда Каландаровду биз акын Карымшак Ташбаев экөөбүз башынан тааныйт элек. Анткени ал жигит өзү жазган ырларын алып кээде Ошко келип да калчу. Ал ырдаганга, комузда кол ойнотконго да шыктуу жигит.
Райондун борборунан чыккан Ош-Хорог жолу көп узабастан бизди Аличор талаасына алып чыкты. Баягы эле боз ыраң, баягы эле жүрүшүн токтотпогон шамал коштоп баратты.
Аличорду тең жарган чоң жол менен түштүк батышка карап жүргөндө сол тараптан Найза -Таш алгач көзгө урунат. Андан соң кең талаанын ортосундагы уугун сайып, түндүгүн кое элек боз үйгө окшогон Чатыр- Таш алыстан байкалат.
Биз бул таштын турпатына кызыгып, жакын барып көрүүнү өтүндүк. Чоң жол менен Чатыр- Таштын ортосу 300 метрдей бар. Түптүз мейкин тала. Ошол Чатыр-Таштын боорунан өмүрүмдө биринчи жолу мамыры көрүп өз колум менен терип жыттадым.
Биздин көздөгөн чарбабыз ошол Аличордон жай алган СССРдин 60 жылдыгы атындагы совхоз эле .Ал союздагы бирден бир жана биринчи уюшулган асыл- тукум топоз өстүрүүчү совхоз экен. Райондогу эң алдыңкы чарба да ошол экендигин бизге алдын ала айтышкан.
Аличордо Ак-Балык, Булуң-Көл, Туз-Көл, Жашыл-Көл, сыяктуу көлдөр жайгашкан. Биз Ак-Балык көлдүн жээгине барып айланчыктай, анын өтмүшү жөнүндөгү кызык кепке кулак сала туруп калдык. Ак-Балык атына жараша сулуу көл экен. Диаметри ашып кетсе 15-20 метр келген бул көл өтө терең.
Эки тарабы баягы эле тоо кыркалары. Жээги жашыл кыртыш баскан каткалаңыраак саз. Анча алыс эмес жерде чоң суу агып жатат. Ак-Балык жөнүндөгү сөздү бизди ошол жерден тосуп чыккан Атабаев Осмон аке улантты. Ал СССРдин 60 жылдыгы атындагы совхоздун директору, арык чырай, кыймылы да, сүйлөгөнү да шамдагай, жашы элүүдөн ашкан.
Аличордун сулуусу болгон бул тырмактай көлдү алгач көргөнүмдө:
Акебай -ай ! Тим эле Ысык-Көлдөн эле бир тамчы түшө калгандай экен ! - деп таңдана түштүм. Ал көл өзү чакан болгону менен тагдыры далайды ойлондуруучу көл экен. Анткени, түбүн карасаңыз балыктын калыңдыгы көчүп жүргөн булуттун көлөкөсү түшө калгандай көрүнөт. Көлдүн жээгиндеги бир чети көлдүн суусуна, бир чети сазга маталган чоң кара таштын түбүн балык бербейт.
Бул жолку жолугушуубуз совхоздун малчылары менен болду.
Совхоздун директору Осмон Атабаев бизди Ак-Балыктан алыс эмес боз жайыкка каскатар тигилген боз үйлөргө баштап барды .Боз үйлөрдүн сырткы кырбуусундагы төтөгөлөр оймолонуп, топоздун куйруктары менен папиктелген. Ички жасалгалары кадимки колдон согулган кооз тасмалар. Бир караган кишиге бул үйлөр тойго камылга көрүлүп тигилгендей сезилет.
Ал жолугушуу аяктаган соң көп кармалбастан ошол эле совхоздун алыскы участкаларынын бири болгон Булуң-Көлгө барып токтодук. Жолугушуу клубда өттү. Булуң-Көлдө жашаган тажик туугандар, көлдүн жээгинен чөп чаап жүргөн жаштар, карыялар, байбичелер жана өспүрүмдөр болуп зал жык. Жолугушуунун аягы өзүнчө эле майрамга айланды. Бирде биз ыр окуп, Токон Эшпаев шаңдуу үнү менен ырдап кирсе, бирде залда отурган жаштардын арасынан чыккандар ырдашып, тажик, кыргыз бийлерин бийлешип көңүл куунак тарадык. Жолугушуу майрамынын аягы ошол жердеги чөпчүлөрдүн бригадири Байыш аксакалдын үйүндө уланып кетти. Байыш акеге Өскөн Даникеевдин черткен комуз күүлөрү, Токон Эшпаевдин ырлары, Карымшак Ташбаевдин салмактуу сүйлөгөн сөздөрү абдан жагып, бир сагыныч, эңсөө менен угуп отурганы өзү да сөзгө аралашып жаны жыргаганын көрүү кубаныч эле.
Биз негизинен бир тууган боордошторубуздун Мургаб районунун бардык чарбаларында ,кооз жерлеринде, көл булактарында болуп кайттык. Албетте, бири-бирине окшобогон жолугушуулар, таанышуулар болуп жатты.
Мен алгач Мадияндагы Садык акенин жана Ак-Балыкта Осмон акенин жана Булуң-Көлдөгү Байыш акенин ак өргөөлөрүнөн топоздун айранын ичип, каймак, майынан даамын таттым .
Жогоруда айтканымдай ошол учурда мага бийиктиктин даамы ошол аппак айран, сары май болуп татыды. Ал эми, ал бийиктиктин бозоргон өңү тигил боз үйлөрдү көргөндөн кийин ажары ачылып, көзгө көрүнбөй көңүл менен гана сезе турган бир жылуулукка жана экинчи кайталангыс сулуулукка айланды.
Айрыкча ал элдин кичипейилдүүлүгү, кыз -келиндеринин, уландар менен жигиттердин кичипейил, илбериңкилиги, адамгерчилиги жүрөк жылытты. Ал жердин өңүн ачып турган бирден-бир көрк ошол бийик духту алып жүргөн, өз жерин өзгөчө сүйгөн, бала тарбиялаган, эмгекке ызаат-урматка өмүрүн багыштаган ошол адамдар экендигин сездик.
Жолугушуунун эң кызыктуусу, көңүл толкуткан Кызыл-Рабат белиндеги жолдо болду. Машинанын моторун суутуу үчүн токтогон элек. Биз жай алган жер туптунук арыктын жээгиндеги жашыл өлөң экен. Артынан чаң ызгыткан борттуу машина көрүндү. Ичи толо адамдар экен. Алар биздин жаныбызга келер менен машинаны тык токтотуп көзгө илешпеген жеңилдик менен жерге ыргып-ыргып түшүштү да көптөн берки тааныштардай учурашып калышты. Алар Киров атындагы совхоздун коммунист малчылары менен чөпчүлөрү экендигин, партиялык кайра шайлоо чогулушунан келе жатышкандыгын билдик.
Жол үстүндөгү жолугушуу далайга созулду. Отургандардын өтүнүчү боюнча Өскөн Даникеев кыргыз адабияты жөнүндө кеңири сөз сүйлөп, Кармышак Ташбаев экөөбүз ырлардан окуп, Токон Эшпаев шаңдуу ырдап берди. Отурган туугандар өз ойлорун ортого салышып, кыргызча газета-журналдардын, окуучулар үчүн окуу куралдарын, көркөм адабияттын, районго өтө кеч жетерин, жетсе да аз санда экендигин айтышып, кыргыз акын жазуучуларынын өздөрү окуган чыгармалары жөнүндө биринен бири өтө кеп салышып, деги кыйла ойлорду айтышты. Мына ошондо биз барган райондун эмгекчилеринин, окуучулардын адабий китептерди жана газета журналдарды алда канча көп окуп, көп нерселерден кабардар болуп, кызыгып жашагандыгы дагы бир жолу маалим болду.
Учурашуу кандай кызыктуу болсо, коштошуу да ошондой толкунданарлык болду. "Кыргыз туугандарга салам айткыла" "Биздин өтүнүчтөрдү жөнүндө унутпаңыздар" "Тез тез келип турууга аракет кылыңыздар" "Филармониянын, театрлардын артисттери, обончулар да келип турса кандай соонун болот эле!" -деген сөздөр менен кайрадан машинага отуруп жөнөп кетишти алар.
Жогорудагы өтүнүчтөр жөн гана сыпаалык үчүн айтылган сөздөр эмес, ал коммунисттердин бизге айткан кеңеши жана наказы экендигин ар бирибиз түшүнүп турдук.
Сапарыбыздын акырында партиянын Мургаб райкомунда кабыл алуу болуп, анда райкомдун биринчи секретары Исманов Орозо Исманович узак сөз сүйлөдү. Кабыл алууда бизге айтылган өтүнүчтөр төмөнкүлөр: биринчиден, тажик ССРинин Мургаб, Жергетал райондорунун негизги калкыны кыргыздар түзөт да, өзгөчө Мургаб районундагы мектептер дээрлик (Булуң-Көлдөгү башталгыч мектеп жана райондун борборундагы Ленин атындагы аралаш орто мектепти болуп айтканда. Башталгыч тажик мектеп) кыргыз тилинде сабак өтүшөт.
Калк кыргызча газета журналдарга жазылышат жана кыргыз тилиндеги көркөм адабиятты айрыкча көп издешет. Жердин шартына жараша азырынча телевизор да бара элек. Кыргыз радиосунун берүүлөрүн көп угушат. Мектептер окуу куралдарына муктажыраак.
Калк газета журнал жана кыргызча көркөм адабияттын арбыныраак болушун самайт. Айрыкча 1980-жылдан кийин чыккан адабий китептерди биз китепканалардан жолуктура албадык .
Экинчиден, кыргыз театырларынын, филармониясынын артисттери ал райондордо эч болуп көрө элек. Бул жагы эки республика тең ойлонуучу маселе экен. Кыргызстандын басмалары, мамбаскому өздөрүнүн тематикалык планын пландаштыраарда бир тууган тажик Республикасынын Мургаб жана Жерге-Тал районундагы кыргыз калкыны да эске ала жүрүшсө дешет. Ал эми редакциялар - Кыргызстандагы редакциялар ал райондогу жаштардын талапкерлеринин арасынан чыгармачыл интеллигенциянын өсүшүнө көмөк көрсөтүшсө деп ойлошот.
Кайрадан кол кармашып көрүшкүчө кош болунуздар кымбаттуу Мургабтык туугандар !
Сиздер кандай мактоого, кандай алкышка болсо да татыйсыздар !
Кыргызстан Маданияты (31/914 1984 ж)
Алымкан Дегенбаева
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены