Сокулуктун Жаңы-Жер айылына Тажикстандан көчүп келген кыргыздар өкмөттөн жер бөлүп берүүнү талап кылууда. Алар Жаңы-Жерде 18 жылдан бери турушса да, турак-жай үчүн да, чарбалык иштери үчүн да үлүш жерине ээ боло албай жатканына даттанышат. Бул айыл округунда 34 улут өкүлдөрү түтүн булатышат. Жерге-Талдан келгендер жерге муктаж Тажикстандагы жарандык согуштан баш калкалап качкан андагы Жерге-Тал, Шаар-Туз, Мургаб жергесинин тургундары 1993-жылдан тарта…