Памирим

Памирим

Атактуу Памир «Сары-Кол» жергесинде туулуп өскөн Халил Мурзахматов өз жеринде, аттын кашкасындай таанымал адам. Айрыкча фото искусствосу боюнча, элдин жагымдуу маанайларын алып эл үчүн талыкпай эмгектенип келген. Өрнөктүү эмгектерди, ыр-макал, тарткан сүрөттөрү, эл ичинде эрикпей жыйнаган санжыра санаттары, элдик казынадан алып элге чачкан инсан. Памирим деген жыйнагында кунт коюп окуп чыкканда, өзүнчө руханий байлык алгандай канаатанасың.

 

Туулган жер үчүн толкуп чыккан жыйнак. Адабий чыгармачылыкта ар бир инсан, өз чыгармасын, чын дилинен чыккан ой пикирин терең чагылдырсам деген kniga o sary-kolмаксат коёт. Чыгармачылык өрчүгөн сайын жаңы энергия, жаңы күчтөр ой толгоолор пайда болот. Жаш кезинен журналисттик кесипти аркалап келген агай, өмүр бою жазган эмгектеринин үзүрүн көрүүдө.

 

Эл кадырын, жер кадырын чын жүрөктөн сагыныч менен «Сагындырган Сары-Кол» деген темада жазып чыккан. Поезияга болгон талант шыгы өсүп, тунук сезим менен жазган эмгектери, акынды алга карай умтулуусу эл жерге болгон махабат сагынычы, чыгармачылык чыйыр менен Опол-Тоодой өрушкө жеткен кези. Колубуздагы «Памирим» деген ырлар жыйнагы, автордун улам изденип ой тоодон кезип журуп жазган жыйнагы окурмандардын ой кыялына, жалындуу жүрөктөрүнө орун табат, жагымдуу сезим чачат деген ойдобуз. Акындын бул чыгармасын Кыргыз поезиясына кошкон жигердүү салымы деп эсептейбиз.

 

 

Эмесе: Халил агай сизди кызыр жылоологон Олуясы жоомарт Сары- Кол эл жериңиз колдогон Опол-Тоодой ооматтуу акын болуп жүрө бериңиз. Чыгармачылыгыңыз чыңалсын, окугандар кубансын.

 

Урматтуу мекендештер агайдын китебин сайттан [мынабу жерден] кочуруп алып окусаныздар болот.

 

Агайдын китебиден эки сап:


Памирим

Атактуу Памир Алайда,
Лениндин пиги заңкайган.
Чет жерден келген туристтер,
Кең Памирге таң калган.

Тоолоруң аппак кар баскан,
Тоо-ташка малы жарашкан.
Көз жеткис мунар зоосунда,
Too кушу улар сайрашкан.

Ак суунун суусу шар агат,
Сары-Колду келет аралап.
Кичинекей булактан,
Күркүрөп дайра жаралат.

Базар-Дара, Көр-Теке,
Жерлерден өтө салаалап,
Кербезин тартып Сары-Колдун,
Сарезге барып камалат.

Жайында келгин куш келет,
өрдөк, чүрөк бут келет.
Булуң -Көл менен Жашыл-Көл,
Ак куулар жатат мекендеп.

Чеш-Төбө, Памыл, Кеңшибер,
Кайберен жүргөн жер болот.
Түлкү менен коёнго,
Толуп жаткан боз колот.

Кара-Белес, Миң -Гажыр,
Ээн жаткан Чат-Токой,
Төөлөрү жүрет чубалып,
Тайлактары токтобой.

Элиме элдер суктанчу,
Эл, жерим балкып тынч алат.
Туулган жерди көргөндө,
Тамылжып бетим нур чалат.


Нуркабым

Ата журтум, ата мекен Нуркабым,
Асыл жерди ардактайын, ырдайын.
Алтын уям аккан тунук булагым,
Асыл жаштык сенден өскөн курагым.

Аркар, кулжа аска зоолуу кырларың,
Алыс жакта журсөм дагы ырдайын.
Ак калпакчан асыл элим журөктө,
Эстен кетпейт, эстен кетпейт ар дайым.

Аркыраган шамалы бар күн салкын,
Адыр кыры шаркыраган куму алтын.
Асыл жерим, асыл элим сагынам,
Тууган жердин топурагы кубатым.

Аксуу дайра мөлтурөгөн сууларың,
Өнуп-өскөн жаштык бала убагым.
От кечсем да, суу кечсем да алыста,
Ойлойм элим! Ойлойм жерим Нуркабым!

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены