Ушул жайда кытайлык кыргыздарынын ыр-күүлөрүн уксам деп умсунуп барып, бирок көксөм суубай кайттым. Автономияга ээ болгон кытайлык кыргыз азчылыгы бүгүн ачык да, тымызын да саясый чектөөлөрдүн шартында жашап жатканына көзүм жетти. Дүйнөгө Чыгыш Түркестан катары белгилүү болгон, бирок кытайча «Жаңы жер» дегенди түшүндүргөн Шинжаңдан сапар баяны.
Kaшкардагы мал базар
Кашкардын жекшембилик базарында эл кыжылдайт. Бул жакка менин ата-бабаларым мал айдап барчу экен. Ал кездерде чек ара деген жок, Ат-Башыдан нар жагы Ферганага, бер жагы Үч-Турпан, Кашкарга чейин эки-үч айлап, мал айдап барып сатып турган. Таятам бир ирет балдарына базарлыкка деп кайыш папке алып келип берсе, айылдагы балдар кармалап, таң калышкан деп айтышчу. Кыргызды тапсам ушул жерден табам деп ойлодум. Күн ысык. Эчки сакал абышка койду таразага тартып, калькулятору менен эсебин алып жатты. Допу кийген далдалчылар эшектин баасын бычып, бакылдашат. Тестиер бала калың килем жабылган атын кардарларга көрсөтүп, ары-бери бастырып жүрдү. Атка чөп салган акырдын жанындагы арабада отурган орто жаштагы эки киши кыргыздар болуп чыкты. Экөө түпкүлүгү Кызыл-Суу Кыргыз Автоном облусундагы Улуу-Чат айылынан экен. Эзелтеден кыргыздар жердеген бул облус Кыргызстандын түштүк-батыш чек арасын бойлоп, жүздөгөн чакырымга созулуп жатат. 19-кылымдын этегинде Кытай кошуп алган бул тарапты кыргыздар Керме-Тоо деп аташат. Торугарттан бери келатканда бул облусту кесип өткөн элек, бирок кытайлык котормочу гид «Бул аскер зонасы, сүрөт тартканга болбойт» деп эскерткен. 90 чакырымдык жолдо машинанын терезесинен гана алыстагы саман үйлөрдү, алардын алдындагы бетон боз үйлөрдү, жол боюндагы дөбөчөдө жамбаштап отурган ак калпакчан 4-5 кишини, суу алып жаткан кызыл-тазыл көйнөкчөн келинди гана элес-булас көрүп калгам.
Улуу Жибек жолундагы көөнө шаар
Кашкар 19-кылымдын ортосунда Британия, падышачыл Орусия, Кытайдын ортосундагы Борбор Азия үчүн Чоң Оюндун очогу болгон. Шаар бүгүн да дүйнөдөгү эң бийик тоолор менен кук эткен кузгун жок Такла-Макан чөлүнүн курчоосунда унутта калгандай мемирейт. Көчөлөрүндө мотоцикл минген сулуу кыз-келиндерди көп учуратасыз. Алар мага байыркы калаанын бүгүнкү периштелериндей көрүндү. Шаарда Бишкектегидей ак чапанын желбегей жамынып, чалкалаган молдолор, манчыркаган бай-манаптар байкалбайт. Фонтан суусунан салкын жел келген сейил бактарда, ресторандарда көбүнчө ханзу кытайларды көрөсүз. Уйгурларды ичимдикке тыюу салынган чайханалардан, кол өнөрчүлөр ооданынан же базардан жолуктурасыз. Алардын саман кирпичтен курулган, бак-шактуу, жыгач дарбазаларында суу лилиясы тартылган үйлөрү улам бир четинен сүрдүрүлүп, ордунда көп кабаттуу бетон үйлөр түшкөн.
Эски Кашкар Музейи – музейби, резервациябы?
Биздин котормочу Кашкардын чок ортосунда, Мао Це Дундун заңкайган эстелигинин артындагы дөбөдө дүпүйгөн шаарчага кол жаңсады: «Уйгурлардын үйлөрү эски, бузуп салбаса, коркунуч келтирет» деди. 10 миң уйгур жашаган шаарча бүгүн Эски Кашкар Музейи деп аталат. Билет алып кирген чет элдик саякатчыларды жарашыктуу атлас көйнөкчөн сулуу кыздар тосуп алды. Бирок шаарчанын кууш көчөлөрүндө толмочунан келген жоолукчан аялдар, допу кийген чалдар биздин карааныбызды көргөндө эле, тескери бурулуп кетип жатышты. Өзүмдү чакырылбаган конок сездим. Бири-бирине жабышкан үйлөрдүн бирине баш бактык. Короодо эскилиги жеткен тапчанда ак жоолукчан кемпир дубалды карап отурду. Намаз окуп атабы десем, туристтердин киргенин деле элес албагандай, былк этпейт. Үйдүн терезелери сынган, дубалдары акталбаган. «Бул үйдү мамлекет төрт токолу бар көпөстөн тартып алып, кедей-кембагалдарга берген» деди Мурат деген музей кызматкери. Азыр Шинжаң аталган Чыгыш Түркестан Республикасын коммунисттик Кытай 1949-жылы өзүнө кошуп алган. Музей-шаардагы музыкалык аспаптар дүкөнүндө он түрлүү дутар илинип турду, бирок мында комуз жок экен. Экинчи дүкөндөн кыргыз калпак көрдүм: чымкый кызылы, жап-жашылы, көпкөгү, сарысы бар экен. Музейди көрсөтүп жүргөн Мурат төбөсү жапыс, кырбуусу кыска калпактын бирин кийип көрдү. Анан күнөөсү бардай жылмайып, «Кашкарда кыргыздар аз, болбосо биз да калпак киймекпиз» деп кобурап алды.
Бул ирет Кашкардан түштүктөгү Кара-Көл кыргыз жерлерин көздөй жолдо көргөн-билгенимди айтайын.
Узун кулак котормочу
Кашкардан чыгып, түштүктү карай жол тарттык. Көздөгөнүбүз - Кызыл-Суу Кыргыз аптоном (кытайлык кыргыздар ушундай айтышат) облусуна караган Кара-Көл. Жолдо азык алалы деп базарга токтодук. Жусуп Баласагындын көрүстөнү турган Опал кыштагынын чайханасында эки ак калпакчан киши түштөнүп жатышкан экен. Алар менен учурашып, Кыргызстандан келгенимди айттым. Сүйлөшүп атсак, маектештерим улам эле артымды карашат, бурулсам жаныма котормочу мойнун созуп, бизди тыңшап туруптур. Сөзүбүз ошол жерден үзүлүп, учугу табылбай калды...
Тоо - көчмөндөрдүн чеби
Тептегиз асфальт жолду бойлой, тоонун суусу аңтарылып агып жатты. Бир нече жерден тоолорду тешип, туннель салынып жатканын көрдүк. Кашкарда дээрлик бардык жазуулар майдараак болсо да араб арибинде, чоң иероглифтер менен кытайча жазылса, кыргыз аймагына жакындаган сайын жазуулар жалаң кытайча боло баштады. 1980-жылдын экинчи жарымында ишке берилген Каракорум жолу Кытай үчүн чоң мааниге ээ. Асман мелжиген тоолорду аралап өткөн бул жол кыргыздар жердеген аймак аркылуу жүрүп отуруп, Пакистанга өтүп кетет. Бул жол Кытайды Индия мухити менен байланыштырып, өлкөнүн Түштүк Азиядагы турумун бекемдөөгө чоң көмөкчү болууда. Тажикстан менен чектеш капчыгайдагы чек ара бекетинде токтотушту. Торугарттан келатканда бир ирет чек арада, экинчи жолу 90 чакырым ылдый, аскердик тилкенин соңунда текшерүүдөн өткөн элек. Анда бүт оокатыбызды аңтарып, ноутбуктун программаларын да карашкан. Бул ирет паспортубузга мөөр басышты, бирок оокат-кечебизди текшеришкен жок. Текшерүү күркөсүнүн каршысындагы бастырмаларда кыз-келиндер соода кылып жатышты. Кыргыз экенимди билгенде, улуусу "айландырып, жер көрсөтүп келели" деп жылмайды. Бастырманын артындагы сайдын ары жагына кол жаңсашты: Үйүбүз анобу, Кез деген айыл, 800дөй киши бар, - дешти. Карасам, зооканын башында саман үйлөрдүн чатырлары менен теректер көрүнөт. "Согушкердик замандарда бул жерден кыргызга билинбей, чычкан да жөргөлөп өтө албаса керек" деп ойлодум.
Соодагер болгон көчмөндөр
Капчыгайдан ары өзөндүү өрөөн башталат. Бир тарабы кара тоо, экинчи тарабы ак тоо. Көрсө чын эле Ак-Тоо деп аталат экен, кең өзөндүн аркы тарабында агыш тоолор боз чалгыл болуп, мунарыктайт. Өрөөндүн берки тарабында, жолдун боюнда ар кыл түскө боелгон темир күркөлөр түшкөн. Анда соода кылган кыргыздардын саткандары - туристтерге ылайык айнек шуру, сөйкө, кытайлар жакшы көргөн ар кыл түстөгү таштар. Уздардын колунан чыккан оймолуу кийиз сумкалар Кыргызстандан экен. Теңир-тоолук кыргыздын кол өнөрчүлүгүнө мүнөздүү шырдак, сайма оокаттарын көрө албадым. Койдун далысын сарыга боеп, үстүн чиймелеп коюп коюшуптур. Музыкалык аспап сураштырдым. Күркөлөрдүн биринде ак калпакчан Абдылас деген жигит сатып жаткан темир комузун таап чыкты. Аспап кымындай болуп колго да келбейт, кагып көрсөм, добушу араң кыңылдайт. Абдыластын колу ыктуурак окшойт, мага кыңылдатып, бир аз кагып берди. Кийин укканымча, Улуу-Чаттагы кыргыздар кара-көлдүк улутташтарын "бир сомдук оокатын 20 сомго сатышат" деп тамашалашат экен. Кара-көлдүктөр Кытайдын ичкери жактарына, Шанхай тарапка чейин барып, соода кылышаарын эшиттим. Кара-Көлдүн кулуну Керим деген бирөө көлдөн өйдөдөгү Ташкоргон шаары тарапта акак таш иштеткен ишкана ачып, миллионер атыкканын айтышты. Болбосо, бул жактык кыргыздар майда соода менен алектенип, уйгурларга малдын этин сатып оокат кылышат. Күркөлөрдөн өйдөдө, сайга түшө бериштеги чекеси дубал менен тосулган кенен короодо турган боз үйдү көрүп, ошол жакка кайрылдык. Дарбазасы жок короого кире бериште кызыл-тазыл көйнөкчөн эки келин ийик ийрип турушту, жанында тестиер бала зымдан ийип жасаган алты дөңгөлөктүү машинасын ары-бери сүйрөп жүрдү. "Боз үйгө туристтер токтолот, бул турак кытайлардыкы, биз ушул жерде жумуш кылабыз" дешти келиндер. Экөө тең жоолугу менен беттерин чүмбөлөп алышкан. Ага деле болбой, жүздөрү күнгө капкара күйгөн. Орто бой, арык келиндердин көздөрү күлмүңдөп, кыргызды көргөнүнө кубанганын сезип турдум. Мотоцикл минген эки киши жолдон бурулду. Кыргызча сүйлөгөн чет элдикти тигиле карашып, бир топко туруп, анан жүк ташыган машинанын артынан шуу коюшту. Бул жактарда жылкы баласы калып, жалаң "темир ат" минип калышканын кийин билдим. Опалдын базарынан алган помидор, куурулган тофу эжигейи, тандыр нан менен өзөк жалгап алып, жолго чыктык. Жалданма айдоочунун жанында отурган котормочу бизге бурулуп: "10 мүнөттө Кара-Көлгө кирип барабыз", - деди. Чек аранын нар жагында Таш-Рабаттан Торугартка чейинки 70 чакырымды өңгүл-дөңгүл жол менен үч саат дегенде өткөнүбүздү эстедим. Кашкардан бери 200 чакырымды басып өттүк. Жол жакшы болсо мынча аралык кеп эмес турбайбы!
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены