2007-жылдын 10-октябрында КР Жогорку Кеңеши тарабынан "Тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздарга мамлекеттик кепилдиктер туурасында" мыйзам кабылданган. Буга кийинчерээк президент кол койгон. Ошондон тарта күчүнө кирген бул документке ылайык кайрылмандарга жөнөкөйлөтүлгөн тартипте кыргыз жарандыгын ыйгаруу, жеке менчикке жер тилкесин алууга жана андан ары турак жай курууга толук шарт жаратуу, үй куруусуна пайызсыз ссудаларды ажыратуу кыргыз өкмөтүнө түздөн-түз милдеттендирилген. Тилекке каршы, аталган жеңилдиктердин жана талаптардын бири дагы эмдигиче аткарылбай келе жатат.
Канаты талыган кайрылмандар
Сайфулла Хашымов:- Он жыл илгери эле Тажикстандагы үй-жайыбызды таштап, түпкү ата журтубузга көчүп баса бергенбиз. Кыргыз өкмөтү "Кайрылман" программасын дүйнө жүзүнө жар салганда, биз дагы сүйүнгөнбүз. Буга абдан ишенип токсонго жакын жердешибиз дагы дароо Кыргызстанга журт которушкан. Бул жакты карай агылгандардын аягы азыр деле тыйыла элек. Биз Ош шаарында турабыз. Биздин жумушубуз жок. Экинчиден, туруктуу байырлаган турак жайга муктажбыз. Үчүнчүдөн, мен кыргыз жарандыгын араң алдым, а келинчегим дале Тажикстан жараны бойдон жүрөт. Бул боюнча кайрылбаган жерибиз, кирбеген мекемебиз калган жок. Кыргыз бийлиги тил эмизгенден башкага азырынча жарай элек.
Якуб Маматалиев: - Менин колумду төрт балам карайт. Чоң уулум 15 миң сом контракт төлөп ОшМУда окуйт. Тээ союз маалында тажикстандык кыргыздарды Кыргызстандын, анын ичинде Оштун жогорку окуу жайлары атайын квота ажыратып бюджеттик негизде окутушчу. Ушул салтты азыркы кыргыз өкмөтү неге жасабай жатат, эмдигиче айраң-таңбыз. Кыргыз кайрылман бечаралар Ошто, башка жерлерде жалаң кара жумушта кул сыңары иштейбиз. Бийликтегилер ссуда, жеңилдетилген кредит беребиз дешкени куру убада бойдон калды. Олчойгон акча алыш үчүн күрөөгө койгонго өз үй, өлөң төшөгүң болушу кажет экен. Ыя айланайындар, биз түпкү мекенибизге Тажикстандан жыргаганыбыздан кайткан жерибиз жок. Ал жакта бала-чакабыз милдеттүү түрдө тажикче окуп, сүйлөп, ошондон улам эне тилибизден ажырап калуу коркунучуна калдык эле. Ошон үчүн аргасыздан Кыргызстанга көчкөнбүз.
Зухунум Хашымова: - Тээ жердин жети түбүндө эмес, мобул эле Ош шаарында жансактайбыз. Эмдигиче биз өңдөнгөн кандаштарынан Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов же Ош облус губернатору Сооронбай Жээнбеков кабар алганга жарай элек. Башпаанектеген жайыбыздан эзели суу чыкпайт. Моминтип таштандынын катарында эптеп өлбөстүн күнүн көрүп жатабыз. Тээ алыстан суу ташып ичебиз. Аттиң, кыргыз өкмөтү качан бизге Казакстан, Тажикстан боордошторуна такай кам көргөндөй каралашаар экен, ыя?
Салахидин Юлдашев, "Кайрылман" коомдук бирикмесинин төрагасы: - Биздин билишибизче Ош облусунун Өзгөн районунда 200, Кара-Суу районунда 150, Ноокат районунда 100, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында 400 чакты кайрылман үй-бүлө жашайт. Алар Тажикстандын Мургаб, Жерге-Тал райондорунан журт которушкан. Көрүп атасыздар, этникалык кыргыздардын таламын туруктуу талашкыдай Жогорку Кеңеште депутатыбыз жок. Ушул маселени квота аркылуу чечишсе, чынында сообубузга калышмак. Баса, Тышкы иштер министрлигине караштуу түштүк аймактык миграция комитетинин серепчиси Абдылатип Эгембердиев аталган өңүттө көйгөйлөр толтура экендигин жашырган жок. - Биздин эсебибизде Баткен облусунда эле 1500 көчмөн кыргыз жан багат. Алардын отуз чакты пайызы гана кайрылман макамына акыры арзыды. А Жалал-Абад облусунда отурукташкан төрт миң этникалык кыргыздын 15 пайызы гана кайрылман экендиги ырасталды. Калганы бул макамга эмдигиче татый элек. А Ош шаарында 1000, Ош облусунун Кара-Суу районунда 500, Өзгөн районунда 300 чакты кайрылмандар жашашат. Аларда деле жер, турак жай, ссуда чоң көйгөй бойдон турат. Жоопкерчиликти кыргыз өкмөтү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына илип койгон. А бирок алар бул маселени өз бетинче чечүүгө жарамсыз. Анткени колунда каражат жок. Анүстүнө мындай мүмкүнчүлүк жергиликтүү органдардын биринде дагы жок, - дейт "Жаңы Агым" гезитине курган кыска маегинде Абдылатип Эгембердиев. - Биз деле мамлекет мындан ары түпкү мекенине кайтып жатышкан кайрылмандарга карата камкордукту күчөтөт деген терең үмүттө турабыз. Неткен күндө да кыргыздар айтмакчы, бала ыйлабаса эмчек деле берилбей калды го. Кайрылмандар өздөрү коңгуроо кагышпаса, биздикилер эзели элегидей эмес.
"Агым" Ош шаары 11-январь, 2013-ж
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены