Чүй облусундагы этникалык кыргыздар

Чүй облусундагы этникалык кыргыздар

Өлкөбүз эгемендикти алгандан тарта миңдеген боордошторубуз Тажикстандан ар кандай себептерден улам Кыргызстанга жер которуп көчүп келишкен. Алардын басымдуусу Чүй облусуна жайгашышкан. Бул этникалык кыргыздар жалпы республикадагы 50%дан ашыгын түзөт. Этникалык кыргыздардын көчүп келүүлөрү бүгүнкү күндө да уланууда. Макалада негизги басым Чүй облусунаТажикстандан көчүп келгенэтникалык кыргыздардын жайгашышына, санына жана интеграциялык жараяндын айрым маселелерине жасалды.

 

Кыргызстандагы этникалык кыргыздардын интеграциялык маселелери боюнча буга чейин А.Сатарбаев кайрылмандардын ыңгайлашуу шарттары жана маселелери боюнча кыскача изилдөөсүн жарыялаган [Сатарбаев, 2009: www.arch.kyrlibnet.kg]. Кийин профессор А.А.Асанканов да этникалык кыргыздардын учурдагы көйгөйлүү маселелерине, санына жана жергиликтүү калк менен болгон алакасына токтолгон чакан изилдөөсүн жарыялаган [Асанканов, 2016: 10-14-б]. Ошондой эле Улуттук статистикалык изилдөөлөр институтунун экспертиА.Капаловада социалдык-интеграциялык көйгөйлөрүнө токтолуп, өз изилдөөсүн берген [www.nisi.kg].

 

Мындан тышкары макалада www.sary-kol.ru, www.azattyk.org сайттарындагы макалалар, архивдик документтер, ―Этникалык кыргыздардын ассоциациясы‖ коомдук бирикмесинин материалдары колдонулду.

 

Кыргызстандын калкынын этникалык курамы эгемендикти алган жылдан тарта тынымсыз жүрүп келген миграциялык жараяндан улам кескин өзгөрүүгө дуушар болду. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, өлкөнүн этникалык курамы өзгөрүлүп, кыргыздардын саны 20%га (52,4% дан 72,2%га чейин) көбөйгөн [www.stat.kg, 2009]. Мындай өзгөрүүгө этникалык кыргыздардын массалык түрдө Кыргызстандын аймагына көчүп келүүлөрү да таасирин бергендиги шексиз.

 

Этникалык кыргыздардын саны ―Этностук кыргыздардын Ассоциациясы‖ коомдук бирикмесинин маалыматы боюнча, башка облустарды эсепке албаганда, Чүй облусунда эле 34618, анын көпчүлүгү Тажикстандан көчүп келгендер болуп саналат [Асанканов, 2015: 10-б]. Изилдөө учурунда этникалык кыргыздардын өкүлдөрү акыркы цифрадан да бир кыйла көп болушу мүмкүн деп беришет. Анткени алардын эсеби боюнча Чүй боорунда дээрлик 37 миңдин тегерегинде этникалык кыргыздар жайгашышкан [АТМ №1, 2015: 8-б].

 

Этникалык кыргыздар Чүй облусунун Аламүдүн районунун Васильевка, Виноградное, Гроздь, Бирдик айылдарында, Сокулук районунун Камышановка, Жаңы-Жер, Жаңы-Пахта, Төмөнкү Чүй, Саз айылдарында, Жайыл районунун Сосновка айылында, Панфилов районунун Каинды шаарында, Чалдовар айылында, Москва районунун Стретенка, Александровка, Петровка, Ак-Суу айылдарында, Чүй районунун Садовое, Чүй, Виноградное айылдарында, Ысык-Ата районунун Ивановка, Дмитревка, Юрьевка айылдарында көп санда жайгашышкан [АТМ №1, 2015: 3-5-б.]. Алар Тажикстандын Мургап (ГБАО) 1 , Жерге Тал (республикалык масштабдагы район) 2 жана Ходжент (Согду облусу) 3 аймактарынан көчүп келишкен.

 

Тажикстандагы этникалык кыргыздар Кыргызстандын аймагына төмөнкү себептерден улам көчүп келишкени изилдөө мезгилинде белгилүү болду:

 

1. Тажикстандагы 5-май 1993, 27 июнь 1997-жылдардагы жарандык согуш мезгилинде ―качкын‖ катары;

2. Тажикстандагы оор социалдык-экономикалык абал жана жумушсуздуктун айынан;

3. Жергиликтүү чиновниктердин кысымы жана Тажикстандагы тажиктештирүү жараянынын натыйжасында, этностук аң сезимдин ойгонушунун негизинде.


Алардын Чүй бооруна комплекстүү жайгашышынын себеби, убактылуу жашаганга турак- жайлардын бат табылышы болгон (бош калган орус, немис ж.б. улуттун өкүлдөрүнүн үйлөрүнө, эски мамлекеттик мекемелердин бош имараттарына, жатаканаларына жайгашышкан). Этникалык кыргыздардын Чүй облусунун аймагына келишине түрткү берген аймактын Чүй губернаторунун сунушу жана жардамы болгондугун этникалык кыргыздар өздөрү айтышат [АТМ №1, 2015: 12-б].


Этникалык кыргыздардын Чүй аймагына көчүп келүүсү төмөнкү себептерден улам болгонун көрүүгө болот:


- Убактылуу болсо да баш калкалоого имараттардын табылышы. Ошондой эле айылдардын көп улутту. Айылдарда жашаган орус, немис, украин сыяктуу башка улуттар үйлөрүн сатып көчүп кете башташкан (1989-жылдагы Кыргызстандын калкын каттоодо Чүй облусунда орустар 41,55%, немистер 9,02%, украиндер 5,47% түзүп турган, көпчүлүгү көчүп кеткен) [www.wikipedia.org];

- Дыйканчылык кылууга ыңгайлуу жерлердин бат табылышы (аренда түрүндө болсо да) жана жыйналган түшүмдү сатуу оңой болгон;

- Чүй облусундагы ири шаарлардын көп жайгашышы жана анын негизинде жумуш табуу, иштөө, документтерди алуу сыяктуу маселелерди чечүүгө оңтойлуу болгон.


Кыргыз Өкмөтү этникалык кыргыздарды колдоо, Кыргызстандын шартына ыңгайлаштыруу жана интеграциялоо максатында бир канча мыйзамдарды, программаларды иштеп чыгып, бекитишкен [Темирбек уулу, 2014]. Этникалык кыргыздарды Өкмөт тарабынан саясий- укуктук жана социалдык жактан колдоо болгону менен, алардын ыңгайлашуу шарттарына, интеграциялык жараянга тоскоолдук жараткан маселелер бар. Аларды негизинен маданий, тилдик жана диний аспектте жалпылап кароого болот.


Интеграциялык маселелер:

Этникалык кыргыздарды боордош, улутташ катары кароонун ордуна, жергиликтүүлөр салттык маданиятына, сүйлөө говоруна жана диний ишенимине карап ―келгиндер‖, ―тажиктер‖, айрым учурда гана ―жергеталдыктар‖ деп тергеп, жээрип келишкен көрүнүштөр катталып эле келет. Алардын жергиликтүү калк менен ынтымактуу алака түзүүсү, интеграциялоо маселелери, көйгөйлөрү Өкмөттүк деңгээлде каралбагандыктан, ал курч маселе бойдон келе жатат. Ошондуктан, бул макалада этникалык кыргыздардын жергиликтүү калк менен интеграцияланышына басым жасалып, аны маданий, тилдик жана диний аспектте кароону туура көрдүм. Изилдөөдө бул аспекттер көп тараптуу болбосо дагы, аргумент катары ага айрым жүйөлүү мисалдар келтирилди.


Маданий аспектте карасак, этникалык кыргыздардын жергиликтүү кыргыздар менен аралашып, коомдо бирдей улуттук, укуктук аң-сезим менен жашоосуна тоскоолдук жаратып жаткан алардын салт-санаа, үрп-адат, ырым-жырымдарындагы өзгөчөлүктөрдөн даана байкалып турат. Ошондой эле материалдык маданиятындагы айрым буюм-тайымдарды атоодогу айырмачылыктар да бар. Этникалык кыргыздардын жалпысынан кыргыздардын ичкилик [Антипина, 1959: 208-210-б.] уруу тайпасына киришет. Аларда памирлик, кытайлык кыргыздар менен маданият жагынан бир бүтүндүктү бере алган көнө салттык көрүнүштөр көп сакталган. Ошондой эле тажик маданиятынын, ислам дининин күчтүү таасирин ачык байкоого болот.


Кыргызстандын түштүк аймагын жана Каратегин кыргыздарын изилдеген окумуштуу К.И.Антипина ичкилик кыргыздарынын материалдык маданияты өзгөчөлөнүп тураарын жана кооздук жасалгаларда өзбек, тажиктердикине окшош экендигин белгилеген. Окумуштуу ичкилик урууларында кыргыздарга тиешелүү материалдык маданияттын бир топ эски элементтери бар экендигин жана аларда мындай байыркы элементтер Чыгыш Түркестанда же алардын көпчүлүгү көчмөн малчылардан бөлүнүп, изоляцияланып өз алдынчалыгын сактап жашашы менен байланыштуу болушу мүмкүн экендигин берет [Антипина, 1959: 2010-б.]. Кыргызстандагы этникалык кыргыздардын басымдуусу ичкилик урууларынын өкүлдөрү болгондуктан жана узак мезгилдер бою тажик, өзбек элдери менен аралаш жашашкандыктан материалдык маданиятында Чүй боорундагы отуз уул (оң канат, сол канат) уруу тайпаныкынан айырмачылыктары бар. Мындай айырмачылыктар алардын материалдык маданиятында азыраак кездешкени менен, орчундуу айырмачылыктар каада-салт, үрп-адаттарда көп.


Кыргыздарда адам аттары кайсы бир мааниде, кандайдыр бир окуяны, тилекти, максатты түшүндүргөн, оңой чечмеленген, ысымы аркылуу анын төрөлгөн мезгилин, өздүк белгилерин, айрым элдик ырымдарды билүүгө болот. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын түндүгүндөгү кыргыздарда балага кыргызча ат коюу басымдуураак кылат.


Мен экспедиция мезгилинде жолугуп, таанышып, пикир алышкан этникалык кыргыздардын эркектеринин көпчүлүгүнүн аттары исламга байланышкан же арабча, айрымдары тажиктешкен. Мисалы: Абдил-Ахат, Бахадур, Абдували, Абдуманап, Мустафа, Сайфулло, Хайрулло, Убайдулло ж.б. Мындай аттар Чүй кыргыздарында жокко эсе. Ошондуктан алар үчүн өөн учурайт. Ал эми аялдардын, кыздардын аттары кыргызча эле: Барчынай, Үмүтай, Айсалкын, Кундуз, Дилбар ж.б. коюу уланып келе жатат [АТМ №2, 2016: 12-б].


Мургаптык кыргыздарда колукту кайненеси менен көрүшүүсү өзүнчө каада менен өтүп, кайненеси келинине көйнөк кийгизип, жоолук салса, келини элечек (келек) кийип же жоолук салынып, үйгө өтүп, үч жолу жүгүнүп, өз колу менен кооздоп сайма сайган жоолукту (кол жоолук) белек кылган [Наследие Мургапского народа, 2013]. Этникалык кыргыздардын үйүндө мындай кол жоолуктар көп. Алар кымбат кездемеден даярдалып, четине түймө аркылуу ишке ашырылган кооздуктар, чачылар түшүрүлгөн. Кыздарына да мындай жөрөлгөнү үйрөтүшөт жана аны келечекте кайындарынын эшигин аттаганда атайын конокторго белек катары тапшырышат [АТМ №2, 2016: 25-б].


Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында этникалык кыргыздар көп санда жашашат. Аларда үйлөнүү салтына арналган кыз-келиндердин себи өзгөчө орунга ээ экендигин айтышты. Мен барган этникалык кыргыздардын үйүндө бир бөлмөнүн капталы толо сепке арналган жүк жыйылган. Андагы колго сайылган сайманын (этникалык кыргыздар ―кеште‖ деп аташат) ―басма сайма‖, ―илме сайма‖ аркылуу ишке ашырылган: ―жакандос‖ (жер төшөк), ―жаздык‖ (узун саймалуу жаздык), ―балыш‖ (кыска, саймалуу жаздык), ―кол жоолук‖ (ортосунда саймасы бар, чекелери түймө менен ишке ашкан), ―байпак‖ (атайын күйөө балага арналган) жана ―жоолуктар‖ сыяктуу буюмдардын бир канча түрлөрүн көрсөтүштү. Этникалык кыргыздардын айтымында кыздын себи үчүн энеси да, кызы да жоопкерчиликтүү. Кайындары жаңы келген келининин иш билгилигин себинен улам билишет [АТМ №2, 2016: 27-б.].


XX кылымдын 50-жылдарынан тарта эле Жерге-Тал, Мургап кыргыздарында кыргыз-тажик аралаш никелери да кеңири жайылган. Эгер кыргыз кызы тажик жигитке турмушка чыкса, тажиктердин салты менен, тажик кызы кыргыз жигитке турмушка чыкса кыргыздын салты менен баш кошушкан. Маалыматчы Курбанов Абдил-Ахатда өзүнүн чоң энеси тажик кызы болгондугун ырастайт [АТМ №2, 2016: 29-б.]. Бул этникалык кыргыздардын айрымдарынын антропологиялык жактан бир аз өзгөрүүгө алып келген. Мен жолуккан этникалык кыргыздардын келбети тажиктерге (индоевропеид) окшошуп, кыргыздарга мүнөздүү болгон келбеттен алда канча айырмалана баштаган.


Этникалык кыргыздарда үйлөнүү тоюна арналган ―ун элек‖ (ун элгек) деген жөрөлгөсү кеңири колдонулат экен. Бул боюнча изилдөөчү Жээнбай Мукамбаев буга токтолот: ―... ун – ак пейил, токчулук, кенендиктин символу катарында куда-сөөк адамдардын ийнине гана чачылбастан, тойдо союла турган койдун төбөсүнө да, жыйылган жүккө, ачыла турган бокчого (буюмдар салынган түйүнчөк) да чачылат. Ак түстөгү кийиз же ак өңдүү башка бир буюм келиндин алдына салынат‖ [Мукамбаев, 1982: 111-б.]. Этникалык кыргыздар бул жөрөлгөнү Кыргызстанда да толук кандуу улантып жатышат. Анкени, ал ―ырыскы чакырат, барчылыктын символу‖ дешет. ―Ун элгек‖ ырымы 2015-жылы октябрь айында Ивановка айылынын, Жаңы-Жер айылынын жашоочулары колдонгон [АТМ №2, 2016: 14-б.].


Кыргызстанга көчүп келгенге чейин этникалык кыргыздарда колуктуну атасы тандап берген жана үй-бүлөөнүн эркектери гана кеңешип чечишкен [Кармышева,2009: 182-б.]. Бул эски салт менен балдарын өздөрү билип баш коштурган бүгүнкү күнү да сакталып келет.


Кыргыздарда адам кайтыш болгондо ―жамандык келди‖ деп аза күтүшкөн. Кыргызстандагы жергиликтүү кыргыздар сыяктуу эле этникалык кыргыздарда адам каза болгондо үйдүн атайын даярдалган жерине жаткырып, жакын туугандарына, жек-жаатына кабар беришет. Аларда боз үй (кыргыз үй) тигүү милдеттүү эмес.


Ислам динин бекем тутуп калышкандыктан этникалык кыргыздар өлүктү муздап кала элегинде жерге берүүгө шашышат [АТМ №2, 2016: 29-б]. Мындай салт Кыргызстандын айрым түштүк райондорунда жана башка мусулман улуттарында да кездешкени менен жалпылыкка ээ эмес. Ал эми этникалык кыргыздардын баардыгы мындай эрежени карманышат. Анын өзгөчөлүгүн шариат менен терең байланыштырышат. Этникалык кыргыздарда кошок кошуу жакшы сакталганы менен эркектери өкүрбөйт, бирок аялдар боз үйдүн ичинде аз-аздан кошок кошушат [АТМ №2, 2016, 35-б.].


Жогорудагы мисалдардан тышкары, этникалык кыргыздардын маданиятында конок тозууда жана аны коноктоо жөрөлгөсүндөгү Чүй кыргыздарына жат болгон көрүнүш бар. Аларда мейман келгенде эркек адамдар аялдары менен чогуу олтурбайт. Аялдар тамак-аш, чай даярдоо жана аны дасторконго алып келип берип, чыгып кетишет. Мындай жөрөлгөнү этникалык кыргыздар ислам дининин таасири катары айтышканы менен мурдатан эле сакталып келе жаткан көрүнүш болгон.


Этникалык кыргыздар менен жергиликтүү калкты айрым маараке, той-аштан сырткары жамааттык майрам болгон Нооруз майрамы бириктирип тургансыйт. Анткени, бул майрамды ―элдик майрам‖ катары кабылдашып, жалпы коомчулук менен бирге тозуп, сүмөлөк кайнатышат.


Маданий аспектте окшоштуктарга караганда айырмачылык басымдуулук кылгандыктан жалпы интеграциялык жараянга терс таасирин тийгизүүдө. Кыргыздарда маданий алакалардын түпкүлүгү, ырымдары бир уңгуну түзгөнү менен этникалык кыргыздарда айрым факторлордун таасиринен улам келип чыккан жекелик өзгөчөлүгү даана байкалып турат. Мындай өзгөчөлүктүн айынан кээ бир салттык иш чаралар, тажиялар, майрамдар жергиликтүүлөрдүн катышы жок, этникалык кыргыздарда ич ара өткөрүлүп калат.


Интеграциянын маселелери: Тилдик аспектте.

Этникалык кыргыздар ичкилик уруу тайпаларынын өкүлдөрү жана алар мурдатан бери эле (Жерге-Тал, Мургапта жашап жүргөндө) Кыргызстандын түндүгүндөгү кыргыздардын тилинен айырмаланган диалектте сүйлөп келишкен. Ичкилик кыргыздарынын тилин талдаган профессор Б.М.Юнусалиев ичкиликтердин ата-бабалары кыргыздардын негизги ядросунан (оң канат, сол канат кыргыздарынан) бөлүнүп калганын жана ичкиликтер диалектинин өкүлдөрү кыргыз тилинин калыптануу мезгилинде уруулаштарынан өзүнчө жашашканын, же алар түштүк-батышта болушканын жана аларга уйгурлардын тилинин таасири тийгенин белгилеген [Маанаев, 2008: 414- б.]. Ж.Мукамбаев, Жерге Тал кыргыздары бир топ айылдарда тажиктер менен аралашып таяке- жээн болуп жашашкандыктан тилинде кыргыз-тажик орток сөздөр бар экендигин, бирок ал сөздөр синоним катары сөздү байытып, толуктап тураарын берет [Мукамбаев, 1982: 126-б.]. Мен изилдөө мезгилинде этникалык кыргыздар Кыргызстанда дээрлик 20 жылдан ашык убакыттан бери аралашып жашап жаткандарына карабастан сүйлөшүү говорунда өз диалекти басымдуу кылаарына күбө болдум. Бирок, өтө аракеттенүү (сыр бербөө максатында, кыйналып) менен өз оюн кыргыз адабий тилинде түшүндүрүүгө далалат кылышат [АТМ №2, 2016:17-б].


Этникалык кыргыздарда бышкан этти бөлүштүргөн адамды ―бөкөөл‖, бөлүнүп табакка салынган этти ―тан‖ аташат. Байыркы түрк сөздөргө кирген эде (эле), жүгөр ( жибер), сүдрө (сүйрө), аач (ач), адак (аяк, бут), агыл (мал сарай), турук (жата турган жер), алчи (куу, митаам), амач (буурсун), арт (ашуу, дабан) ж.б. сакталып калган. Үйлөнүү тоюнда бөксөлөмөй, отко тартаар, покчобов, тогуз табак, шакек-жүздүк, дура, ун элгек аталган жөрөлгөлөрү колдонулуп келген [Мукамбаев, 1982: 112-б.]. Изилдөө мезгилинде азыркы күнгө чейин бул терминдер сакталып келе жатканын бир ооздон айтышты.


Үй буюмдарын атоосунда жергиликтүү кыргыздардыкынан айырмачылыктар бар. Мисалы: үй буюмдары болгон газамбир (аттиш), супар (буурсун), кепкил (тор сүзгү), паңшак (бешилик), пайтава (чулгоо), чакчоо (аталгы) ж.б. Түпкү уңгусу, сөздүн мааниси жалпы түрк тилдеринен болгону менен жергиликтүү кыргыздарга мындай сөздөр өөн учурап, тажик тилинде айтылып жаткандай кабылданат.


Этникалык аң сезимдин аркасында Ходжент кыргыздары кыргызстандык да, тажикстандык да кыргыздардан изоляцияланып жашап келгендигине карабастан, кыргыз тилин билип келишкен. Мында өзбек улутунун өкүлдөрү басымдуу болгондуктан мектептери балдарды өзбек тилинде окуткан. Ходженттен келген боордошубуз ―Мектепте өзбек тилинде окуганбыз. Бирок, өз ара кыргызча сүйлөшөт элек. Кыргызстанга келгени жергиликтүү кыргыздардын тилин жакшы эле түшүнүп, өз ойлорубузду да кыргыз тилинде түшүндүрө алдык. Азыр Бөрүгөндө тажиктештирүү күч‖ - дейт.


Тилдик аспектте этникалык кыргыздар жергиликтүү кыргыздардын говоруна өтүп, интеграция акырындап жакшы жагына ооп келе жатканы менен айырмачылыктары көп. Ошондуктан этникалык кыргыздар бир аз тартынып, жергиликтүү кыргыздарга бат аралаша алышпайт. Алар иштөөдө (мен жолуккан адамдардын көпчүлүгү дыйканчылык кылышат, айрымдары курулуш тармагында сезондо иштешет, калганы жалданып иштешет) өз алдынча топ-топ болуп аткарышат. Тилин, жердигин жашыруу максатында баткендикмин (лейлектикмин) дегендери көп кездешет [АТМ №2, 2016: 42-б.].


Интеграциянын маселелери: Диний аспектте.

1990-жылдары Тажикстанда исламдашуу күч алган. Ал эмес жарандык согуш мезгилинде бийликке каршы чыккан оппозиция өкүлдөрү мамлекет саясатында ислам баалуулуктарын орнотууну талап кылышкан. Этникалык кыргыздар ошол мезгилде исламчылар мечитке барбагандарга айып салып, баргандарды эшигинен тозуп алып тизме боюнча жоктоп тураарын айтышат [АТМ №2, 2016: 22-б.].


Жергиликтүү кыргыздарда бүгүнкү күнгө чейин өлгөндөрдүн жана ата-аба арбактарына болгон ишеним сакталып, ―арбак колдойт‖, ―арбак ыраазы болсун‖ деген түшүнүктөр сакталып, адам каза болгондон кийин үчүлүк, жетилик, кыркы, кара ашы, жылдык ашы деген сыяктуу көптөгөн жөрөлгөлөр колдонулуп, күмбөз тургузуу салтка айланган. Этникалык кыргыздарда мындай жөрөлгөлөр колдонуудан калып, күмбөз да тургузушбайт Бул көрүнүштөр алардын динчилдиги жана маданий салттарынын көбүрөөк исламдашып баратышы менен түшүндүрүлөт [Сатарбаев, 2009]. Ошондуктан, этникалык кыргыздарды изилдөөдө, алардын бүтүндөй турмуш- тиричилигинде, маданиятында, дининде исламдын таасири күчтүү экендиги даана байкалат.


Дагы бир белгилей турган жагдай, этникалык кыргыздар жашаган айылдардагы мечиттерде этникалык кыргыздар көп жолугат. Алар жашынан карысына чейин мечитте намаз окушат. Аялдарынын көпчүлүгү жоолук салынып жүрүшөт, арасында хиджаб кийгендери да бар. Улуу муундун өкүлдөрү балдарын, кыздарын шариаттын эрежелерин тутууга, медреседен билим алууга чакырышат. Алар ислам динине толук ыктап, көпчүлүк эрежелерин сактоого өтүп алышкан.


Жыйынтыктап айтсам, Чүй облусундагы этникалык кыргыздардын саны болжолдуу болсо дагы такталып калды жана алардын комплекстүү жайгашкан жерлери белгилүү болду. Этникалык кыргыздардын коомго интеграцияланышы үчүн мамлекет тарабынан саясий-укуктук жактан маселелер жолго коюлуп, тактап айтканда, бийлик тарабынан көрсөтүлүүчү алгачкы жардамдар берилген. Этникалык кыргыздардын 80% ашыгы жарандык алышып, мамлекеттик паспорт менен камсыз болушкан. Бирок, жарандык ала албай жүргөндөрү да бар. Социалдык маселелери чечилбей келгени менен, базар экономикасына тез ыңгайланышып, этникалык кыргыздар өз турмушун оңдоого жетише башташкан. Жалданып иштөө, дыйканчылык кылуу аркылуу тапкан кирешелерине турак-жай сатып алышкандары көп эле экен [АТМ №2, 2016].


Ал эми жергиликтүү калк менен интеграциялоо маселелери жакшы чечилбей келе жатат. Этникалык кыргыздар менен жергиликтүү кыргыздардын 20 жылдан ашык убакыттан бери маданий, тилдик жана диний айырмачылыктардан улам бири-бири менен эркин баарлаша алышпайт, камыр-жумур болуп кете элек. Ошондуктан этникалык кыргыздарды интеграциялоого, инклюзивдүү коом курууда арналган, бири-биринин салтын, тилин сыйлаган, аны туура түшүндүрүүгө багытталган концепцияларын иштеп чыгышы зарыл. Иштелип чыккан концепция этникалык кыргыздардын жергиликтүү калкка интеграцияланышына багытталып, тараптар бири- биринин жалпы өзгөчөлүктөрүн таанып, сыйлап, бирдиктүү ынтымактуу коом курууну көздөшү зарыл.


Мен талдап чыккан интеграциялоонун маданий, тилдик жана диний аспекттеги маселелери толук изилденип чыкты дегенден алысмын. Бирок, кайсы бир деңгээлде Чүй облусундагы этникалык кыргыздардын интеграцияланышында тоскоолдук жаратып жаткан көрүнүштөр, салттар, эрежелер, диний ишенимдер боюнча маалымат берилди. Мындан ары башка облустагы этникалык кыргыздарды ошол аймактардагы калктын улуттук курамы, салттык, диний, тилдик өзгөчөлүгүнө карап изилдөөнү тереңдетип улантууга болот.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены