ЭЛИН САГЫНБАС ЭР БОЛБОЙТ

ЭЛИН САГЫНБАС ЭР БОЛБОЙТ

Акыркы жылдары­ Кытай Эл Респуб­ликасында жашаган 200 миң этникалык кыргыздар, дүйнөнүн башка аймактарында жашаган мекендештерибиз туурасында кабардар болуп, алардын жашоо шартына кызыгуу артып, байланыш күчөп баратат. Ал тургай жакынкы күндөрдө Ооганстандын Памир чөлкөмүндө беш миңге жакын кыргыз, Памирден Түркиянын Ван чөлкөмүнө көчүп барышкан Рахманкул хандын урпактарын Кыргызстанга көчүрүп келүү сунушу да айтылды. Ал эми коңшулаш Өзбекстанда 600 миң, Жерге-Тал, Мургаб райондорун байырлашкан 30 миңден ашык мекендештерибиздин айрымдары 90-жылдардын башынан тарта Кыргызстандын Чүй жана Жалал-Абад, Ош облустарына көчүрүлүп, учурда этникалык кыргыз макамын алып жашап келишет.

 

Алардын тарыхый мекенине кайтып келүүсү биринчи кезекте чет жактагы жашоо шарттын начардыгы. Айрыкча Оогандын Памир чөлкөмүндө отурукташкан мекендештерибиздин турмушу кыйын. Деңиз деңгээлинен 4500-5000 метр бийиктикте, жаратылыштык катаал шарттарда жашаган кыргыздардын ден соолуктары начар. Калк жыш оту­рукташкан аймактардан өтө эле алыс жайгашкан чөлкөмдөрдө жашашкан ооганстандык кыргыздарга медициналык жардамдардын көрсөтүлүшү да жакшы эмес. Ошондуктан памирлик кыргыздардын көпчүлүгүндө жүрөк, кан тамыр оорулары кездешет. Гинекологиялык оорулардын көптүгүнөн кош бойлуу кезинде ооруп, төрөт маалында көз жумган аялдардын саны арбын. Оогандык кыргыздардын 5000 кишисинин 5-6сы гана паспортко ээ болуп, калганы отурукташкан мамлекеттин жарандыгын албай жашап жүрүшкөндүгүнүн айынан мекендештерибиздин балдарынын окуу жайларда окуусу сыяктуу социалдык маселелери да чечилбей келет. Кыргызстан тарап маселени чечип, балдарды кыргыз жерине алып келип окутайын дешсе, чек арадан чыгуу үчүн документтери жок. Ошентип сыртта ХХI кылым турганы менен алардын шарты байыркы турмушту элестетет.

 

Андыктан оор шарттарда жашап жүргөн кыргыздардын тарыхый мекенине кайтып кетсек дегенде ак эткенден так эткендери жок эмес. Андайлардын бири шаартуздук кыргыздар болгон. Тажикстандык кыргыздар негизинен жерге-талдык, мургабтык, исфаралык, ходженттик жана шаартуздуктар болуп бөлүнүшөт. Булардын ичинен шаартуздук кыргыздардын тагдыры оор болгонун шаартуздук мекендештерибиз оор үшкүрүк менен айтып келишет. Кыргызстанга көчүп кетсек деген шаартуздуктар Тажикстанда оор, ыңгайсыз шарттарда, мээ кайнаткан ысыкта какыраган чөлдө турмуш кечиришкен.

 

Жашоо шарты өтө оорлогон кыргыздар Ала-Тоодон башпаана сурап Кыргызстандын бийлигине кайрылышып, Кыргызстандан атайын комиссия барып тажикстандык кыргыздардын тарыхый мекенине кайтып келиши ишке ашкан. Учурда тажик жергесинен көчүп келген шаартуздук кыргыздар Чүй облусунун ар кайсы айылдарында жашашат. Мурдагы КРнын миграция жана ишке орноштуруу комитетинин төрайымы Айгүл Рыскулова 2008-жылы Памирге атайын экспедиция менен барган учурда ал жакта жашаган кыргыздардын тарыхый мекенге кайтып келүү ойлорунда бар экендигин айтып чыккан. Бирок, дип­ломатиялык кылдаттыкты талап кылган бул маселени тез арада чечип коюуга болбосун Ооганстанда, Тажикстанда, Өзбекстанда жашап жүрүшкөн кыргыздар жакшы түшүнүшөт. Алар азырынча Кыргыз мамлекети тарабынан көрсөтүлүп жаткан моралдык, материалдык жардамдарына да ыраазы.

 

Алыста жүргөн этникалык кыргыздарга жардам көрсөтүп, алардын жашоо шарты менен таанышып келүү үчүн 2006-жылдан бери Кыргызстандын Өкмөтү тарабынан үч экспедиция уюштурулган. Этникалык кыргыздардын тарыхый мекенине кайтып келүүсү боюнча мыйзамдар чыгарылып, бир топ иштер аткарылып келет. Бирок, аларды тарыхый мекенге толук көчүрүп келүүнү азырынча Кыргызстан максат кылып кое элек. Өткөн апталарда Президент Алмазбек Атамбаевдин Түркияга болгон иш сапары учурунда да Ван кыргыздары тарыхый мекенге кайтып келүү демилгесин көтөрүп чыгышты. Бирок, азырынча бул демилге да толугу менен ишке ашырылышы мүмкүн эмес. Түркиялык кыргыздарды Түркия мамлекети колдоп, жашоо шарттары жакшы болгону менен аялдар менен эркектердин сандык катышы дал келбегендиги, Ван кыргыздарынын кыргыз тилин унутуп бара жаткандыгы алардын негизги көйгөйү.

 

Башкача айтканда, аялдар эркектерге караганда көптүк кылат. Ошондуктан бир жыл ичинде 20га жакын кыргыз кыздары күрт, түрк улутундагы жигиттерге турмушка чыгууга аргасыз болушат. Вандык кыргыз аксакалдар мындай көрүнүшкө өтө капа. Алар Кыргызстан менен байланыш жакшы болсо, кыздарыбыз кыргызстандык кыргыздарга турмушка чыгышса деп үмүт кылышат.

 

Дагы бир өкүнүчтүү нерсе Ван кыргыздары «Манас» эпосу тууралуу жакшы билишпейт. Алардын арасында Манас айткан манасчылар да жок. Вандык кыргыздарда исламдык аттар көп кездешет. Мухамедэмиль, Абдыкерим, Абдымиталип. Ал эми көпчүлүгүнүн фамилиялары кайсы жерде төрөлсө, ошол жердин урматына коюлат. Мисалы, Шариф Вадил, Кескин Памир. Ван кыргыздарына жергиликтүү элдин таасири чоң экендигин ушундан байкаса болот. Бирок, мекендештерди көчүрүп келүү жагы көп каражатты талап кылып, жер маселесин курчутат. Ошентсе да, элин сагынбас эр болбойт демекчи, алыс¬тагы мекендештер тарыхый мекенге кайтып келебиз деген үмүтүн үзүшпөйт.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены