Акыркы жылдары Кыргызстанга 10 минге жакын этникалык кыргыздар кайтып келди. Жергиликтүү эл кайрылмандар жөнүндө эмне билет болду экен? Адатта ММКда “кайрылмандарды” ар кандай көйгөйлөр менен байланыштырат. Бул жумушсуздук, турак жай маселеси, кедейчилик. Бирок бул калыптанган пикирден, айырмаланган башка да мисалдар бар.
Гульшанай да кайрылман. Ал Өзбокстандын, Андижан областында жайгашкан, Токтогул айылында төрөлгөн. 2013 жылы тарыхый мекенине кайтып келүүнү чечкен.
Шайхулло Сарыбаев, Таджикистандагы, Жергетал районунда жайгашкан Ачык Алма айылында төрөлгөн. 9 классы бүткөндөн кийин талантуу балдар лицейине өтүп, андан кийин Кыргыз мамлекеттик архитектура жана транспорт университетине тапшырган. Шайхуллонун окуган багыты – маалыматтык технология, графикалык дизайн жана програмалло тили. Шайхулоо окууну бүтө элек болсо дагы, университеттин сыймыгы боло алды.
Дагы кайралмандар жонундо калыптанган ойду бузган бир мисалды келтирске. 2019 жылы биздин мекендешибиз Азизбек Ашуров, Кыргызстан жарандыгыжок адамдардын маселесин толугу менен чечкен дүйнөдөгү биринчи мамлекет болгон учун Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар агенттигинин «Нансен» сыйлыгына ээ болгон Улуттар Уюмунун Качкындар агенттигинин маалыматында Азизбек Ашуров жетектенеен уюм жарандыгы жок жүргөн 10 миңден ашуун адамга акысыз юридикалык жардам көрсөткөнү айтылат. Бирок Азизбек өзү кайрылман экенин көөбү кабардар эмес. Өз өмүрүн Азизбек коомдун эн аярлуу катмарына арнады – алар мигранттар, кайрылмандар! Ал жетектеген уюмдун ийгилиги, көбүнөсе Ашуровдун өзуу кайрылман болгондугу менен түшүндүрүлөт
Эми бийлик Азизбек Ашуров же Гульшанай Саттарова сыяктуу кайрылмандардай ийгилике жетиш учун башка эмне кылыш керек болду экен?
Биз жогордуа кеп кылган кайрылмандардын таржымалы, жаны мекенде ийгилике жетиш толук мумкун экенин тастыктайт. Бирок буга бир сөзсуз бир шарт керек. Коом жана окмот, алардын маселелерине, койгойлоруно кайдыгер болбошу абзел.
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены