Тарыхка көз чаптырып көрсөк Сары-Кол эли илгертен эле өздөрүнүн жашоосунда тамак-аш жасоого айрыкча көңүл буруп келгендигин байкайбыз. Алардын тамак аштары дагы жашоо шартына турмуш тиричилигине тыгыз байланыштуу болуп келген. Элдин тамак ашы эң негизги азык болгон ундан, эттен жана малдын сүтүнөн жасалып көпчүлүк мезгилдерде буларга айрыкча көңүл бурулган.
Сары-Кол кыргыздары аш, тойлордо, мааракелерде жана конок күткөндө дагы айрыкча эттен жасалган тамактарды жасашып, алар менен бирге ундан, сүттөн жасалган тамактар берилген. Ал эми сүттөн жасалуучу тамактар көбүнчө күнүмдүк турмушта, анан дагы кышка карата алдын ала даярдалуучу тамак аштар жасалып алынган. Ошондон улам жергиликтүү элде “Конок тойбодум дебейт, сойбоду дейт", “Эрдик кылып кой сойду, иттик кылып төш тартты” деген учкул сөздөр дагы айтылып келе жатат.
Кой союп конок күтүү тартиби
Сары-Кол кыргыздары илгертен эле өзүнүн меймандарына, коногуна сөзсүз кой союп, анын этин жашына карата тартышкан. Бул салт илгери ата-бабадан тартып азыркы күнгө чейин сакталып, өз нугун жоготпой өкүм сүрүп келет. Меймандардын санына, улуулугуна жараша так бөлүнүп табак тартылбаса, айрым коноктордун ичинде таарыныч ой пайда болушу мүмкүн. Эч кимди таарынтпоо үчүн үйдүн кожоюну жана албетте, ар бир кыргыз жигити табак тартууну билүүгө тийиш.
Жамбаш, буйрак (куймулчак), жото жилик, кашка жилик, кары жилик, дапы өзгөчө мааниге ээ.
Жамбашты карыя алса, куймулчак байбичеге таандык. Андан кийинкиге жото жилик (ашыктуу жилик) таандык. Кийинкисине кашка жилик туура болот. Кары жиликти “жолдош жилик” деп аташкан. Элибизде кары жиликти алган адам аны чакпайт, чучугун жебейт деген кеп бар. Бул жиликтин этин таза мүлжүп үйгө сактап койсо ал үй бүлөөнү колдоп турат дешкен. Айт убагында кары жиликтен экөөнү алып калса этин таза мүлжүп жиликти босогонун эки жагына илип коюшкан. Ал “жин-шайтандын” көзүнө куралдуу коргоочу болуп көрүнөт дешкен. Томуктун этин таза мүлжүп үйдүн бир капшытына көөмп коюшкан. “Томукту кырк күн сактасаң, томук сени кырк жыл сактайт”-дешкен.
Далы болсо меймандардын арасынан сыйлуураак деген айымга берилген.
Баш аксакалга тартылып ага бир жилик кошо тартылган. Баш алган аксакал баштын куйкасын майдалап туурап, элге туткан. Көзүн алып аны үчкө же жетиге бөлүп көңүлү сүйгөн адамдарга “көздөшүп” жүрөлү деген мааниде берген.
Ал эми төштү кыз келиндердин акысы деп аларга берген.
Моюн, сеер ашкана кызматчыларынын акысы болгон. Конокторго тартылган ар бир устуканга арка кабырга кошуп коюлган.
Жаак-от жагып, эт бышыргандын акы болгон. Жаак казанга салынган эмес, аны жаагынан этини сыйрып бөлүп алып, очокко куйкалап жеген.
Меймандарга тартылбай казанда калган эттерге күн жилик, моюн, боконо, жүрөк, бөйрөк, шыйрак кирет.
Тандай -үйдүн кызына же келинине “саймачы, уз болсун” деген ниетте берилген. Баланын тили бат чыгып таттуу болсун деп койдун тилин жаңы төрөлгөн балага сордурушкан.
Абалтадан калган салт боюнча казанга биринчи кары жилик, андан кийин кашка жилик, андан соң карчыга, төш үстүнө салынып акырында баш салынат.
Кой мүчөлерү жалпысынан:
Баш-1, буйрак (куйрук)-1, жамбаш-2, кашка жилик-2, жото жилик-2, далы-2, токмок жилик-2, кары жилик-2,
карчыга-12, моюн-сеер-18, боконо-4, томук-2, долорсук-2, дөш-12, мөөрсүн-2, кабырга -12. Жалпы -78.
(Ашымов Ахматбектин материалыдан)
Мал союу жана аны мүчөлөп тартуу
Кыргыз болсоң кой сойгун,
Мүчөлөй билип, тез сойгун.
Аки забин болбосун
Мүчөсүн туура мүчөлөп,
Катары менен тең койгун.
Эзелтен эле Сары-Кол эли ата-бабалардан калган салтка жараша ар бир жигити койду союп, мүчөлөй билүүсү, ар бир мүчөнүн атын жатка билүүсү шарт жана мурас катары эсептелип келген.
Алгач койду мууздаганда таза жерге жетелеп келип, кыбыланы каратып мууздайт. Союлган мал арбактарга багышталса, дуба окуп, бата кылынат, ал эми меймандарга арналса меймандарды чакырып келип, бата суралат.
Баталардан кийин, койду оң жагына жыгытып, “Биссмилла рахман рахим, самиаллаху акбар”,-деп бычакка дем салып, “жаның Аллахтын жолунда”,-деп койду муздайт. Малды мууздай турган бычак өтө курч болуусу зарыл. Койдун мууздоо каны агып бүткөндө аны муздак суу менен жууйт, бул койдун жанынын тез чыгуусуна жардам берет. Жаны чыккандан кийин, мойнун кайрып, жүлүнүн кыюу, керек. Эгер жаны чыга электе жүлүнүн кыйса, эти, шорпосу даамсыз болуп калат.
Терисин сыйрууда оң колунан баштап, терини жиреп сол колунан бүтүрөт. Терини адегенде оң капталынан, андан кийин сол капталынан сыйрыйт. Тери сыйрылып бүткөндөн кийин, төшүн кабырга этегиндеги чемирчектен өз ыгында ажыратып, алат да, төштүн тактай этегиндеги чемирчегин кесип алып таштайт.
Төш өзү үч бөлүктөн турат:
Тактай
Чемирчек кабырга
Чарпын
Оң колду кабыргалары менен сээрдин өз жиги менен сөгүп алып, боконо кабыргаларын моюн сээрине калтырат. Үч кичине кабырга карчыгага, эки кичине кабырга боконодо калат.
Сыйрым кабырга деп беш кабырганы эттери менен кесип алат. Эки кабырга далы менен калат. Ошентип он эки кабырга ажыратылып бүтөт. Байбилчек ичке жилик өз муундарынан кары жиликтен ажыратат, же терини сыйрып жатканда эле ажыратып койсо болот. Кары жилик токмок (мыкый) жиликтен андагы эти менен, токмок жилик далыдан далыдагы эти менен, өз муундары, жиги менен бөлүнүп ажыратылат. Ал эми далы эки кабыргасы, эки мөөрүсүнү менен бирге калат. Мөөрүсүндү далыдан ажырабагандай кылып тилип койот. Сол кол да жогоркудай мүчөлөнөт.
Карчыгада алты омуртка болот: жетим сеерден айдар омурткага чейинки аралыкта болот. Алты омуртка өз жигинен мууналып кесилип коюлат. Карчыга экиге: оң карчыга жана үчтөн кабыргасы менен, өз эттери менен бөлүнөт.
Оң бутун жилигиндеги байбилчек ничке жиликтен, суу кечер жиликти кашка жиликтен бөлүп ажыратып алат. Суу кечер жилик долорсугу менен этинен мууналып бирге болот. Кашка жилик жамбаштын аштоосунан өз эти менен ажыратылат. Кашка жилик томугу менен бирге болуп, томуктун эти кашка жиликтен мууналып коюлат.
Жамбашты буйрактын (куймулчактын) калак башы менен чычаңга бириккен аштоосунан ажыратылып жамбаш буйрак майларын теңшеп туруп ажыратып алышат. Жамбаштагы жибегин алып таштайт.
Сол бут да ушул абалда мүчөлөнөт.
Буйрак айдар омурткасы менен бирге ажыратылат.
Моюн сээр бириккен жерден ажыратылат. Сээр ар бир аштоосунан мууналып коюлат. Моюнду моюн карчыга кылып, үчтөн моюн, үчтөн кабырга өз эттери менен экиге бөлүнөт.
Башты отко жүндөрүн күйгүзүп, куйкалап бүткөндөн кийин, кырып, ысык суу менен тазалайт. Андан кийин баштан жаакты өз аштоосунан ажыратып, тилден тең экиге бөлүп муунап койот. Баштын тиштерин алып салып, кулак жоолайын бычак менен тилип суу менен чайкап койот. Көздөрүнүн чечекейлерин чегип, агызып башка сүртүп койот. Анткени шорпо даамдуу болуп, куйкум даамын жоготот.
Кой союлуп бүткөндөн кийин, казанга суу куюп, этти чайкап, эң оболу оң жак кары жилик жана оң жак далы салынат. Андан кийин калган мүчөлөр салынат. Баш эң акыры салынып, тумшугу төр жакка каратып коюлат. Боор да акыры салынат. Эт бышып, элдер чакырылып, меймандарга а дегенде боор, куйрук жалпактап тууралып элге тутулат да, эт тартканда ар бир мүчө өз орду менен, катар коюлуп тартылат:
Баштын тумшугу алынып, баш табакка коюлат да, үстүне бир мүчө, көбүнчө токмок (мыкый) жилик коюлат. Жаактар элге тартылбайт, үй ээсине калат.
Буйрак негизинен көбүнчө аялдарга тартылат. Эгерде буйрак чоң болсо, ошого жараша карт болуп бөлүнүп, 2-3 адамга ылайыкталат да, үстүнө жото жиликтин долорсугу коюлат.
Жамбаш же өзүнчө бүтүн, же экиге бөлүнүп, анык чоң башы же б.а көзөө баштары, андан кийин жамбаштын калак баштары, эки кашка жилик, анан жото жиликтер, анан далылар, токмок жилик, кары жиликтер, карчыганын омурткалары канат эттери менен тилинип, алты омуртка, карчыганын кабыргалары, сыйрым кабыргалар, сээрлер, боконо кабыргалар, моюндар, (ооз моюн үй ээсине калат) төштүн тактайлары, чемирчек кабыргалар, акырында төштүн чарпындары узатасына тилинип коюлат.
Үйлөнүү тоюнда же жигитти кыздын ата-энеси “отко” чакырса, күйөө балага, жолдошторуна жана кызга бир жамбаш жана бир далы тартылат. Күйөөгө жамбаш тактап айтканда жамбаштын көздүү бөлүгү, ал эми кызга далы, жамбаштын калак башы, далынын кабыргалары, күйөө жолдошторго тартылат. Ошондон улам Сары-Колдун кыргыздары “Жамбаштын эти катык, катык болгону менен татык, далынын эти жумшак, жумшак болгону менен сумсак”,-деген экен.
Эгерде той-аштар болуп, жакын тууган-уруктарына, дос-жарына мүчө коюп берилсе, кары жилик менен токмок жилик берилбейт, себеби: “Кары жилик каалабаганга, токмок жилик тоотпогонго берилет”,-деген сөздү мүчө койгон адам билген болсо, эсине түшүп, оюна кылт дей түшсө, көңүлү иренжип калуусу ыктымал деп эсептешип ал мүчөлөрдү тартышпайт.
Эт тартууга байланышкан ырым жырымдыр
Жамбаш эттин көзөө сөөгүнөн үч жолу эт өткөзүп жакшы көргөн адамыңа берсен ар дайым жамбаштын көзөө башын көргөндө сен эсине түшөсүң. Өмүр өткөнчө эстеп турган эстелик болот, бул турмушта кездешип келе жатат.
Кары жиликтин касиети чоң деп эсептелет. Мүлжүлгөн жети кары жиликти тизип, үйге илип койсо үйдүн кутун учурбай кармайт, же үйдү ар дайым Кызыр Ата жылоолоп кырсыктын болбосун Аллахтан зикир чалып тилейт деп ишенишкен.
Далынын касиеттери: Далы караган адам алдында, келерки учурда кандай иштер боло турганын билип алышат. “Далыдан көрдүңбү?”- деген сез ошондон калган. Далы карап мерген кийик ата алабы, короодо мал өлө турганын же өлүмүн даана билишкен.
Карчыганын омурткалары табышмактуу болуп, ар бир бөлүктөрүнүн аталышы бар:
Омуртканын эки жагындагы сөөгү “карчыга куштун канаты”
Оң; маңдай “баатырлардын маңдайы”
Сол маңдайы “чечендердин таңдайы”
Үстүндөгү кайкы “кандар ашкан кайкы”
Түбүндөгү сөөк “карчыга куштун тууру”
Эки жагындагы кичине сөөктөр “алгыр куштун азуусу”
Ортосундагы көзөөнө “сулуу уздун оймогу, ок жыландын ойгону” дейт.
Кашка жиликти сындырып жаткан учурда ортосу сынбай эки башынан сынып сөөк көздөө бойдон түшсө ат алат деп жипке байлап илип койгон.
Томукту тазалап кыз-жигит этке ороп, же билдирбей бири-бирине берет: “Томугум сага табыл:-деп үч жолу айтып берет да, үч күндөн же үч айдан, же үч жылдан кийин: “Томугумду бер”-деп үч жолу доолап калат. Ошондо томугун кайтарып бере койбосо жазыктар болуп, жазыктар адам доолаган адамды ыраазы кылып бир баалуу буюм же кийим, же мал берет. Бул “Томук оюну” деп аталат.
Жамбаштын көзүндөгү тарамыш жипти түндүктүн чамгарагына чаптай урат да, “атым күлүк болсун” деп койот.
Койдун ичиндеги чел менен капталган тунук суудан жергиликтүү эл ичинде “уул тубар” же “ыйлакча” деп да аталат, кош бойлуу келиндерге төлгө салышат, келин уул же кыз төрөшүн билип алдын ала жакшы максат менен сүйүнчү алат.
Боконо кабырганы жакшы көргөн кызына деп арнап алып калат да, ошого берет. Ооруулуу адам тузсуз (митан) тамак ичип сакайып кеткенде ашка аралаштырыш үчүн улак же козу союп, ошонун боконо кабыргасы менен ашка аралаштырышат.
Койду союп ичегини алган учурда жоон ичегини чарба жугумдуу болсун деп узун үзүшөт.
Төштүн баш тактайын багы ачылсын деп жалгыз кызга арнап беришет. (Маматумаров Акылбектин материалдары)
Койдун омурткасынын түзүлүшүн карап туруп бир акылман - омуртканын үстүн “тулпар аттын ээри”, маңдай жагын - бул “баатырлардын маңдайы”, арткы чуңкур жерин - бул “чечендердин таңдайы”, эки канатчасын бул “карчыга куштун канаты”, ортосундагы өзөкчөсүндөгү оюкту бул-“шумкар куштун тууру”, ал эми оюктун эки жаккы уркуйган жерини бул- “тулпар аттын азуусу”- деп айттым айткан экен.
Айдар омуртаканын чечмелениши
Илгери эл чогулган жерде, эт тартылган учурда “айдар” омуртканы алган адам аны тазалап этин жеп андан оң жагындагы отурган адамга алдырат да, анын түзүлүшүн чечмелеп берүүнү сунуштайт. Көпчүлүк учурда омуртка жаштарга берилип аны чечмелөө сунушталган. Мында омурткага кошулуп акчалар б.а. 3,4,5 сомдон ташташкан. Омуртканы туура чечмелеп берген адам ошол акчаларды чогултуп алган. Эгерде чечмелей албаса, жыгылыштуу болгон, ал эми омуртканы алдырган киши өзү чечмелеп берген.
Сары-Кол (Чыгыш Памир) ТБАО Мургаб району
"МУРГАБ ЭЛИНИН МУРАСТАРЫ"
С.Таджидинов, Ж.Ибраимова
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены