"Абдан бийик тоолуу аймактарда жашаган, мисалы, Памир тоолорун мекендеген адамдардын арасында оорулуулар абдан көп. Мындай жерде жашагандардын өпкөсүнүн тамырларынын кан басымы көтөрүлүп кетет, андыктан түздүктө жашаган адамдар бийик тоолуу аймактарда жашагандарга караганда көбүрөөк жашашат", - деп билдирди тоо медицинасы боюнча Бүткүл дүйнөлүк симпозиумда Кыргыз гематология илимий борборунун директору, профессор Абдухалим Раимжанов.
"Бийик тоолуу аймактарга адам барганда демигип, өпкөсү көөп чыгат. Кан басымы да көтөрүлүп, өңү жердин өңүндөй кара-күрөң тартып, оозунан көбүк менен кан аралаш чыга башташы мүмкүн. Эгерде алгачкы жардам көрсөтүүгө дары-дармек жок болсо, дароо жок дегенде бир чакырым ылдый алып түшүү керек. Мен өзүмдүн тажрыйбамдан ушундай ыкма менен 30дай адамдын өмүрүн сактап калгам", - дейт академик.
Ал эми жүрөк кемтиги менен төрөлүү аз кандуулуктан, аялдын организминде темирдин жетишсиздигинен болорун билдирет Раимжанов.
"Учурда жаш балдардын тубаса жүрөк кемтиги, кан оорусу менен төрөлгөндөр көп экендиги аныкталууда. Мунун аз кандуулук, жакын туугандардын никеге турушу өңдүү дагы башка көп себептери бар. Гематолог катары оорулуу балдардын төрөлүү себептери ушулар деп айта алам. Ошондой эле үй-бүлөнү да пландоо керек. "Кудай берип жатат" деп эле төрөй бербей, аралыгы жок дегенде 3-4 жыл болуш керек. Аял кош бойлуу кезде, төрөгөндө организминдеги темир элементи азайып кетет. Төрөгөндөн 3-4 жылдан соң калыбына келет, андыктан темир элементи көп болуш үчүн адам витаминге бай азыктарды, жашылча-жемиштерди колдонуусу зарыл", - деди профессор А.Раимжанов.
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены