Совет мезгилинде Мургабта 1-май эмгекчилердин майрамы деп эсептелинип майрамдалган. 1-май майрамы Сары-кол өрөөнүнүн борбору Мургабта белгиленген.
Совет бийлиги уюштурган салтанатка райондун калкы чогулуп, митинг өткөрүлүп, майрамдык маанай жаратуу жана 1-майды белгилөө жөрөлгөсү жасалып, майрамдык салт түптөлгөн. Майрамга чогулган эл жана чек ара аскерлери революциялык ыр менен Мургаб районунун борборундагы аянттан шаан-шөкөт менен өтүшкөн.
Майрам «Май эмгек майрамы» аттуу чоң программадагы майрамдык концерт менен уланган.
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены