...Бул өлкөдөн чыгып үч күн ат менен түндүк-чыгыш тарапка барсаңар эң бийиктике кезигесиңер, айтууларга караганда бул дүйнөдөгү эң бийиктик деп эсептелинет. Силер бул бийиктике чыкканда ачка жырткыч он күн жеп тойгондой кооз жайлоосун аралап дарыя агат. Бул жер Памир деп аталат, он эки күн киши жашабаган чөл аймакты аралап өтөсүнөр, ошого жараша керектүү нерселериңерди жаныңарга алып алууңар зарыл. Бул жер аябай суук жана бийик болгондуктан асманда учкан канаттуу куш дагы көрүнбөйт. Ушул сууктун себебинен от жай күйүп жылуулук анча бербегендиктен тамак бышырып жеш кыйынга тураарын айта кетишим керек.
Марко Поло, Миллион, XXXVII бөлүм
Марко Поло жазып кеткен кыйын шарттарга карабай малчы элдер Памирге көчүп келе башташкан. Памирге келген кыргыздардын көчүп келүүсүн бир канча этапка бөлсө болот. Алгачкы кыргыздар Памирдин чыгыш бөлүгүндөгү Сары-Кол тоо кыркаларында жашаган. Кээ бир тарыхый маалыматтар боюнча кыргыздар Памирде XII кылымдан тартып жашап келишкен бирок бул маалыматты далилдегенге конкреттүү далил жок.
Чыгыш Памирдин (азыркы Кытай жана Тажикстандын территориясы, азыркы тажик территориясы Тоолу-бадахшан АО жана Сары-Кол тоо кыркасы) кыргыз калкынын белгилүү бөлүгү 16 кылымдын экинчи жарымында келип баштаган. Ал эми Бухардын Абдулла ханы XVI кылымдын II жарымында Бадахшан, Шугнан, Рушан сыяктуу хандыктарды өзүнө баш ийдирүүгө аракет жасаганда памирдик кыргыздар, өз алдынчалыгын сактап калыптыр. Мындай кабарлар Хавиз менен Тааныштын чыгармасында айтылат.
1575-жылы кыргыздар, Абдаллах-ханынын аскери алыста болгонуна таянып ага тийешелүү жерлерди басып алышкан. Каратегин тарапка бет алышып Гассирге жана Дех-и-науга (Денау) чейин жетишкен. Артка кайра барган жолу менен кайтышкан.
Калмактар Чыгыш Түркестан менен Тянь-Шанда үстөмдүк кылып турган мезгилде памирдик кыргыздар көз каранды болбой жашаган. Бирок, калмактар өздөрүнүн Галдан хан (1671-1696) аттуу ханы бийликте турган кезде Памир районунда турган кыргыздарга чабуул коюп турган. Мындай тарыхый маалыматтарды элдик легендалар чындыкка чыгарат.
18 кылымдын башында чыгыш Памирге этникалык жактан монголдорго жакын болгон калмак жана жунгар уруулары келип башташат. Кыргыз жана калмак урууларынын ортосунда салгылашуу убагы башталат, анын аягы калмактарды Чыгыш Түркестанга кууп чыгуу менен аяктайт. Бул акыркы кууп чыгуунун себеби болуп жунгар ханынын тарашы жана 1759-1760-жылдары кытайлар менен салгылашуусу саналат.
Калмактарды Чыгыш Памирден кууп чыккандан кийин кыргыздар афган Гиндукушага чейин жетип кенен жашап калышкан. XIX кылымда кыргыздардын саны 35 000, XX кылымда 85 000 адамга жеткен.
1892-жылы Б. Л. Громбчевскийдин башчылыгы менен Памирге россия администрациясын орнотуу максаты менен аскер отряды келгенде 200 түтүн болуп 2000 адамды санаган. Бул сандарды тактап караганда кыргыздар мындан беш эсе көп болуп чыккан.
Кыргыздар боз үйдө жашашкан, кыштын суук күнүндө шамалдан сактанууга ылайыкталып таштан салынган үйлөрдө баш калкалашкан. Кышкыга камдаган тамактарынан кургатылган сыр же кытайлардан малга алмаштырып алган ун болгон. Памир областындагы кыргыз көчмөнү топос, кой, бука, жана уй, бир-эки төө, ат кармаган.
Тагеевдин айтканы боюнча 1897-жылы көчмөн кыргыздар Памирде өздүк калктын негизин түзгөн себеби биринчи иретте тоолуу кыйын шарттарда жашаган Вахандан, Шугнан жана Рушандан качып келген тажиктер аз жашаган. Тажик эли жапайы жаныбарларына жана канаттуу куштарга мергенчиликке жөнөкөй курал же таптакыр куралсыз чыгып жатканда кыргыздардын өздөрүнүн товарына базардан алмашып алган жакшы атуучуу куралдары болгон.
Памир кыргыздары биринчи орунда урууларга бөлүнгөн жайыттары бар малчылар болгон (Кыргызстан территориясына окшош). Бирок бул жайыттар жакшы болбогондуктан уруулардын ортосунда чырлашып, жакшы жайыттарды алган киши менен талаш тартышы болгон. Ушул себептин айынан кыргыздар Алтай (азыркы түштүк Кыргызстан), Кашкар (Кытай) жана Гармага (Каратегин – Сурхоб дарыясынын куймасы) көчүп турушкан. XX кылымда ар бир уруулардын өз алдынча ээлеген кыштоолору жана жайлоолору болгон.
Мургаб
Мургаб районундагы кыргыздардын саны болжол менен 15 000 адам. Кыргызстандын территориясына жакын жашаган тажик кыргыздары Кыргызстан кыргыздары менен тыгыз байланышта болуп келет, жаштар Ош жана Бишкек шаарларында университеттерде окушат, больницага дагы Кыргызстанга барып көрүнүп келип турушат.
Мургаб областы татаал шарттын (3576 м бийиктикте) айынан жайыт эң чоң ролду ойногон Тажикстандын территориясынын жери болуп саналат. Бул жердин шартына эчтеке өстүрүүгө болбойт ошол себептен топос кана багуу бул шартка ылайыктуу иш. Бул жерде кыргыздар менен тажиктердин саны барабар. Областтын борбору Мургаб шаары Хорогдон Кыргызстанга андан ары Кытайга кеткен жолдо жайгашкан.
Акыркы жылдары туристтердин башкы борбору болуп Хорог (ТБАО борбору) шаары эсптелип Мургабта дагы бул ишти өнүктурүүгө аракет жасашат. Шаарда бир канча туристтик организациялар иштеп келет. Кыргыздардын оокат кылуусу соода менен болуп калган.
Кара-Көл
Мургаб районунун бул айылы мал чарбасына кана көз каранды болуп калган. Айылда 1935-жылы Кытайдан (Маржу) келген кыргыз калкы жашайт. 1935-жылга чейин бул айыл жок болчу жана кийин бир канча уруудан турган көчмөн кыргыздарынын келиши менен айыл пайда боло баштаган. Биринчи үйлөр бул аймактарда кыркынчы жылдын башында Экинчи дүйнөлүк согуш убагында курулуп баштаган. Совет убагына чейин жана Совет убагынан кийин дагы бул жерде мечет жок болуп кийин 2000-жылы кана тургузулган. СССР убагында диний Орозо-Айт, Курман-Айт майрамдары майрамдалбачу (башка жерлердей эле) эгер бул тартипти бузгандар болсо колхоздогу жумушунан айрылып калган.
Кара-көлдүн тургундары тажик акцентин кошпой так кыргыз тилинде сүйлөшөт. Кара-көл кыргыздары найман, кыпчак, тейит, кыдырша урууларынан турат. Азыркыга чейин жергиликтүү жана Экинчи дүйнөлүк согушка чейин (1935-ж) келген “кытай” кыргыздары деп эки топко бөлүнүшөт.
Башка кыргыздарындай эле Кара-көл кыргыздарында салт санаалырды сактоого чоң көңүл бөлүнүп келген. Мисалы, калымды төлөө (калымдын саны орточо эсеп менен алганда 30 кой, 30 000 сом жана 3 топос алардын ар бири 15 000 сом болгон), уруулар тууралуу билүү; бирок бул жерде “Манас” эпосу тууралуу эч ким билбейт (бул Кытайдагы кыргыздардын улуттук салты болгону менен). Респондент Досбай санап кеткен жети атасынын аттары кыргызча кана аттардан турган (Досбай → Мамек → Бекиш → Коконбек → Досбай → Мусаяр → Кудаяр).
Деңгиз денгеелинен 4000 м бийиктикте жайгашкан жана шарты татаал климат (жай мезгилинде температура 15º тан ашпайт, кышында -45º ке чейин жетет) менен байланышкан Караколдо айыл чарба продуктасы таптакыр өспөй мал чарбачылык менен оокат кылып келишет. Бул жерде жайгашкан туздуу Кара-көл көлү балык кармаганга болбойт. Айылдын жанында жайгашкан жайыттар малдарга кенен жетпегендиктен жай мезгилинде жайлоого чыгышат. Июнь айларында болгон көчүүгө бүт үй бүлө катышып кайра сентябрь- октябрь айларында кайтып келишет.
Бул аймактын кыргыздары тери жана жүн сыяктуу товарларын Мургабга алып барып же болбосо Кыргызстанга алып барып сатышат. 2007-жылы айылдын тургуну Советтер Союзу таркагандагы жашоосундагы эң жаман абал болуп колхоздун тараганын эскерет. Колхоздун малдары колхоз жумушчуларына эле эмес айылдын баардыгына тең болбосо дагы жалпы элге бөлүнгөн. Колхоздун жумушчулары беш уй алса мамлекеттик кызматкерлер жана мугалумдер бир уй алганга укуктары бар болгон.
Жашоонун оңолушуна карабай мамлекеттик кызматкерлердин айлык акысы мурдагыдай эле аз болуп болжол менен отуз доллардын эквиваленти. Айылдагы эки үй аз болсо да келген туристтерди тосуп акча таап келишет. Кыргызстан жана Мургаб менен болгон кабардын аздыгы буга себеп болуп келет (Сары Таш аркылуу Ошко кеткен жол аябай жаман).
Раң-көл
Кытай менен жана бир аталыштагы көлгө жакын Раң көл чыныгы кыргыз айылы болуп саналат. Аталышы Сулуу көлдү билдирет, Раң сөзү азыркы кыргыз тилинде колдонулбайт.
Бул жердин калкынын келиши тууралуу үч вариант сунушталат.
Кыргыздардын алгачкы ата-бабалары көчмөн калк болгондуктан, алар көчүп отуруп ушул жерлерди мекендеген кийин бул айматтарды чийип чек жасап салганда бул кыргыздар калып жашап калышкан.
Экинчи варинтта Чынгызхан убагында кыргыздар качып Раң-көл көлүнүн жанына отурукташып калышкан.
Үчүнчү варинтка таянсак, кыргыздар Раң-көлгө Кокон хандын убагында келген (1709-1876 жж.). Ал эми жергиликтүү калктын айтуусу боюнча байыркы кыргыздар Раң-көлгө VIII–X кылымдарда (бул убакыт Манас жомогун дагы камтыйт) келишкен.
Бул аймактын тарыхчысы (60 жашта) кыргыздарды үч негизги топко бөлөт:
Ичкилик (памир кыргыздары)
Түштүк (Кыргызстандын түштүгүндөгү кыргыздар)
Аркалык (Кыргызстандын түндүгүндөгү кыргыздар)
Түштүк Кыргыздарына өзбектердин таасири, ал эми түндүк Кыргызстанга орустардын таасири тийген. Памир кыргыздары алардан айрымаланып чыныгы кыргыз калкы дейт, тарыхчы.
Памир кыргыздарынын Хорогдо жашаган өздүк лидери, котормочу, акын, Мургаб районунун председатели жана тажик парламентинин катышуучусу Тойчуев Майрамбек. Ал тажик бийлиги менен болгон тажик кыргыздарынын ортосунда болгон кыйынчылыктарды чечип жардам берет.
Булардын жарымы Кашкардан келген кыргыздардын тукумдары жана кээ бири Чоң Алайдан келип, калгандары жергиликтүү калк. Кайсыл тараптан келгендери тууралуу суроо узатсан бардыгы түпкү тамырлуу калкбыз деп жооп берип жана ата-бабаларын санап баштаганда (ат аталыштарынан) алардын түпкү тамыры Кашкардан экени билинет. Айыл Советтер Союзу учурунда тургузулган, айылдык мектеп дагы Совет убагында курулган ага чейин 1930-33-жылдары боз үйдө окуп билим алышчу. Үйлөрдү 1935-жылдан кийин коллективизация келип жана көчмөн калкттар отурукташканда тургузуп башташкан. Тарыхчынын айтуусу боюнча, анын бала чагында айылда алты үй кана болгон.
Советтер Союз убагында айылга электроэнергиясы коюлган, кийин Советтер Союзу таркаганда электроэнергияны токтотуп салышкан. Азыр телевизор көрүш үчүн, радио угуш жана свет жарыгын колдонуш үчүн ар бир үйдө дизел агрегаты колдонулуп келет. Колхоз таркап кеткенден кийин жумушка орношуу кыйынчылыкка турган. Мал чарбачылык менен саналуу кана үй бүлөлөр иштешет малдарын жайытка алып чыга албагандар башка малчыларга кошуп коюшат. Жайыттарга жыл сайын чыккан үчүн короо-сарай тургузуп атайын жайытка даярдап коюшкан. Айылда мечет бар болгону менен бул жердин калкы намазды аз окуйт.
Мурун үйлөнүү тоюн ата-энеси чечип келиндин калымы 3 топос, 30 кой, жана орто эсеп менен 30 000 кыргыз сомун түзгөн. Азыркы күндө үйлөнүү тоюна караштуу суроолорго тажик президенти Рахмонов дагы кийлигишип белгилүү аз калым төлөгөнгө чакырат. Калымдын эң жогорку суммасы жана өлгөн адамды койгондо союла турган малдын саны 2007-жылы кабыл алынган закондун негизи менен кыймылдап калган. Азыр калым 1 топос, 10 кой жана 10 000 сом. Үйлөнүү тою ЗАГСта өтүп кийин той үйдө улантылат. Туугандар арасында нике кыйылбайт.
Бул кыргыздардын жашоо жана маданияттагы суроосу болуп калымдын төлөнүшү жана никеге туруу башкы өзгөчөлүктөрү болду (жегиликтүү тарыхчынын ою боюнча). Калымдын азайышын туура деп эсптейт. Бирок жаштар өз тандоосу менен кана никеге туруу керек дейт.
Тарыхчы тейит уруусунан жана өзүнүн 14 ата бабасын жатка билет (болжол менен 1650-жылдан берки):
Раң-көлдөгү тарыхтар
Кыргыздарда оозеки манасчылар айтып келген Манас чыгармасы кана болбостон, алардын кылган эрдиктери тууралы айтылган уламыштарды азыркы убакта угуу кыйын. Кээ бир үйлөрдө эч кандай жомокторду айтып бере алышпайт же кээ бирлери китептерден окугандарын эстеп калышат. Кийинки эки уламыш жомогу Раң-көл менен байланышып жергиликтүү мугалимдин айтып берүүсүнөн.
Жоголгон байлык
Илгери-илгери Раң-көлдө Кудайберген аттуу бай адам жашайт. Ал кытай жана орустар менен соодалашып жүрүп көп байлык топтойт. Жакшы мусулман катары ал Меккеге сыйынып келгенге кетет. Алыс жолдон ар кандай жамандыктарга учурап кеткендер артка кайтып келбей да калышчу. Кудайберген алтындарын катып аны беш жаштагы баласына көрсөтүп жолго чыгат. Бирок кийин кайра кайтып келбейт. Муну билгендердин баары катылган байлыкты издеп жана Кудайбергендин баласы катылган жерди эстей албай табылбай калат. Кийин орустар Раң-көлгө келишип катылган алтынды издеп таппай кайтышат.
Ишеништүү ит
Раң-көлдө бактылуу мергенчи аялы жана баласы менен жашаган. Уруулардын арасында согуш башталганда бул үй-бүлө тоого качып кетишип бактылуу жашоосун уланта беришет. Кийин алардан бакыт качып, аялы күйөсүнүн кийимдерин дагы жуубай калат. Бул көрүнүш күйөөсүн таң калтырат. Ошол себептен бир күнү ал аң уулоого кеттим деп аялын аңдып анын бир эркек менен жолугуп жатканын кармап калат. Бул иш көптөн бери болуп жатканын билген күйөөсү аялын өлтүрүп салайын деп уруп баштайт, артынан кирген аялынын ойношу жардам бергенге аракет жасайт. Ошол убакта мергенчинин ити ойношунун колун тиштеп кожоюнуна жардам берет. Мергенчи экөөнү өлтүрүп өзү баласы менен жашап калат. Ошондон бери аялыңа караганда итиңе ишен деп айтып калышкан.
Ишеничтүү ит тууралу дагы кыргыздардын калмактар менен болгон согушунан чыккан бир уламыш бар. Илгери бир (хан) Шырдак деген көп койлуу, бай адам жашаптыр. Анын сулуу аялы бар экен. Аялын аябай жакшы көргөндүктөн жалгыз үйлүү кылып, күнүнө кырк кара койдун чучугуна түрдүү оокат жасатып бакчу экен. Хан Шырдактын өзүндө 6 кулач Ала Байталы, бир мылтыгы, Даңгыт жана Маңгыт деге эки ити болуптур Хан Шырдак кой кайтарып кеткенде калмактардын бир башчысы сулуу аялы менен сүйлөшүп жүрүптүр. Күндөрдүн биринде калмактардын башчысы Хан Шырдакты өлтүрүп, аялын алып качмак болот. Бирок Хан Шырдак билип калып, 6 кулач Ала Байталына минип алып аялын учкаштырып, эки итин ээрчитип, үйүн малын таштап качат. Калмактар Хан Шырдакты эртеден түш оогонго чейин кууп, акырында жетмек болушат. Хан Шырдактын ошондо мылтыгы эсине түшүп, ийининен ала коюп атайын десе, белине курчанган окторун аялы жол катар бирден сурууп таштай берген экен. Хан Шырдактын айласы кетет. Ала Байталы да арыйт. Акырында аттан түшүп аялына атын карматып, калмакты күтүп калат. Калмактын башчысы да кууп жетип аттан түшөр замат экөө күрөшө кетет. Күрөш көпкө созулат. Акырында Хан Шырдак жанагы калмакты тизелетип калганда, аял аттын чылбырын Хан Шырдактын бутуна чөрөй салат. Хан Шырдак жыгылат. Калмактардын башчысы өлтүргөнү кынынан бычагын суурмакчы болуп калганда Хан Шырдак жаткан эки итин аттарынан айтып, жардамга чакырат. Мына ушунда эки ити келип калмактардын башчысын талап, туш тарапка созуп кетет. Хан Шырдак тура калып калмакты да, аялын да бычак менен сайып өлтүрөт. өзүнүн Ала Байталын минип, эки итин ээрчитип, ошондо хан Шырдак: “Ит-бапаа жолдош, катын жапаа” деп жүрүп кеткен.
23. 12. 2009
Петр Кокайсл Экономика жана Менеджмент факултети Прага
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены