Таджикстандагы жашоо үчүн адам чыдай алгыс беш жер

Таджикстандагы жашоо үчүн адам чыдай алгыс беш жер

Тажикстандын аймагынын 93% тоолуу аймактардан турат. Бул жердин ландшафты өтө кооз болгону талашсыз. Бирок жашоо үчүн такыр туура келбейт. Биз бул өлкөдөгү жашоо үчүн мүмкүн болбогон, анткен менен адамдар күн көрүп келаткан беш айылды "Ынтымактын" өнөктөшү - "Мейкин Азия онлайн" тизмектеди.

 

Сари-Хосор (Бальджуван району Хатлон облусу)

Союз маалында Сари-Хосорго эки жол менен гана жетүү мүмкүн болчу: же учак менен, же тоолорду аралап өтүш керек эле. Башка жолу жок болчу. СССР урагандан кийин жергиликтүү аэродром талкаланып, жергиликтүү адамдар үйгө жетүүнүн жаңы жолун ачышты: Сурхоб тоолуу дарыясынын агымы аркылуу. Бальджуванда (район борборунда) жүргүнчүлөр “Уралдын” же “ГАЗ-66” унаасынын кузовуна отурат. Жүк ташуучу машинелер сууга түшүп, суу менен айылдарга барышат. Бальджувандан Сари-Хосорго чейинки аралык 30 км түзөт, бул жолду басып өткөнгө төрт саат кетет.

 

Tadj jashoo 1
Сари-Хосор

 

Мургаб (Мургаб району, Тоолуу Бадахшан автоном району)

Мургаб районундагы кыштактар деңиз деңгээлинен төрт миң метр бийиктикте жайгашкан; ал жерден Душанбеге өтө коркунучтуу тоолуу жолдор менен бери дегенде 20 саатта жетесиң. Бул жерде жамгыр көп жаабайт; кыштактарда бак-дарактар да, бадалдар да өспөйт. Жер-жемиштердин жана жашылчалардын жетишсиздигинен жергиликтүү калктын ден соолугу да начар: мургабдыктардын көбү эрте жашында эле тишинен айрылат. Мургаб районунда кышында температура 50 градуска чейин төмөндөсө, жайында 15 градустан өйдө көтөрүлбөйт, кээде минуска чейин да түшүп кетет. Мургабда электр жарыгы дээрлик жок жана жергиликтүү калктын басымдуу бөлүгү терескен жагып жылынат.

 

Tadj jashoo 2
Мургаб (Мургаб району, Тоолуу Бадахшан автоном району)

 

Шинг капчыгайы (Пенджикент району, Согди облусу)

Бул капчыгай укмуштуудай кооз болгондуктан туристтер арасында өзгөчө популярдуу жерге айланган. Бирок жергиликтүү калктын турмушу өтө начар: алардын үйлөрү таштардын жана аска зоолордун арасында жайгашкан. Ошондуктан аларда айыл чарбасы менен алектенүү, же мал багуу мүмкүнчүлүгү жок. Самандан үй куруу үчүн чөп жана ылайды бул жерден табуу мүмкүн эмес. Ошондуктан турак жайларды да таштардан тургузушат. Мындай үйлөр кышкысын суук, жай мезгилинде ысык болот. Жыл сайын жаз-жай маалында сел жүрүп, таштар түшө баштайт. Ошондуктан табигый кырсык араң турган үйдү жок кылышы мүмкүн.

 

Tadj jashoo 3
Шинг капчыгайы

 

Фируза кыштагы (Носири-Хусрав району, Хатлон облусу)

Мургабдыктардан айырмаланып, Носири-Хусрав районунун тургундарында жылуулук жетиштүү: жайында температура 50 градуска чейин көтөрүлөт. Ал эми таза сууну 20 километр аралыкта да табуу мүмкүн эмес. Сууну бул жакка эшектерге жүктөп алып, пластмасса бактар менен ташышат. Качандыр бир кезде бул жердеги талааларда пахта өсчү, бул болсо топурактын шордонуусуна алып келген. Эми болсо жерлердин басымдуу бөлүгү жараксыз болуп калды. Кыштакта базар да, дүкөндөр да жок; бул жакка транспорт каттабайт. Бир нече аптада бир жолу такси келип, адамдарды район борборуна жеткирип турат.

 

Tadj jashoo 4
Фируза кыштагы

 

Бартанг өрөөнү (Рушан району, Тоолуу Бадахшан автоном облусу)

Бул өрөөндөгү көпчүлүк кыштактарда электр жарыгы эч качан болгон эмес. Тургундардын үйлөрүнө жарык Тажикстандын президентинен белекке алган фотопанелдердин жана аккумуляторлордун жардамы менен жетет. Кышында күн көп жакшы тийбейт жана адамдар бир гана лампаны күйгүзүшөт (жайында төрт лампага чейин күйгүзө алышат). Атайын жабдуу алгандар телевизор көрө алышат – бул бартангдыктар үчүн тышкы дүйнө менен байланышуунун жалгыз жолу.

 

Tadj jashoo 5
Бартанг өрөөнү (Рушан району, Тоолуу Бадахшан автоном облусу)

 

Татаал жаратылыш шарттары менен күрөштөн тышкары бул кыштактарда жашагандар социалдык-экономикалык кыйынчылыктарды да башынан өткөрүшөт: алыскы кыштактарда жумуш да, сапаттуу билим алуу жана квалификациялуу медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгү да жок. Канчалык аракет жасаганы менен бул жактагы адамдар башка өлкөлөргө иш издеп да кете албайт, анткени аларда жолго акчасы жок. Мындай оор шарттар адамдардын мүнөзүнө терс таасирин тийгизиш керек эле. Бирок андай эмес. Мындай алыскы айылдарда жашаган оптимисттик жана ак көңүл адамдарды бардык шарты бар шаардыктардын арасында да таба албайсыз. Бул жерде жолоочу менен акыркы нанына чейин бөлүшүп, балдарына аяр мамиле жасап, жаркын келечекке план курушат, алардын кичи мекенине болгон сүйүүсү чексиз. Алар эч качан үмүтүн үзүшпөйт. Балким туристтер бул жерлерге кооз, ошол эле кезде каардуу пейзаждарды көргөнү эмес, көбүрөөк адамдар менен таанышуу үчүн да келишет чыгаар. Анткени бул адамдар жашоонун маңызын жакшыраак билишет.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены