АЙЫЛЫМА КАТ

АЙЫЛЫМА КАТ

Мен бүгүн туулуп өскөн айылыма кат жазууну чечтим. Ээх, менин туулуп өскөн алтын бешигим, киндик кан тамган Ата-Журтум! Бир өзүңө болгон сагынычым күчөп кат жазгым келди.

Амансыңбы, Сары-Колум!! Мен кеткенден бери бир топ өзгөргөн чыгарсың. Койнуңдан далай уул-кыздарыңды учуруп чыгаргандырсың? Сакалын жайкалтып батасын берген аталар, акылын айткан ак элечек апалар азайып өтүп кетип жатканын эстеп кейип да кетем. “Атаң өлсө өлсүн, атаңдын көзүн көргөн өлбөсүн” – деп каниет кылып жүрсөм, алар да суюлуп кетип жатканына жүрөгүм тилинет.

Мен өзүңдөн кеткениме 35 жыл өттү. Сагыныч күчөп ушул катты жазууга кириштим. Бирок туулган жерди сагынуу, айылына кат жазуу өтө оор, кыйын экенин сездим. Акырындап муун алмашып баратат. Барган сайын мен туулуп өскөн айылыма чоочун болуп бараткансыйм. Ошол айылымдын кучагында өсүп чоңоюп, чуркап, ойноп абасын жутуп, суусун ичип чоңойбодум беле. Эми менин чоочун болуп калганым кандай арман. “Кыз бала чийден сырткары, бирөөнүн бүлөөсү” – деп бекеринен айтылбаса керек.

Ар бир аял затына өз айылын сагынып, жашоо буйруган экен деп өзүмдү жоошутуп келем. “Бир көрүп алсам арманым жок эле” – деген сөздүн маанисин тереңдеп түшүнүп отурам. Балалыгым көз алдыма тартылат. Назим Хикмат айткандай “Туулган жер бир арманым, мен сага бир түп дарак тиге албадым”. Сага болгон сагынычымды, кусамды ушул кат аркылуу билдиргим келди.

Катымдын аягында А.Осмоновдун “Сен ооруба, мен ооруйун Ата-Журтум” – деген ыр саптарындай эч качан оорубагын киндик кан тамган Ата-Журтум!!!

 

"САРЫКОЛ" пресс

Эркайым Мамытова

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены