Бүгүн 24 июль Алай районундагы Сары-Могол айылынын 70 жылдык мааракеси белгиленди. Бул иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов катышып, айыл тургундарын торколуу тою менен куттуктады. Ошондой эле эл өкүлү У.Примов ЖК төрагасы Ч.Турсунбеков менен КСДП фракциясынын лидери И.Өмүркуловдун да куттуктоолорун жеткирди.
Сары-Могол айылынын мааракесине Сары-колдон жана башка аймактардан коноктор келишип, жалпысынанан алганда беш миңге (5000) жакын эл катышып, айылдык жамааттар параддан өтүшүп, концерттик программа, спорт жана улуттук оюндар, көк бөрү, кыз куумай, ат жарыш сыяктуу оюндар менен коштолду.
Айыл элинин ынтымагында кеп жок. Бийик тоолуу аймакта болсо да мааракени өтө сонун уюштуруптур.
Белгилей кетсек, Сары-Могол айылы деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан. Дарак өспөйт, эгин бышпайт. Жайыт жери болгондуктан, 1946-жылы Тажикстандын Мургаб районундагы кыргыздар келип отурукташып калышкан. Андан бери 70 жыл өттү.
70-жыл айылыма
Мааракеде 1966 ж СССР трактору
Автор: Атакул Жалилов
Сары-Могол айылы
Видеолор авторго жана Муса Жаназаковко таандык
Сүрөттөр авторго жана Мургаб районунун тургуну Келдибековго таандык
www.sary-kol.ru
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены