Аличор өрөөнүнөн чыккан атактуу мергендер (видео)

Аличор өрөөнүнөн чыккан атактуу мергендер (видео)

Жээнбай мерген

Аличор өрөөнүнөн чыккан Жээнбай мерген деген адам өткөн экен. Ал киши жайы-кышы тоо-ташта, талаада жүрүп, кара мылтык менен мергенчилик кылчу экен. Тамакты кызытылган ташка жаап таш кебек кылып жеп, ал эми боор же майларын чийки бойдон эле жеп жүргөн дешет. Буга анын төмөнкү окуясы мисал болот.

 

Бир күнү эртең менен уулун эрчитип мергенчиликке чыгып бара жатса какыр чулдук деген куштун балапаны алдыларынан жөргөлөп чыгып калат. Анда Жээнбай мерген ал балапанды кармап мойнун колу менен жулуп алып бүтүн бойдон оозуна салып жутуп жиберет.

Баласы буга таң калып карап калса; Ээ напсиң, кургур ушундан да үмүт кыласыңбы”?-деген экен.

Мүнөзү кырс жана өтө эле балбан болуптур. Жээнбай жылга деген жерде таштан түнөк жасаган экен. Ошол түнөк ушул күнгө чейин бар. Аны өтө чоң таштар менен тизип, үстүнү да өтө чоң жалпак таштар менен жапкан. Ошол таштарды ушул мезгилде жашаган балбанмын деген киши ордунан кыймылдата да албайт. Жээнбай мерген Сары-Колдун суук кышында да талаа - түздө түнөй берчү экен. (Д.Ташбаевдин материалдары)

 

Гожмат мерген баяны

Илгери Баш-Гүмбөз өрөөнүнөн чыккан Гожмат аттуу мерген адам өткөн. Ал адамга кайберендин пири токтогон деп айтып калышат. Гожмат мерген тоодон эчки, аркар, атып өз айылын багып турган. Ал мергенчиликке, башкача айтканда ууга чыкканда, кээ бир учурларда, азыгы түгөгөн учурда кийиктин чийки этин жеп, талаада түнөп жүрчү экен. Жылдын кайсы мезгили болсо дагы тоо, ташта кайберендин артынан сая түшүп жүргөн дешет. Кыш мезгилдеринде да талаада түнөп калчу экен, андай учурларда кичинекей жерге от жата коюп, оттун чогу түшкөн мезгилде ал чокту топурак же кум менен көөмп, ошол жерге курсагын коюп үшүбөстөн уктап жата берчү экен. Эгерде үстүнө кар жаап калса ал бузулчу эмес дешет.

 

Ошентип Гожмат мерген, өз мергенчилигин кылып, жашап жүргөн күндөрдүн биринде, жайдын күнү ууга, мергенчиликке чыгып калат. Аркар, эчки атам деп издеп жүрүп суусунга алган суусу түгөнүп, суу издеп жүрүп бир үңкүргө туш болот. Анын ичин караса, эч бир суу табыла турган эмес. Ары барбай эле кайра чыга берейин дегенде арт жагынан:

-Эй, мергенчим, бир аз сабыр кыла тур, суусаганыцды билдик, мынабу чалаптан жутуп алсац, чацкаганыц жазылып калар-деген дабыш чыгат.

Чочуп кеткен мерген артын жалт караса, колуна кийиктин туягына куюлган чалапты сунуп бир кемпир туруптур.

-Me, ичип жибер, мергенчим, чоочубагын-деди кемпир.

Мерген: -Бул, чалап бир ууртасам эле түгөнүп калат да, аттиң -деди кийиктин туягына куюлган чалапты алып жатып.

-Түгөнсө дагы куюп берем, кам санаба, мергенчим-деди тиги кемпир. Мергенчи чалапты канчалык жутса дагы түгөнбөдү. Ушул туякка куюлган чалапка суусуну канган мергенчи ырахмат айтайын деп караса тиги кемпир алда качан көздөн кайым болуптур. Мергенчи, үңкүрдү тегерете караса ар кайсы жерде кийиктин үймөлөшкөн корголдору, үңкүр аркар, кулжанын туягынын изине толтура экен. Мергенчи ал үңкүр кийиктердин жатагы экенин баамдайт . Эми эле үңкүрдөн чыга бергенде баягы кемпир алдына кайра пайда болуп:

-Мергенчим, шашпагын, үңкүрдүн тээ төрүндө үч бурчактуу козуга байлай турган, көгөөн бар аны алып, ушул жылганын төрүндөгү жайлоо тарапта бир үйүр тоо эчкилер бар, ошолордун арасындагы улактын мойнунда дагы так ушундай көгөөн бар, аны да чечип алгын, ал да сеники болсун-деп кайра көздөн кайым болот.

Муну уккан Гожмат мерген, үңкүрдүн төрүнө барса, чын эле айтылган көгөөн илинип туруптур. Аны алып белине үч ороп, курчап жылганын төрүн көздөй барат. Кырааны мерген алыстан эле үйүр топ эчкилерди көрөт.

Алар жылганын башындагы көк майсанда оттоп турушат. Мерген жакындаганда эле тоо теке чүчкүрүп белги бергенде тоо эчкилер жанындагы таш зоого жабыла үркүп качышат. Жалгыз гана мойнуна көгөөн байлаган жаш улак сереңдеп кача албай ташка камалып туруп калат. Анын артынан чыгып барып мойнундагы көгөөндү чечип алат да, улактын өзүн койо берип жиберет. Ошол окуядан кийин Гожмат мергенге пир токтогон деп айтып жүрүшөт. Ал ууга чыгаар алдында кемпирине айтып казанга суу астырып, ошол суу кайнаганга чейин кийик атып келип калчу экен. Гожмат мергендин тили бир аз булдур дешет. Ал киши “кыйсыгып калам” деп кийигин сойгон бычагын эч качан жуубастан алып жүргөн дешет.


Гожмат мергендин жээни экөө аюу атып алышкан бул окуяны Баш-Гүмбөздүн тургундары азыр дагы аңыз кылып айтып жүрүшөт. Мергенчилик күндөрүнүн биринде Гожмат мерген бир жээнин алып ууга чыгып калат. Too өрдөй баратышса алдыларынан аюу чыгып калат. Гожмат мерген аюуну атып жиберет. Жарадар болгон аюу айкырып түз эле мергендин жээнин качырып сала берет. Аюу жээнин кууп баратканда Гожмат мерген анын артынан:

-Эй, эрдин жээни тууйалай (туурага дегени) кач! -деп кыйкырат. Жээни дароо туурага таштайт. Аюунун мойну кыска болгондуктан, жанына бурула албай түз өтүп кетет. Аюу кайра кайрылып жогору чыгып келе жатканда аюуну атып алып жээнин куткарып калган экен.


Гожмат мергендин небирелери Сарыкул жана Сатар деген адамдар Баш-Гүмбөздө жашап турушкан. Алар дагы, бабалары Гожмат сыяктуу мергендерден болушкан. Бул адамдар жөнүндө Курмушиев Нурмамат менен Абилакимов Шукурилланын мындай эскергендерин айтууга болот.


Бул эки ага ини бир туугандар мергенчиликке чыгышып аюу жаткан чээнге туш келишет. Чээнде үч аюу бар экен. Алар аюуларды андып калышат. Үч аюунун экөөсүн атып алышат, ал эми бирөөнү жарадар болуп чээнге кайра кирип кетет. Сатар мерген жанындагы итин ээрчитип, аюунун артынан кирет. Чээндин ичинде жаралуу аюу, чала жан болуп жатыптыр. Сатар мерген итинин мойнундагы жипти аюунун арткы бутуна байлай кайра чыгат да агасы экөөлөп, жип менен аюуну чээнден сүйрөп чыккан деп айтып жүрушөт.


Бул мергендер тууралуу дагы бир окуя мындайча айтылып жүрөт. Сатар мерген менен чогуу Баш-Гүмбөз айылынын тургундары Абдилакимов Шукурилла жана Умарбеков Эсенали, анан дагы өз иниси Сарыкул болуп, Тулпар деген жерге аңчылыкка чыгышат. Алар капысынан аюунун чээнине туш болушат. Сатар мерген тайманбаган мерген болгондуктан чээнге кирип аюунун эки мамалагын атып алган экен.


Баш-Гүмбөз өрөөнүнөн чыккан мергендердин дагы бири Каримкулов Жакып деген адам да чоң мерген болгон. Ал киши миң кийик атып омпо тургузган дешет. Омпо тургандын мааниси, чоң мергенчилер миң аркар, кулжа, теке, эчки атканда, так миңинчиси тик турган калыбында калып калган, ошондуктан омпо тургузган же, пир токтогон мергенчи деп коюшкан. (Баш-Гүмбөздүктөрдүн материалдарынан)


Сатар мерген

Сатар мерген жакынкы эле мезгилдерде бул ааламдан өткөн. Бою да чоң эмес орточо эле киши болгону менен эр жүрөк болгон дешет. Ал киши мергенчиликтен башка да кышында чээнде жаткан аюуну чээнинен алып чыкканын айтып жүрүшөт. Оң колуна бычак кармап, сол колуна кыл арканды ороп алып чээнге киргенде, аюу айкырык салып тап бергенде, сол колун аюунун оозуна салып, оң колундагы канжар бычак менен жүрөкө сайып өлтүргөн экен. Булардан тышкары XX кылымдын экинчи жарымында тоо арасында жайы-кышы түнөп чып этме (мантикрис) мылтыктар менен мергенчилик кылып, капка коюп илбирс, аюу, бөрү, сүлөсүн алган кишилер: Нуран мерген, Жунус, Турдубек, Каландар, Умарбакы, Жаникул, Тагайкул, Жолдошбай, Эркинбай, Анарбай, Сарыкул мергендер болушкан. (Д.Ташбаевдин материалдары)


 


Сары-Кол (Чыгыш Памир) ТБАО Мургаб району

"МУРГАБ ЭЛИНИН МУРАСТАРЫ"

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены