Бүгүн 24 июнь күнү Көөнө-Коргон айылында «Бафо» аттуу ачык акционердик коому ачылды. Акционердик коомдо Турганбаева Батма жетектеген кыз келиндер аралык килем согуу жана килем, чадар согууну үйрөтүү цехи ачылды.
Цехтин ачылышына ТБАО нун төрагасы Шодихон Джамшед, Мургаб районунун төрагасы Джоошбаев Мырзабай жана баардык орган башчылары келип катышып ачылуу аземин өткөрүп кетишти. Мында аксакалдар төрагага суроолорун беришип сөз сүйлөштүлөр.
«Биздин улут ажобуз урматтуу Эмомали Рахмон Тажикстанга тынчтык алып келди буйруса Мургаб району өнугүп, ГЭС курулат жана Көөнө-Коргон жамаатына көптөгөн жаны имараттары курулат. Больницаны, эски имараттарды жаңыдан курабыз жана юстиция финансы имараты да курулат. Булардын баардыгына урматтуу президентибиз өзу жар салды. Биз Мургабка жана силердин айылыңарга өзгөчө көңүл бурабыз...» деп Мургаб районунун төрагасы Джоошбаев Мырзабай сөзүн аяктады.
Хамид Парманов
Көөнө-Коргон айылы
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены