Сары-Кол (Чыгыш Памир) жергебизде көптөгөн өнөрлүү инсандар өткөн, алар кыргыз элинин өнөр мурастарын ыйык сактап аны улантып жашап келишкен. Илгертеден эле тоо эли мергенчилик, кол-өнөрчүлүк, мал-чарбачылык менен жашоо кечирип кылымдар бою тоо арасында жашоо улантышкан. Эмесе сиздерге жогоруда айтып өткөн улуу тоолордун арасындагы өнөрлүү инсандардан билгендерибизден сөз кылып өтөлү.
Таңыш уулу Жаңгир
Таңыш уулу Жаңгир (Жаңгир уста) бул инсан мергенчиликке ылайыктуу мылтыктарды, капкандарды, жапайы жырткычдарды сактоочу капастарды, боз үйдүн кереге уук, түндүктөрүн казык, айланма того, чыгырык, ат жабдыктарды, ээр токумдарды жана башка турмуш тиричиликке керектүү буюмдарды жасап, калкка далай кызмат кылган.
Учурда бул инсандын урпактары да кол өнөрчүлүк менен алектенишет. Таңыш уулу Жаңгир түпкү теги Алай өрөөнүнөн болот, атасы Таңыш өз доорунда Курманжан датканын ишенимдүү адамдарынын бири болгон экен. Таңыш уулу Жаңгир 1901-жылы жарык дүйнөгө келип 1983-жылы сексен эки жашында дүйнөдөн кайткан, устанын сөөгү Пышарт өрөөнүндөгү Күмбөздү-Кол жайлоосуна койулган. Жангир устанын урпактары учурда Көөнө-Коргон айылында жашайт.
Мамыт уулу Мыйман
Маамыт уулу Мыйман айтылуу Көкөнбек миң-башынын небереси болгон. Чоң атасы Көкөнбек өз доорунда эл башкарып турган миң башы болгон.
Мыйман улуу сөз устасы болуп, эл арасындагы көптөгөн оозеки дастандарды, легендаларды, табышмактарды, жомокторду, кызыктуу баяндарды жалпы элге айтып берип кеткен. Мыйман аксакалдын "Абдилдабектин арманы", "Кыз-жибек", "Өлөң" жана башка көптөгөн оозеки ырдаган ыр дастандары ооздон оозго айтылып калк ичинде сакталып калган, бул инсандын чоң атасы Көкөнбек миң башы жөнүндө айтып берген көптөгөн тарыхый баяндамалары да болгон. Мыйман аксакалдын көптөгөн ырларын дастандарын Кыргызстандан барган белгилүү журналист жана жазуучу акын Өмурбек Тиллебаев өз оозунан жаздырып алып Кыргызстандын бир канча гезиттерине чыгарган. Бүгүнкү күнгө чейин бул инсандын айткан ырлары дастандары, тарыхый баяндары калк арасында айтылып жүрөт .
Мыйман аксакал 1920-жылы жарык дүйнөгө келип 2007-жылы сексен жети жашында дүйнөдөн кайткан. Мамыт уулу Мыйман аксакалдын урпактары учурда Көөнө-Коргон айылында жашайт.
Ороз мерген
Ороз мерген Сары-Кол өрөөнүндөгү алдыңкы мергендердин бири болгон, бул инсан кыйынчылык мезгилде бир айылды аркар-кулжа, эчки-теке атып келип эт менен багып турган экен. Ал кездерде азык түлүк тартыш болуп тоо эли ашуу ашып Кашкарга барып аштык алып келчү экен кышында ашуулар жабылып эл аштыктан кыйналганда. Ороз мерген өз айылын эт менен камсыздап эл эт азыктарын аштык унга кошуп курсак тойгузуп далай кыштан жазга аман эсен чыгып кеткен экен.
Ороз мергендин байбичеси Жүзтилла деген айым өтө сарамжалдуу акыл эстүү аял заты болгон деп айтылып жүрөт. Ороз мерген капкан коюп жапайы жаныбарларды кармап аларды кымбат аң тээрилерин ийлеп тумак тебетей, жакалуу ичик жана башка кийимдерди жасатып элине ак кызмат кылган экен. Ороз мергендин кара мылтык деген түтөтмө мылтыгы болгон, ал мылтыгы жана башка буюмдары бүгүнкү күнгө чейин урпактарына баалуу буюм катары сакталып жүрөт.
Ороз мерген 1896-жылы жарык дүйнөгө келип алтымыш сегиз жашында, тактап айтсак 1964-жылы дүйнөдөн кайткан. Ороз мергендин урпактары атасынын аты менен ар дайым сыймыктанып жүрүшөт, алар Мургаб районунун Көөнө-Коргон айылында жана Кыргызстандын Кара-Балта шаарында жашап жатышат.
Тилемиш кыякчы
Жору уулу Тилемиш (Жоруев Тилемиш) Сары-Кол (Чыгыш Памир) тоолорунун арасындагы кыл кыяк өнөрүнүн сактап калуучуларынын бири болгон. Бул инсан өмүр бою мал чарбасында эмгектенип, алдыңкы эмгек ардагери болгон. Тилемиш аксакал кыл кыякта кыргыз элинин көптөгөн күүлөрүн чертип өнөрүн улап келген. Тилемиш аксакалдын кыл кыягын урпактары бүгүнкү күнгө чейин баалуу буюм катары аздектеп сактап келишет. Тилемиш уулу Токур агабыз ата өнөрүн улап кыл кыяк чертип жүрүп 2023-жылы дүйнөдөн кайтты. Бул инсандын неберелери чеберлери кыл кыяк өнөрүнө кызыгып ата жолун улайт деп үмүттөнөбүз.
Жору уулу Тилемиш 1914-жылы жарык дүйнөгө келип жетимиш алты жашында 1990-жылы дүйнөдөн кайткан. Тилемиш кыл кыякчыны урпактары учурда Сары-Кол өрөөнүндөгү Көөнө-Коргон айылында жана Кыргызстандын Бишкек , Хайдаркен, Кара-Балта шаарларында жашап жатышат. Тилемиш аксакалдын жердештери ар дайым кыл кыяк өнөрүнүн тоо арасындагы мурас сактоочусу катары таанып билебиз жана сыймыктанабыз десем жаңылышпайм.
Бөрүбаев Маамыт мерген
Бул инсан тоо арасында аркар кулжа тоо жаныбарларына мергенчилик кылып өз доорунда калкына далай кызмат кылган. Арпа буудай өспөгөн тоолу аймакта калк арасында мергенчилик өнөрү өтө маанилүү орунду ээлеп келген. Өз кезинде Маамыт мерген дагы ушундай маанилүү өнөр кесиптин ээси болуп калкына далай кызмат кылган. Мамыт мерген мал чарбасында эмгектенип, колхозго өзүнүн чоң салымын кошкон. Бул инсан мергенчилик кылып эле тим болбостон өмүрүнүн көп бөлүгүн мал артында жүрүп эмгек алдыңкылары боло алган.
Бөрүбай уулу Маамыт мерген 1926-жылы жарык дүйнөгө келип 1998-жылы жетимиш эки жашында дүйнөдөн кайткан. Учурда Маамыт мергендин урпактары Көөнө Коргон айылында жашап жатышат.
Абылкасым уста
Абылкасым уста өз мезгилинде чоң усталардын бири болгон, бул инсан темир, күмүш, жез, коло, алтын жана башка түстүү металлдарды ээритип андан түрдүү кооз буюмдарды жасай алган. Абылкасым уста шакек жүздүк, сөйкө, билерик жана башка көптөгөн буюмдарды жасаган, тойлордо бул инсандын кооз шакектери болочок жубайларга баалуу буюм катары белекке берилген.
Мындан тышкары уста тээри иштетүүнүн сырын терең билип териден көптөгөн жүгөн нокто куюшкан камчы жана башка керектүү ат жабдыктарын жасаган. Устанын колунан чыккан буюмдар бүгүнкү күнгө чейин калк арасында баалуу буюм катары сакталып жүрөт. Абылкасым уста өмүр бою мал чарбасында эмгектенип көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон.
Матисаев Абылкасым 1928-жылы жарык дүйнөгө келип 2001-жылы жетимиш үч жашында дүйнөдөн кайткан. Устанын урпактары учурда Чоң Алайда, Ошто жашап жатышат. Жалпы тоо эли Абылкасым устанын өнөрүнө жогору баа беришип сыймыктанып жүрүшөт. Биз эч качан өнөрлүү инсандарды унутпай сыймыктанып жүрөбүз.
Чекир чоорчу
Чекир чоорчунун так аты жөнү Ысак уулу Ибраим (Ибрагим). Бул инсан 1946-жылы Сары-Кол өрөөнүндөгү Ыраң-Көл айылында жарык дүйнөгө келген экен. Кийинчерээк кандайдыр бир себептер менен Чекир аталып калыптыр. Чекир агабыз колу жөндөмдүү адам болгон өзүнө керектүү буюмдардын өзү эле жасап алчу экен, өтүктү аябай сонун тиккен өтүкчүлүк да өнөрү болуптур.
Бул инсан кой кайтарып жүрүп талаадан балгын жыгачтардын сыныктарын алып келип жыгачтан кийинчерек жезден чоор жасап ошону өзү сыбызгыта үйлөп жүргөн. Чекир чоорчу өтө өнөрлүү чоорчу болгон жана эч качан өнөрүн ачыкка чыгарган эмес, тоо арасында мал кайтарып кошуна болуп жүргөн саналуу гана адамдар бул инсандын чоор тартканын билип калышкан. Ошентип Ысак уулу Ибраим (Чекир) Сары-Кол өрөөнүндөгү чоорчулук өнөрүн мурас катары алып жүргөн эң аз сандагы (Сары-Колдо чоор тарткан илгертен аз болгон) инсандардын катарында бизге белгилүү болуп калды, биз бул киши боюнча дагы изилдеп жазабыз деп ойлойм..
Чекир агабыз өмүр бою мал чарбасында эмгектенген, ал эмгекчил калыс аз сүйлөгөн түнт ар дайым ойлуу жүргөн мүнөздөгү адам болгон. Ысак уулу Ибраим (Чекир чоорчу) 1946-жылы жарык дүйнөгө келип 2011-жылы алтымыш беш жашында Көөнө-Коргон айылында дүйнөдөн кайткан. Бул инсандын урпактары учурда Ош шаарында жашайт.
Мыйман уулу Ашырбек
Мыйман агабыз айтылуу Көкөнбек миң башынын чебереси болот. Бул инсан кол ойнотуп комуз черткен элдик оозеки дастандарды ырдаган өнөрлүү болгон. Комузда кол ойнотуп көптөгөн күүлөрдү ойногон жана так-теке деген аспаптын атайын жиптерин колуна илип алып комуз чертип элге өз өнөрүн тартуулаган, бул инсандын так-теке аттуу буюму айрыкча ошол убактагы өспүрүм балдар бизге аябай кызыктуу болчу. Ашырбек комузчу кол ойнотуп комуз черткенде тоо текелердин сөлөкөттөрү секирип өзгөчө көрүнөт эле, так теке күүнүн ыргагына жараша кээде катуу секирип кээде акырын чуркаганда элдер кол чаап бир сонун кызыкка батар эле. Ашырбек комузчу далай элдик ырларды ырдачу жана өзү да жамактап көргөн укканын ырдайт эле. Бул инсан көптөгөн тарыхый баяндамаларды айрыкча Көкөнбек миң башы жөнүндө Мыйман атасынан уккан сөздөрдү сонун кылып айтар эле. Азыр ойлосом бул кишилер чыныгы асыл өнөр ээси болгон экен.
Мыйман уулу Ашырбек 1949-жылы жарык дүйнөгө келип 2019 жылы жетимиш жашында дүйнөдөн кайткан. Улуу инсан өзү өлсө да алардын улуу мурастары өлбөй калк арасында жашап кала берерине биз терең ишенебиз. Ашырбек Мыйман уулунун урпактары учурда Көөнө-Коргон айылында жашап жатышат.
Алапаев Дөөлатбек
Дөөлатбек агабыз жылкы баласынын сырын билген саяпкер жана чоң мергенчи болгон. Бул инсан ар дайым ат жалында өмүр өткөрдү, жаштайынан чарбага аралашып топозчу болуп эмгектенип кийин Сары-Кол өрөөнүндөгү жылкы өстүрүүгө ылайыктуу жайыты бар Мадиян жергесинде жылкы кайтарып далай күлүктөрдү асырап байгеге кошуп калкка башы таанылды.
Бул инсан Мадиян жергесинде жылкы кайтарып жүрүп капкан коюп далай жолу (жылбырс) илбирс, аюу, сүлөөсүн жана башка жаныбарларды кармап көптөгөн карышкырларды атты. Дөөлатбек агабыз бирден бир жылкы чарбачысы болуп Мургап районун кымыз менен камсыз кылып турган. Мадияндагы Дөөлатбек агабыздын кымызы сары бал өндөнүп алда канча күчтүү болор эле, бир чыны кымыз ичкен адам оо далайга эси эңгиреп күчтүү шарап ичип алгандай сезер эле өзүн. Дөөлатбек агабыз өмүр бою мал чарбасында үзүрлүү эмгектенип көптөгөн сыйлыктардын ээси болгон калк кадырлаган аксакал болгон. Өткөн доордо бул инсан өзүнүн эмгеги менен жазылып калат буюруса. Биз жалпы жердештери элесиң эч качан унутупай эстеп эскерип жүрөбүз .
Алапаев Дөөлатбек агабыз 1936-жылы жарык дүйнөгө келип 2014-жылы 78 жашында дүйнөдөн кайтты. Урпактары учурда Көөнө-Көргөн айылында жана Бишкек шаарында жашап жатышат.
Жангиров Орозалы
Орозалы мерген өз учурунда чоң мерген болгондугун, ал кишини угуп көрүп жүргөндөр баары билсе керек. Бул инсан бир эле айылды эмес жалпы Мургаб районундагы райондук кызматкерлер ( ошол кездеги аткаминерлер) көпчүлүгүнү эт менен камсыз кылып турду. Райондон ким мергенчиликке чыкса УАЗ машиналар менен ушул мергенге барар эле.
Орозалы мерген өмүр бою мал чарбасында үзүрлүү эмгектенип жүрдү, топоз кайтарып жүрүп аркар кулжаларды атар эле. Ак эмгеги менен иштеп жүрүп эмгек алдыңкылары болуп Газ-66 автомашинасын алды. Өмүрүнүн аягына чейин мал чарбасында ак иштеп элинин эсинде калды.
Жангир уулу Орозалы 1936-жылы жарык дүйнөгө келген, 1990-жылы элүү төрт жашында дүйнөдөн кайткан. Урпактары учурда Мургапта жана Бишкек шаарында жашап келишет.
Биз жалпы жердештери ушундай эмгекчил өнөрлүү инсандарыбыз менен сыймыктанабыз жана мындан кийин дагы ушундай инсандарды эскерип эскерүү баяндамаларыбызды улап жаза бермекчибиз.
"Поэзия ордосу" көркөм адабий коомдук брикмесинин мүчөсү
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены