Сарыколдон Сары-Өзөн Чүйгө жер которуп, кыргыз элин, кыргыз жерин көксөп келген Сарыкол элинин бирден бир көйгөйлүү маселеси Кыргыз жаранын алуудагы ак эткенден так эткен арзуулары ишке ашып олтурат.
Эл ичинде элине кызмат кылайын деп чуркап жүргөн Конкобаев Курбанали аксакалдын демилгеси менен эң чоң иш иш жүзүнө ашууда. Кыргыз жаранын алууга керектүү кагаздарын топтоодо бул адамдын меенетин билбесек анда адамдык сапаттан алыспыз.
Ушул демилгени колдоп кубаттаган Мамилекеттик Катоо Кызматынын Департаментинин жетекчиси Пратова Мухабат Курсановна жана Миграция жана Жарандык кызматынын жетекчиси Теленова Анара Эгембердиевнага терең ыраазычылык. Элге келип эл менен жеке пикирлешип, баарлашып элдин талабын колдоп, көйгөйлөрүн иш жүзүгө ашырууга жардам кылгандарына дагы бир жолу алкыш.
Убайдылда Шаимов
Кара-Балта шаары
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены