Мургаб районунун Кара-Көл айылында 10-октябрь күнү №10 Ибраим Мамраимов атындагы орто мектебинин 70 жылдык мааракеси болуп өттү. Салтанатка Мургаб районунун төрагасы Мурзабай Жоошбев, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Шкориев баштаган жетекчилер, Кыргызстандан мектептин демөөрчүсү, мектеп атыны алган Мамраимовдун кызы Анипа эже баштаган меймандар, мектептин бүтурүүчүлөрү жана көптөгөн коноктор катышып, куттукташып сөз сүйлөштүлөр.
Маараке жакшы маанайда өттү. Мектептин директору Харыбеков Топчубай өз каражатынан жаштарга "Жаштар жылына" арнап волейбол уюштуруп берди.
Ошондой эле юбилей менен биргеликте марафон өткөрүлүп мектеп бүтүрүүчүлөрү өз класстары менен бирге мектепке акчалай жардам чогултуштулар, бул акча мектептеги жетишпеген китептерди толуктоого жумшалмакчы. Болжол менен он миң (10 000) сомони акчасы чогулду.
Акырында айтып кетер элем мааракени уюштурууда мектеп директору Топчубай Харыбеков агайдын чоң салымына жана мектеп колективине жергиликтүү эл өтө ыраазы болушуп өз алкыштарын айтышты.
Акыл Жаныбаев
Кара-Көл айылы
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены