Бүгүн Таджикистандын этникалык кыргыздар жашаган Мургаб районунда 6,1 баллдык жер титирөө саат 22:01 катталды. Бул тууралуу Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борбору билдирди.
Жер титирөөнүн булагы 80 км тереңдикте жайгашкан. Жер титирөөнүн борбору Мургаб шаарчасынан 22 км батышта жана Кытайдын Кашкар шаарынан 243 км түштүк-батышта жайгашкан.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Абдижамил Примбердиев
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены