Тоолуу Бадахшан облусундагы Мургаб аймагында жайгашкан «Ак Суу”» ГЭСинин учурда жүрүп жаткан курулушуна Мургаб районунун жаштары иштөөдө. Курулушка ТБАОнун бардык райондорунан келишкен. Жалпы курулушка 300 адамдан ашуун иштейт, анын ичинен 150дөн ашуун жумушчу жергиликтүү тургундар. Бул курулушка Германия, Кытай өкмөттөрүнүн адистери да жардам берүүдө. Жумушчулар үчүн жатакана, ашкана, мончо ж.б. шарттар түзүлгөн. Көөнө-Коргон айылынан 8-кыргыз үйү тигилилип, үйлөрдө алыстан келген жумушчулар жайгашкан. Ошондой эле үч кыргыз үйүндө ашкана жайгашкан.
Мургаб району
Көөнө-Коргон айылы
Молдобаев Түмөнбай
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены