Ооба эсимде, эстедим баарын. Өткөн балалык чагым. Кыр ашып кеткен кызыктуу күндөрүм. Бешинчи класста окуп жүргөн кезимде атамды ээрчип Ошко келгенмин. Алыскы айылдан чоң шаарга келүү кандай бакыт. Аскер жүгүн ташыган Памир автобатальондун зилдеринде келгенбиз.
Ошко жөнөйбүз деп аябай даярдандык. Атам бир кой сойуп этин жиликтеп, май, курут, баарын бөлүп өзүнчө коробкаларга салып. Ошто Анвар деген укам бар ошонукуна барабыз дейт атам. Же бир убакыт өтсөчү, бир күн жылга тете болду го. Эртең жөнөйбүз,....
Түнү бою кирпик какпай жаттым, таң атса экен тезирээк. Таңга жуук уктап кетиптирмин. Тур ,кийин жөнөйбүз деди атам. Көзүм умачтай ачылып ордумдан атып турдум.
Ашуу, ийри буйру өр тарткан жол менен тоонун чокусуна чыгып барткансыйбыз. Ушул улуу тоолордун кожойуну сыяктанып көк кашка зил күүлдөп, аркырап өкүруп, ашууну көздөй өрлөөдө. Айдоочу канча жылдар ушул Памир тоолорунун ыссыгына күйүп, суугуна тоңуп жедеп-жедеп бышкан өңдүү кебелбейт. Рулду бир колу менен жай айлантып, бир колуну айнектен чыгарып тамекисин үйлөйт.
Чыктык, мына чыктык ашууга. Ашуунун чокусуна тоо текенин эстелиги, дагы бир алты кырлуу мамы орнотулган, мамыга кызыл жылдыздын элеси тартылыптыр. Ушул бийик тоо жолуну бүтүргөн эмгекчилердин урматына койулганбы айтор....
Түн, уктап кетиптирмин. Тур Каратайга жеттик бир азда жетебиз дейт атам. Атамдын кадыры бийикби, же биз алып келген коробкадагы эт, май, курут, бул жерде баалуубу биле албайм бирок үйдүн ээси өзгөчө жылуу кабыл алды. Жолго урулдумбу, же түнү бою уктабагангабы жарытылуу тамак иче албадым. Жаным жер тартат. Конок үйгө кирип жаттым.
Күн көтөрүлүп калыптыр турсам, атам сыртта сөөрудө чай ичип олтурат. Базарга жөнөдүк, бул жакта адамдардын өңдөрү аппак болушат экен. Шамал жок жап жашыл соонун жол бойунча гүл өстүрүп койушуптур. Бейиш экен дейм ичинде кандай кооз. Көчө толтура машиналар, чоң автобустар баары бир тартипке баш ийишип, светофорду күтүшөт. Адамдар бири бирини тааныбаса да жылмайышып баш ийкешет экен.
Базар ичи кыжы кужу, чоң коондорду байлап илип койушуптур, жер жемиш, дарбыз, алма, баары бар. Кийим кечек, буюм тайым, айтор эмне издесең табылчудай. Бирок атам менен сүйлөшкөн кишилерди сөзүндө, союз ыдырап баштагыдай болбой, турмуш шарт оорлоп жатыптыр. Ооба ал кезде айылда ун тартыш болчу бирок бул жакта ун кеңири экен биз он кап ун алдык. Бирок эмнегедир ошол мезгилдеги адамдар, СССР деген кубаттуу мамлекет урап баратканын өкүнүп айтчу. Анткен сайын мен да аруу бала сезимимде, алдымдагы келечегимди күңүрт кылып көрө алчу эмесмин.
Темир усталар чоктой кызарган темирлерди согуп ийип така жасашат экен. Кызыган темир согулганда учкундар чачырап жатты. Биз төрт аттык така мык алдык. Кем карчыбызды баарын сатып алдык ун, азык түлүк, кийим кечек. Тамактанууга анча чоң эмес ашканага кирдик, каз катар кооз иреттүү койулган чайнектер. Топу кийген өзбек улутундагы ашпозчулар самсаны даамдуу бышырыптыр. Баары илбериңки жылмая сүйлөп, тага чай берейинби, нан берейинби дейт. Бирок бир кызыктай көрүндү мага, айылда эркектер казан кармабайт деп койом ичимде.
Ошондо мага Ош шаары бир өзгөчө сезим калтырды. Кыялым, оюм, баары өзгөрдү, дүйнө таанымым өзгөрдү. Ошондо сездим жер үстүндө чоң-чоң Оштон да чоң шаарлар бар экенин. Дүйнө биздин айыл менен эле чектелип калбай турганын. Алдыма максат койуп келечекте көп жерлерге барып саякаттоону кыялданып жаттым. Өзүмдү чоң салабаттуу адамдай сезип турдум. Ички дүйнөм, ой кыялым, дүйнө таанымым,баары, баары өзгөрүлүп ,адам баласыны арууланткан ой ыроолоп, өзүмдү адам катары сезип айылга келаттым.
Эх соонун, баары соонун кандай кызыктуу болду. Ош жыты буркураган самса, кыпкызыл чоктогу темирлер согулганда учкундар чачырап жатты. Менин балалык ой кыялым да ушул учкундарга кошулуп, жылт-жулт деп туш тарапка чачырап жатты.
Бул менин биринчи жолу атам менен болгон алыска сапарым эле.
Өскөнбай Бердибаев
Сары-Могол айылы
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены