Памир тоо коюнунда, жылга жыбытта жылт-жулт эткен жылдыз сыяктуу жарыктар . Бул жарыктар топозчулардын боз үйүнүн түндүгүнөн көрүнгөн жарык шоолалар. Кээ бир жылгада үчтөн- төрттөн , кээ бир жылгада жалгыз жанган үрүл-бурул шоолалар. Памир тоо койнунда бул жарыктар кылымдар бою ар түнү өчпөй жанып келет . Канча жылдар өттү, канчалаган мезгил өттү бирок топозчулардын түндүгүнөн чыккан шоола жарык үрүл бүрүл кээде күңүрт, кээде жарык жанып үзүлбөй үзүлүп, кайра уланып келди. Илгери илгери Памир тоо коюнунда жашаган топозчулардын түндүгүнөн түндөсү чырактын кызгылт күңүрт шооласы көрүнчү, азыр заманбап күн чырак ( солнечная батарея ) жетип, бул өрөөндө да күн чырактын шоола жарык чачып калды.
Бирок мени бир түпөйүл кылганы Памир тоолорундагы боз үйдүн түндүгүнөн түндөсү жарык чачкан шоола күндөн күнгө өчүп азайып баратканы. Илгерки Памирдеги топозчулар картайып ал-күчтөн тайып күндөн күнгө арасы суюлуп баратат,ал эми алардын уул кыздары шаарды самашат. Көптөгөн топозчулардын балдары ата-энесинин көзү өткөндөн кийин, баардык топоздорун сатышып шаарга агылышууда, кетип жатышат кетип жатышат. Баарынын ойу топоздорумду баарысын ( жакшы кымбат баага) сатып шаарга кетсем, шаарда үй сатып алсам деген эле ой.
Ошентип баары шаарга кетсе, ошондо Памир тоолорунда топоз багып ким калат? ким топоз багат ? Баарыбыз тоодон кеттик, кетип бутсөк ким калат? Ушул ой ушул санаа мени ар күн жүрөгүмдү эзип кыйнай берет!! Биз тоолорду кечтик, тоолордон узадык, тоолорду чанып шаарга кеттик ! Бизди бул улуу тоолор түк кечирбес оов!
Демек биз бийиктиктен улуулуктан чандык, биз жыргал жашоого, күнүмдүк кызыктуу турмушка (көр пенделик кызыкчылыкка) улуулукту алмаштырдык. Биз Памир тоолорунда топоз багып жүргөн эң кымбат баалуу кезибизде унуттук. Демек биз улуулукка, бийиктикке татыктуу боло албадык. Биз бийик тоолордун бийик адамы боло албадык.
Эх аттиң Памир тоолорунда топозчулардын боз үйүнүн жарыгы өчпөсө экен, биз сыяктуу алар бийиктиктен ,улуулуктан, улуу тоолордон жээрип, чанып, безип, шаарды көздөй көчпөсө экен. Памир тоолорунда кайрадан үрүл бүрүл шоолалар жарык жанып көбөйсө экен. Мен ыйлайм кээде өксүп ыйлайм.
Кээде өзүмдү жектейм. Тоолукмун дейм, бирок мен тоолорго татыктуумунбу? Мен тоолорду таштап кеттимби? Бирок тоолор мага таарынбайт. Себеби тоолор алп бийик жана чексиз. Бир туруп ойлойм жок... жоок мен тоолорго кайра кетем, мен тоолорго барып кайра кечирим сурайм. Эх улуу тоолор биз силердин улуулукту чандыкпы!
Ө.Бердибаев
"Поэзия Ордосу" көркөм-адабий
коомдук бирикмесинин мүчөсү
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены