Көк асман челип нурланган,
Кылымдар бою куралган.
Мөнгүдөн аккан булактар,
Көргөн жан баары суктанган.
Жүзүндө гүлдөр жайнаган,
Тоолордо улар сайраган.
Аркар, кулжа, эчкилер,
Топтошуп тоодо жайнаган.
Аралап чөптүн түрлөрүн,
Терип ал даары гүлдөрүн.
Суктанып Сары-Кол көркүнө,
Өткүлө кенен төрүнө !
Рахат Кушмаматова
Сүрөттөр Т.Сопуевке таандык
Абдижамил Примбердиев
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены