Үстүбүздөгү жылдын 12 ноябрь күнү Мургаб (Нуркап) районунда күн электр станциясынын ачылыш аземи болуп өттү. Күн электр станциясынын ачылышына ТБАОнун төрагасы Ёдгор Файзов, АКШнын эл аралык Өнүктүрүү Агентствосунун (USAID) өкүлдөрү, Мургаб районунун төрайымы Хусния Ражабзода жана өкмөт өкүлдөрү катышып сөз сүйлөштүлөр.
Эске салсак, бул станция күндүн нурларынын энергиясын колдонуп “АК-СУУ” ГЭСине кошумча дагы 220 киловатт электр энергиясын берет. Мургабдагы жаңы күн электр станциясы күнүнө электр энергиясын 50% көбүрөөк пайдаланууга мүмкүндүк берет, бул калктын жашоо деңгээлин гана эмес, жалпы аймактын экономикасын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Абдижамил Примбердиев
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены