Сары-Кол жергесинин пайдалуу кен байлыктары

Сары-Кол жергесинин пайдалуу кен байлыктары

Кылымдардан бери Сары-Кол кырка тоолору өз ичинде канчалаган кен байлыктарды катып келе жатат. Асман тиреген сырдуу бул улуу тоолорду канчалаган окумуштуу, илимпоздор изилдешип анын сырларын ачууга далалаттанып келе жатышат. Адам баласы өзү жашаган бул улуу тоолордун сырын, мындай караганда алда качан эле билип алган сыяктанат, бирок, дагы деле далай нерселери ачылбастан калганы калган.

 

Тарыхта белгилүү болгондой бул улуу тоолордун арасында биздин эрага чейинки XII кылымдарда эле адам баласы тоо койнуна кирип анын кен байлыктарын иштеткенин окумуштуу тарыхчылар ачып чыгышкан. Буга Базар-Дара шаарчасынын калдыктары мисал боло алат. Тарыхый маалыматтарда “Чыгыш Памирдеги орто кылымдын эстелиги болуп Базар-Дара шаарчасы эсептелет. Деңиз деңгеелинен 4000м. бийиктикте турган Базар-Дара шаарчасынын калдыктарын изилдөөнүн эң негизги мааниси ал жердеги биздин эрага чейинки XII кылымдагы жазуулардын табылышы жана алтын, күмүш жана башка пайдалуу кендерди иштетүүнүн калдыктарынын табылышы болуп саналат.

 

Бул жерден археологдор кен казуучулардын отурукташкан издерин кездештиришкен. Алар Элчи-Сайдан алыс эмес жерде байыркы жер алдынан күмүш казылган участканын жана аны алдын ала иштетүүчү аянтчанын издерин табышкан. Андан тышкары изилдөөлөгө караганда Батыш Пышарт аймагындагы дарыялардын жээгиндеги Сасык дарыясынын куймасында Чыгыш Памирдеги дагы бир тоо-кен иштетүүчү ири борбордун калдыктары табылган. Бул дагы Базар-Дарадагы борбордун бир бөлүгү болгондугунан кабар берет”. (“Археология и историография Памира”)

 

Чокулары булут челген аскалар, бозоргон таштак талаалардагы ар бир таш өзүнчө бул өрөөндүн байлыгы. Көзгө жупуну учураганы менен ошол ар бир таш баалуу сыяктанат. Ооба, Сары-Кол жергесинин кай жерине барбаңыз ал жердин баалуу таштары тууралуу сөздөрдү угасыз. Баалуу таштар демекчи акыркы мезгилдерде бул таштар туурасында жергиликтүү элдин түшүнүгү кеңейип бара жаткандыгын байкайбыз. Илимпоздордун изилдөөсүнө таянсак Мургаб районунун аймагында Менделеевдин мезгилдик системасындагы бардык минерал заттар бул жерде кездешет. Ошону менен бирге эле Сары- Кол жергеси асыл таштардын дагы мекени болуп саналат. Буга далил катары учурда изилденип, чыккан рубин, топаз, изумуруд, кварц жана башка толуп жаткан аталыштагы асыл таштардын бар экендиги болуп саналат.

 

sary-kol-zhergesinin-paidaluu-ken-bailyktary 2Ошондой кымбат баалуу асыл таштардын бири болгон рубин жергебизде кеңири кездешет. Кандын түсүндөй түскө ээ болуп ааламдагы адамзатты өзүнө тартып турган бул ташты илгертен эле жергиликтүү адамдар билип келишкен. Ал таш кыргызча “жакут” ташы, ал эми тажикче “лал” деп аталат. Ошол жакут таштын эмне үчүн кызыл түстө болуп калганы туурасында мындай бир легенда айтылып келет:

 

“Илгери чокусунан булут кетпеген тоолордун арасында куштардын алгыры болгон бүркүт жашап турган экен. Ал сулуу, анан дагы эң эле күчтүү эле. Андан канаттуулар гана эмес тоону мекендеген аркар, кулжалар, эчки, текелер, илбирс, карышкырлар коркуп турушар эле. А түгүл бүркүт менен кошуна уңкүрдө турган, түнкүсүн чычкандарга аңчылык кылган үкү дагы андан коркуп, бүркүт уктаган маалда гана өзүнө жем издеп чыгар эле. Жылдар өтүп, алгыр бүркүт көкүрөк жүндөрүн ак аралаганын байкап, картайып калганын сезет. Бир күнү канаттарын жайып учайын деп уча албай коет. Бүркүт ошондо анын жашоосу аяктап бара жаткандыгын билет.

 

Бир күнү ал өзүнүн үңкүрүнүн оозунда отурганда ага, кошунасы үкү минтип кайрылды:

-А, байкуш, картайыпсың. Жем таап жегенге да алың жетпей калган турбайбы. Мен сага кармаган чычкандардан кайрылып жем берип турайын, сен мага, менин балапандарыма эч качан тийбегин - деди да кайдадыр учуй кетти.

 

Дайыма өзүн бийик кармап жүргөн бүркүт эмне деерин билбей, өзүнүн карып калганынан уялып үкүнүн бул сөзүнө унчуккан жок. Ал асканын башында бир топко ылдый жакты карап ойлуу отурду. “Өлүк арстан болгончо, жерде кибиреп жүргөн кумурска болгонум артык окшойт-деп ойлоду ал, анан кайра -жок. Өз кезегинде туулуп, өз кезегинде өлгөнүм жакшы!”- деди дагы акыркы күчүн жыйнап туруп, бийик асманга атып учуп чыкты. Анан канаттарын жыйып алды дагы төмөн карай шукшурулуп келип учтуу асканын башына өзүн урду. Жаңы гана нурун чачыратып чыгып келе жаткан күнгө чагылыша чачыраган кандар туптунук мала болуп чачырап тоонун арасына себеленип жатты. Ошентип тоонун арасында кан түстүү кооз жакут таштар пайда болуп калыптыр”.

 

Жергиликтүү эл бул асыл таштарды билишкен эмес. Аларды тээ XVIII-XIX кылымдарда эле башка элдер йштетип келишкендиги тууралуу азыноолак маалыматтар тарыхта белгилүү. Буга мисал кылып төмөнкү уламыш катары болгон окуяны айтсак болот:

 

“Чыгыш Памирдин тоолорунда, Ак-Суу дарыясынын жогору жагында, мындан жүз жылдан ашуун мезгил илгери Син Цзяндын башкаруучулары жашыруун гана жакут таштарды казып иштетип тургандыгы айтылат. Ал жерде эң оор шарттарда жумушчуларды иштетишчү экен, аларды такай көзөмөлдөп, дем алдырбай кул катары иштетишип, андан өлмөйүнчө куткарган эмес экен. Бир күнү алардын ичинен бирөөсү ал жерден көлөмү 118 карат келген жакут ташты акырын катып чыгып, анан ал жердин кичинекей картасын түзүп, андагы кул болуп иштеп жатышкан жолдошторуна, жардам берүүнү көздөйт. Ал көпкө чейин ээн талаада эч адам таппай жүрүп, акыры чарчап бүтүп, баса албай калганда картанын чекесине “ким ушул карта менен кул болуп иштеп жаткандарды таап барып, аларды куткарууга жардамдашса ушул жакут таш ошого белек болсун”- деп таштап коюп өзү көз жумат. Ошол карта менен жакут ташты 1894-жылы Памир постунан 45 чакырым батыштагы Ылы-Суу мазарынан, Орус география коомунун Императордук экспедициясы таап алгандыгы тууралуу бул уламышта баян кылынат.” (А.Артемова. “Рубин: Целебный огонь в кристалле” Москва-Санкт-Петербург - 2003 г. стр.52)

 

Демек мындан, илгертен эле Сары-Кол жергесиндеги асыл таштарды адамдар, айрыкча чет өлкөдөн келгендер иштетип турушкан деп жыйынтык чыгарууга болот. Азыркы мезгилде болсо бул жердеги асыл таштардын баары мамлекеттин коргоосунда турат.

 

"МУРГАБ ЭЛИНИН МУРАСТАРЫ"

Чыгыш Памир. Мургаб району.

А.Примбердиев

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены