Чыгыш Памириндеги этникалык кыргыздар жашаган Кызыл-Рабат жамаатынын Токтомуш айылында заманбап ооруканасынын ачылыш аземи 5-октябрь күнү болуп ага Япон мамлекетинин өкүлү, Кызыл-Рабат жамаатынын төрагасы Эрдөөлөт Келдибек уулу, Мургаб районунун гл. врачы Хуросониев Хуросон, Мургаб районунун курулуш фирмасынын жетекчиси Зунун Аблекеев жана айыл эли катыштылар.
Анда Кызыл-Рабат жамаатынын аксакалдары ачылыш аземиде сөз сүйлөшүп, айрыкча курулуш фирмасынын жетекчиси Зунун Аблекеевке жана Япон мамлектинин өкүлүнө жергиликтүү элдин атынан терең ыраазычылык билдиришти.
Оорукана он беш ооруга ылайыктуу, аптека жана заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылган.
Эскертип кетсек Токтомуш айылындагы оорукана Япония мамлекетинин каржылоосу менен кайтарымсыз гранттын эсебинен ишке ашты.
Бекназар Джуниев
Мургаб району Токтомуш айылы
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены