Аскасы асман тиреген Памир тоолорунун арасында жашаган адамдар өз жашоосун улантып оокаты менен алек, эл жайлоого чыгып топозчулар топоздорунун тыбытын тарап, кылдарын шуушаң менен кыркып, ал эми ак элечек энелер алас айтып коломтого от жагып, жеңелер жеңдерин түрө казандарына ак толтуруп курут кайнатып, сүт бышырып келер кышка катуу камылга көрүп айтор турмуш өз нугунда тегеренип алга жылганы жылган.
Күндөрдүн бир күнүндө, айылдагы улуу кичүү жаш кары дебей түгөл чогулушуп дасторкон жайышып, ак сары башыл кой союшуп, эл журттун, бала-чака, мал-жандын амандыгын, береке жакшылыктын ырыс кешиктин мол болуусун жараткандан тилеп, бата көтөрүшүп түлөө өткөрүп жатышты. Бул салт Чыгыш-Памыр кыргыздарынын тоо коюнундагы аруу элдин кылымдардан бери уланып келе жаткан ата салты, бул каадалуу жөрөлгө ар жыл эл жайлоого көчүп келип жайгашкан соң жасалат.
Эл чогулуп төргө айыл аксакалдары жайгашып андан соң, орто муундагылар, кичүү муундагылар жаш курагына карап орун алышып жашы улуу келсе ордуларынан тура ийилип учурашып төрдү көздөй жол беришет. Ар ким өз ордун билишет ,тоо элинин сый урматы жаш курагына карап баарына калыс жана адилеттүү тартипте уланып келет. Эл баары жыйылып келип ар ким өз ордуна жайгашып баары дасторкон четине орун алышты. Дасторкон үстүнө ар турдуу кеп сөздөр айтылып быйылкы жылдын жамгыр жааны мол болгондугун, жайыттар жашыл тулаңга айланып белес ашуулар түркүн түстүү гүлдөргө бөлөнгөндүгүн быйылкы жылдын берекеси артып тургандыгы сөз чордонунда болду. Төрдөгү аксакалдар жаратканга ыраазычылык айтышып, ар-жыл сайын ушундай берекелүү мезгил болуусунун тилек кыла не бир жан эритер жакшы сөздөр айтылды. Эл дасторкондо даам сызып отургандан жарым сааттай убакыт өткөн соң айылдын Жоро аттуу мергени мындан үч күн мурда тоо арасында аң уулап мергенчилик кылып жүрүп топоз( өгүз) минген курагы он сегиз жаштар чамалуу бир чоочун жигитти көргөндүгүн кеп салды.
Жоро мергендин айтымында топоз минген жигит кепке сөзгө келбей тоо боорунда чыйыр менен өйдө көздөй кетиптир. Сөзгө кызый отуруп мерген, мындай жигит жакынкы коңшулаш конуштарда жок экендигин анан да өгүз минген жигиттин өгүзү эч бир буйдалбастан жоргодой жортуп тоо беттей жогору кеткенин таң калуу менен айтып берди.Топоз минген кара тору жигитти башка мергендер жана топозчулар да көрүшүптүр алар дагы көргөн билгендерин айтып сөзгө кошулуп Жоро мергендин сөзүн ырасташты.
Дасторкон четинде отурган эл арасында уу-дуу кеп кызый түрдүү сөздөр айтылып жатты, кээ бири топоз минген жигитти жапайы жырткыч жаныбарларга капкан тузак койгону жүргөн аңчы болушу мүмкүн десе, кээ бирлери кара тору жигитти топоз уурдаганы жүргөн ууру болушу мүмкүн, мындай чоочун адамдардан сак болуп топоздорду кезектешип карап катуу көзөмөлдөп туруу керектигин айтып жатты. Ошентип топоз минген кара тору жигит топозчулардын кызуу талкуусуна түштү. Алар кара тору жигитти көргөнү да көрбөгөнү да ууру болушу толук мүмкүн деген тыянакка ооп турушту.
Бул Памир тоо коюнунда эмнелер гана жок кайберен кийиктер, жапайы жырткыч жаныбарлар, тоонун дарыя көлмөлөрүндө түрдүү балыктар аска беттерине уя салышкан бүркүттөр ашуу белестерден мукам үнүн сайратып учкан уларлар жана башка канаттуулар кыскасы жан жаныбарлардын түркүн түрлөрү көп, бирок бийик тоолордун арасында жайгашкан айыл конуштардагы жайлоо жайыттардагы адамдар бири бирини беш колундай эле баары бири-бирин билип көрүп жүргөн тааныш.
Ошондуктан кара тору жигит баарын ойго салды, себеби андай жигит бул чөлкөмдөрдө чынында эле жок болчу. Эл арасында түрдүү жоромолдор айтылып бүтүп калган убакта атайын ушул учурду күтүп тургандай, төрдөгү ак сакалын жайкалткан карыя сөз баштады. Аксакал эл журтка Улуу жараткандын жакшылыгы болгондугун айтып кубанды, ак сакал кылымдын ашын ичип отуруптур анын дээрлик өмүрү ушул улуу тоолордун арасында өтүптүр. Аксакал ушул өрөөндө төрөлүп чоңоюп далайды көргөндүгүн илгери мындан кырк жыл мурда дал ушул топоз минген кара тору жигит пайда болгондугун ошол жылдары тоо арасындагы элге береке кут төгүлүп эл чарбасы көбөйүп мал жан эттүү сүттү болуп жер жарыла чөп чыгып, желин жарыла сүт чыгып элге жерге оомат оошуп, ошол кездеги аксакалдар дал ушул кара тору жигиттин кырк жылда бир пайда болоорун дал ошондо куттуу журтка береке төгүлөөрүн айтып узун кеп салып берди.
-Ээ уул кыздарым инилерим мен жаш кезде кулагым угуп, көзүм көргөн кара тору касиеттүү жигит өгүзүн минип кайра тоо арасына пайда болуптур эмесе, бул жакшылыктын жышааны. Ылайым элибизге жакшылык болор, жакшылыктын жарчысы ушундай болор.
-Силерге айтарым топоз минген жигитке жаман сөз айтпагыла, суук сөз тийгизбегиле, кызыгып жанына көп барбагыла, ок атып, таш уруп зыян бербегиле, көргөн жериңерде жакшылыкка жооруп, алакан жая жараткандан бата кылып жакшылык тилегиле.
-Бул ишти жакшылыктын жышааны деп кабыл алгыла, деп айтты.
Көптү көргөн аксакалдардын айтымында, өгүз минген жигит кырк жыл айланып көрүнүп анын жашы ар-дайым он сегизде болот экен, ал эч качан картайбай минген өгүзү бийик тоолордо эч чарчабай кете берет экен. Анын коюнунда ар-дайым токочу болуп ал токочун тиштеп жеген сайын токоч түгөнбөй тиштенип кемиген жери кайра толуп турат экен.
-Оо касиеттүү жараткан кудай алакан жая бийик тоолорду арасынан өзүңө тооп кылабыз, токочу кемибеген жүзүнөн нур тама күлүмсүрөгөн, кара тору жигитти бизге жакшылыктын, токчулуктун, кемибес дөөлөттүн эскирбес эмгектин белгиси катары бизге жиберет экенсиң ! Тилегибиз кабыл болсун !
Токочун коюнуна катып топозун минген жигит ар-жылы элибиз жайлоого көчкөндө келсин. Ар жыл ушундай берекелүү жамгырлуу болсун. Чогулган жалпы айылдын эли алакан жая бата кылып жатышты Ошол учурда топоз минген жигит тоо түбүндөгү мөлтүр булактын боюнда коюнунан токочун алып жеп, топозун көк шиберге тойгузуп отурган эле.
Акын Өскөнбай Бердибаев
"Поэзия ордосу" көркөм адабий
коомдук брикмесинин мүчөсү
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены