Тоолордо кезиккен бакыт

Тоолордо кезиккен бакыт

Гүлүмкан (Гуля) терезеден тээ алыстарды тиктеп көпкө ойлуу турду, бийик кабаттуу үйлөрдүн жанындагы аянтчада бир топ жаш балдар ойноп жатышат, алардын бака-шака түшкөн үндөрү балконго чейин жаңырып даана угулуп жатты. Гуля ойноп жатышкан кичинекей балдардын арасынан өзүнүн небересинин үнүн жазбай тааныйт. Небересинин үнүн уккан сайын жүрөгү элжиреп кубанат. Кээде жаштыгы өтүп балпайган тай эне болгонуна өзү кайра ишене албай кетет. Жашоо деп турмуш менен алпурушуп жүрүп жылдар билинбей өтүп кеткенине кээде өзү да таң калат.


Ой тообо, жылдар ушинтип тэз эле өтүп кеткен тура, кэчее эле жыйырмадан жаңы ашкан кези эмес беле. Бирок ошол жаштык күндөр оор мезгилдерге туш келип калды, союз кулаган токсонунчу жылдар жаш муундарды далайын сындырды, далайлар жаштар жолунан адашты турмушу бузулду, ичип кеткендер да болду, өжөрлөнүп кара жанын курч уруп кайра бутуна туруп, кыйын күндөрдү жеңип кеткендер да болду. Гуля дагы ошол доордун агымында агылып алга жыла берди, ал ортодо турмушка чыгып жыл айланбай кайра ажырашып кетти, күйөөсү ичкиликке берилип ошол жолду тандап кетип жоголду.


Гуля өткөн күндөрүн эстей терезден сыртка тиктеп кайра ойго чөмүлдү. Оо ошол жылдарда чыныда жашоо турмуш оор эле жулунган жулунуп, эл эптеп соода сатык кылып кара жанын багып ар ким өз алдынча далбас ура жан бага башташты, баары базарга чыкты, коммерсант, деген жаңы адамдар пайда болду. Гуля да ата энесине жүк болуп үйдө бекер отурууну каалабады, ансыз да ата-энесинин тапканы айдан айга жетпейт алар бир үй-бүлөдө бир эркек үч кыз болчу.


Ал ата-энесин ичинен аяйт аларга жардам берип оорун колдон жеңилин жерден алгысы келет. Чынында Гуля өжөр, ойлогон максатына жетмейинче артка кайтпаган көк бет мүнөзү бар эле. Ал алгачкы күндөрү апасына кошулуп базарда майда-чүйдө сатып соода сатыкка чыкты, андан бир аз тыйын тыпыр чогултуп андан соң тамак бышырып сатып жүрдү, ошентип жүргөн кездерде бир тааныш эжеге жолугуп суйлошуп калды, ал эже тээ алыскы Тоолуу Памирдеги Мургап деген жерге барып соода сатык кылып келет экен, ал эже ал жактан топоздун курут сары майын, этин алып келет экен, тааныш эженин айтымында Мургапта Россиянын чек ара бөлүктөрү бар экен, чек-арачылар көп экен ошолор накталай акчага соода кылышат экен, ал эми жергиликтүү элдер көбүнчө май, курутка товар алмашуу жолу менен соода кылышат экен. Россиянын акча бирдиги куну жогору болуп бул жакка келип алмаштырса бир топ акча болот имиш.


Гуля тааныш эжеден Мургап жөнүндө укканда ал тарапка баргысы келип кетти. Ал көптөн бери алыс бир тоолорго кеткиси келип куса болуп жүргөн, эми мынтип ойлогон ою өзү чыкпадыбы. Гуля чындап кызыгып Мургапка барууну самай берди.


Ал тааныш эжеге, - Мени да Мургапка ала барыңыз, -ошол тарапка барып соода сатык кылайын, деп күндө айтып жүрдү. Ал эже макул болуп Мургапка Гуляны ээрчитип бармай болду.


Ошентип Гуля бир аз товар алып Оштон Мургапка автобатальондун "ЗиЛ"дерине отуруп жолго чыкты. Тааныш эженин Баатыр аттуу иниси Ош-Мургап автобатальондун жолунда каттаган айдоочу экен. Ал эжени айдоочулар, жол боюндагы ашканадагылар, жада калса жол боюндагы айылдарда мал баккан малчылар да тааныйт экен. Ошентип Гуля тааныш эже менен жолго чыкты. Тааныш эже алыскы жолдо көп жүргөндүктөн бир топ тажрыйба топтоп калыптыр, билген акылын айтып Гуляга баарын түшүндүрүп берип жатты, - Өзүңө тың бол, - Акчаңды документтериңди жоготуп алба, ушул сыяктуу бир топ керектүү сөздөрүн айтып жол шартын тушундуруп жатты.


Гуля өмүрүндө биринчи жолу Памир тоолорун аралап бара жатты, тоо арасында алыскы айылдарга бара жатып Гуля өзүнү бактылуу сезип ичинен не бир кубанып күнүмдүк кыйынчылыктарын ичтеги кайгы кусалыгын заматта унута түштү, көптөн бери мынчалык кубанып көңүлү көтөрүлүп жаны жыргай элек болчу, бийик ашууларды ашып барткан аркыраган ушул "ЗиЛ" Гуляны тээ алыскы тоолордун арасындагы бакытка түптүз алып бара жаткандай сезилип жатты. Бийик бийик ашуулар, көгүш кумдуу тоолор, элсиз ээн талаалар жомоктогу бир сыйкырлуу дүйнөдөй сезилди Гуляга.


Ал эртереек эле Мургап шаарчасына жетсек деп самайт, бирок жол ал ойлогондон бир топ узак экен. Түн жарымында алар Мургап шаарчасына жетип келишти. Соодагер эженин тааныштары бар экен, ошол үйгө келип түшүштү ал үйдөгү адамдар уктабай тамак даярдап күтүп отурушуптур, машинанын үнүн угар замат сыртка чыгып тосуп алышты, үй ээлери өтө илбериңки кичи пейил адамдар экен, Оштон келген жүктөрдү өтө эпчилдик менен бир заматта түшүрө салып кире бериштеги верандага тизип коюшту.


Алар дасторкон жайып сүт кошулган даамдуу чай беришти. Курсактар тойгон соң ички бөлмөгө төшөк салып беришти. Гуля өтө чарчаган экен дароо уйкуга кете бериптир.


Түшүндө Гуля бийик бийик тоолорго бара жатат, жол жээктеринен гүлдөрдү издейт, бир убакта тээ жогору тараптан келе жаткан бир атчан киши кезигип калды, Гуля ал кишиден гүлдөрдү сурады, ал киши гүлдөр тээ жогору жылганын төрүндө болорун айтып колун жаңсап андан ары жолун улай узап кетти. Гуля жылганы өрлөй чуркап баратты, кээде чалынып жыгылат кайра туруп жолун улайт, ошентип түркүн түстүү гүлдөргө жетип боюн таштады, гүлдөрдү жыттап моокуму канбай көпкө жатты, бир мезгилде тээ жогору тоолордун чокуларынан таштардын кулаган үндөрү чыкты, Гуля тээ бийик чоку тараптарды караса ал тараптан аппак аркарлар төмөн түшүп келе жаткан экен. Ал аппак аркарларды көрүп аң -таң болуп туруп калды, аркарлар да аны карап селт этип чоочуй туруп калышты.


Гуляны соодагер эже тур деп ойготту, ал туруп терезени караса күн аркан бою көтөрүлүп калган экен. Ошол күндөрдөн баштап Гулянын жашоосунда жаңы барактар ачылды, жаңы тааныштарды тапты. Мургапта соода сатык кылып жүрүп тоо элинин кулк мүнөзүн түшүндү, тоонун шартына көндү, алыскы жолдогу ыссык суукка үйрөндү. Көптөгөн жакшы адамдар менен дос курдаш эже сиңди санаалаш болду. Күндөр ошентип өтө берди убакыттар жыла берди.


Гуля соода сатыкта бир топ тажрыйба топтоп калды, көптү үйрөндү, адамдар менен мамиле кылганды үйрөндү, Памирдеги чек-арачыларга кандай товарларды алып барса жакшы болоорун билип калды. Бийик тоо жолдорунда жүрүүнү Гуля бала кезинен самайт эле. Анын бала кезинен калыптанган мүнөзүндөгү көктүгү өжөрлүгү тоо арасында ага чоң жардам болду.


Ошентип соода сатыкта иштин көзүн билип, аз-аздан бутуна тура баштады. Ата энесине бир туугандарына колдон келишинче жардам кылып, өзүнө жарашыктуу жаңы кийимдерди сатып алды. Ош Мургаб жолунда сапар улап, соода сатык менен алектенип жүрүп жалындуу жаштык кези билинбей өтө берди.


Бир күнү Гуля Мургаптагы аскер бөлүктө чек арачы болуп иштеген Алайлык кыргыз жигит менен таанышып калды ал Жигит аты Кубаныч экен, аны менен жолугуп таанышкандан кийин бир башкача сезимдер Гуляны ээлеп алгансыды, чынында Кубаныч өз оюн ачык айткан чечкиндүү эр жүрөк жигит болчу. Кубаныч мурда бир жолу үйлөнүп бирок турмуштан жолу болбой ажырашып кеткен экен, өзүнүн айтымында анын шаардык аялы Памир тоолорунун арасында жашоого макул болбой ажырашып кеткен экен.


Ошентип Гуля менен Кубаныч жылдыздары келишип тагдырды буйругу менен бир жылга жетпей баш кошушту. Алар баш кошуп арадан төрт беш ай убакыт өтпөй Кубанычтын аскердик келишими аяктап калган соң Ошко көчүп келе беришти, эмнегедир Кубаныч кайра келишимди узартып иштегиси келбеди. Шаарда бир жарым ай жашап, андан кийин Гуля менен Кубаныч Россияга кетишти.


Алар Россияга келгенден кийин соода сатык тармагында иштеп жүрүштү, бир топ жыл базарда соода кылышып бутка турушту, Россияда кийим саткан базарда контейнер ачып жакшы киреше табышты, Кыргызстандан жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдөн үч кабаттуу батир сатып алышты. Гуля менен Кубаныч Россияда бир топ жыл базарда иштеп калышты, ал учурда алар бир уул бир кыздуу болушкан эле. Ошентип күндөр билинбей өтө берди уул кызы чоңойду. Алар Кыргызстанда таята тай-энесин колунда жүрүп мектепте окуп жатышты.


Бир топ жыл Россияда жүргөн соң Кубаныч менен Гуля Кыргыз жергесине биротоло кетүүнү чечишти, себеби уул кыздар бойго жетип калышты, Гуля менен Кубанычтын ата энелери картайып алдан күчтөн тайып калды,балдар кыздарды өз өлкөсүндө жогорку окуу жайларга окутуу керек. Арадан бир аз убакыт өткөн соң алар Россия менен коштошуп Кыргызстанга көчүп келишти, андан аз өтпөй Гулянын апасы оо дүйнөлүк болуп кете берди, андан бир жарым жылдан соң кыздары турмушка чыкты, эми мына эки перзенттүү болду. Уулу жогорку окуу жайда окуп билимин өркүндөтүп жүрөт.


Жылдар ошентип өтө берет экен, Гуля бул жашоодо көптү көрдү башынан далайлар өттү ,алгач ошол оош кыйыш жылдары тишинин кирин соруп соода сатык кылып жүрдү, андан соң жүк ташыган ЗиЛдер менен Мургап Ош жолунда далай сапар карытты алгач соода сатыкты ошол жактан баштады, өмүрлүк жарын дал ошол тоолордун арасынан кезиктирди.


Көрсө бакыт деген ушул тура, бакыт деген чыныгы пешене тер менен келет экен. Гуля бүгүнкү күндө чексиз бактылуу, аны жандай көрүп сыйлаган өмүрлүк жары Кубанычы уул кызы неберелери бар. Ал неберелерин көрүп алардын күлкүсүн угуп бакытка балкыйт. Гуля өткөн жаштык күнүн көп эстейт, алгач Мургапка барганын эстейт, ошол түнү көргөн түшүн эстейт.


Ээх андан бери канча жылдар өттү жакшы күндөр жылт эткен жылдыздын жаркыраган жарыгындай болуп, эскерүүлөрдө гана калат тура.


Акын Өскөнбай Бердибаев

"Поэзия ордосу" көркөм адабий

коомдук брикмесинин мүчөсү

12.06.24

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "Памир кабарлары" бөлүмүнө чыгат.

Оставить комментарий

Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены