Туркияда жашаган боордошубуз Bünyamin Toker айтуусуна караганда Туркияда болгон терракта Ооганстандан көчүп барып Улу Памир айылында жашаган Памир кыргыздары да жабыркады.
– “Бул жардырууда Эржиш районунда аскерлер менен кошо күзөтчүлүк кызмат өтөп жаткан боордошубуз Туратбек Гүрожак набыт болду, дагы беш кыргыз сакчы жараат алды. Жаралы болгон күзөтчүлөр азыр ооруканада, алган жарааттары жеңил эле. Мерт болгон Туратбек Гүрожактын жаназасы бүгүн 11-июлда өттү”.
Жердешибиздин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун. Сөөгү сүнөттө, жаны жанаттан орун алсын.
---------------------------------------------------------------------------------------------
Bünyamin Toker
Туркия - Улу Памир
sary-kol.ru
Оставить комментарий
Убедитесь, что вы вводите (*) необходимую информацию, где нужно
HTML-коды запрещены