Апай мерген

Апай мерген

Сапия Төлөнованын жана 
энебиз Шарбат Мамаеванын 
01-январь туулган күндөрүнө арналат


 

                 -/-

Атагы бар тегиңдин

Айтканы бар элиңдин

Он эки кылым тарыхы

Сары-Кол, Мургаб жериңдин

Кызыл жагоо, ак бантик

Өйүздө өстүң жетилдиң

Күүдө, күчтө Сапия

Күнүн көр элүү жетиңдин

Топурагы бир жерден

Кайнене менен келиндин

Бир келсе туулган күндөрү

Билгени анык элимдин

Кадимтен эле бул күнү

Каалоо арнап келебиз

Бар болсо 88 ге

Бармак экен энебиз

Төрт уулунун үйүндө

Төрлөрүнүн көркү эле

Он сегиз небереден соң

Чебересин көрдү эле

Эки кызы эки жагынан

Эркелешип жүрчү эле

Балдарына ыраазы

Батасыны берчү эле

Ырыс, Сапия, Ран, Нурга

Ыраазымын дечү эле

Кыялдан көрүп чыбыра

Кыймылдап жүрсө кыбырап

Дөөлөттүн дөөлөтү эле деп

Кыздары калат шыбырап

Жаңырып жылдар алмашса

Өмүр өткөн, жаш өткөн

Бирөөлөр дуулап кубанса

Бирөөлөр куурап жаш төккөн

Жаза берсен жамактап

Жаман өткөн жакшы өткөн

Көпчүлүктүн ичинде

Көөрүмчү Төлөн бакшы өткөн.

Эскилерден укканым

Эсимде бир аз тутканым

Айылына барып Шугнандын

Аксакалдарынан укканым

Көөрүм кылган учурда

Көпчүлүк эл чогулуп

Бычак алып жин айдап

Бара-бара оолугуп

Түндүккө учуп чыкчу экен

Жин перилерге жолугуп

Кайра ыргып түшчү экен

Жин бар жерге тоорулуп

Ошентип окуп бергенде

Оңолчу экен оорулуу

Аламат кылган жиндилер

Айыкчу экен соолугуп

Катышкан бакшы-молдолор

Калышчу экен корунуп

Адам батпайт карасаң дейт

Түндүктөн түшкөн ордуну

Баарынан да кандай көтөргөн

Чамгарак анын ооруну ?!!

Баш жетпейт угуп отурсаң

Бакшылыктын жоругун

Бир чемпион балбан дейт

Жинди болуп калган дейт

Окуйм деп барган молдону

Уруп-согуп жанган дейт

Тегеректе бар жокту

Талкалап эле салган дейт

Тажиктар эптеп кармашып

Аркан менен танган дейт

Бардык эл билген чемпион

Байлоого түшүп калган дейт

Айласын таппай акыры

Төлөнгө алып барган дейт

Аксакал Турду ошондо

Алты жашта элем дейт

Газганактап тажиктар

Газонго жүктөп келген дейт

Отурганбыз ошондо

Боз-Ала деген жерде дейт

Ал жайлоо бир аз бераак

Көй-Тезек деген белден дейт

Этият кылып тажиктер

Эптеп түшүрүп берген дейт

Атамды көрүп эле ал жинди

Алган жок башын жерден дейт.

Төлөнүң кана чеч- дептир

Тажиктар болбойт эч-дептир

Бошотсоң эле баш бербей

Тополоң кылат тез-дептир

Келесоо болгондон бери

Келе элек акыл эс- дептир

Эмесе өзүм чечемин

Коркконуң ары кет-дептир

Коштоп келген баарысы

Корккондорунан четтептир

Төлөнүң алып бычакты

Төөдөй жиндиге беттептир

Байлоосуну чечиптир

Бычак менен кесиптир

Дем салган сайын ал жинди

Дегеле былк этпептир.

Турдуманбет атасын

Болгон дейт катта алп адам

Ашып түшкөн илими

Канча молдо-калпадан

Көбүктөнгөн жиндинин

Көбүн коркбой кармаган

Өйдө кылып тургузду дейт

Көтөрүп желке жакадан

Башын дале көтөрбөйт дейт

Баякы жинди чаң салган

Жашынып жаткан дөмөрдө

Тажиктин баары таң калган

Заматта акыл эс кирип

Оорулуу жинди сакайган

Ишенбей балбан өзүнө

Биздин үйдө калды дейт

Кызмат кылып, күнүгө

Багышып биздин малды дейт

Акыры балбан ишенип

Атама ыраазы болгон дейт

Эшиктей ташты көтөрүп

Эстелик -деп койгон дейт

Боз-Алада азыр да

Турат ошол бойдон дейт

Күздө дагы келген дейт

Кулдугун айтып бүгүлүп

Көтөрүп алып мойнуна

Бир-эки аттын жүгүнү

Тартуу сизге таксыр деп

Жүк менен кошо жүгүнүп

Өзүнү келген экен дейт

Булчуңдары түрүлүп

Өз көзү менен бүт көргөн

Турду ака жүгүрүп жүрүп...

Ошол Төлөндүн тун уулу

Мамазия ким эле...

Ортосунда көп элдин

Опол тоодой тим эле

Дегеле Манас өлбөптүр

Деген экен бир неме

Өйүзчүлөр менен өзгөчө

Ар-намысы бир эле

Баскан дейт мерген сай менен

Кайберен жүргөн жай менен

Бакубат болуп өссүн деп

Балдарын баккан май менен

Тандап сойгон малдын да

Субай семиз иригин

Кармаган жерден сындырган

Чаары койдун жилигин

Текшерсе болот өзүнү

Толуп турган жигитиң

Менмин дегендер мелдешип

Мен сындырам кел дешип

Сынашкан өзүн канчалар

Сындыра албай терлешип

Тажиктар көрүп тан берген

Мамадзиё эр дешип

Канчалар кайра кармашып

Бир эмес экөө жармашып

Болгону бир аз майрыйткан

Тегеретип карашып

Касиетин атасын

Карманган бир аз үзбөгөн

Рахит болгон балдардын

Кармалап башын түздөгөн

Жылмайып карап коюучу

Жайдары нурлуу жүз менен

Бар болчу балбан сөөлөтү

Балдардын көрүп дөөлөтүн

Жакшы жашап тапшырды

Жашоодогу нөөмөтүн

Балдары баары алп мүчө

Апай жок азыр калды үчөө...

Айтып сөздүн нускасын

Аалым болгон Мусасы

Эркебай менен Эркини

Экөө тең бай кыскасы

Карасаң момун адамдар

Кандарында устазы

Жакшылык күткөн жаңылбайт

Атуулу андай балдардан

Акыркы ата керээзин

Айтканындай аткарган

Жайларга барам жар ашып

Жакшылар жатат жанашып

Кырчындай аяш балдарым

Койсочу кайра жаратып

Ошондо бир орун бар

                     -//-

Жай болчу мага жарашып

Өзгөчө ушул кара тоо

Өзүнө тартат каратып

Өксүймүн оо эстеп өткөндү

Өйүзгө өтүп баратып

Кайгырабыз, эскерип

Камал экөөбүз баратып...

Тун уулу эле Апайы

Туура жолду аттаган

Заманында атасы

Мерген кылып таптаган

Мергенчилик сырларын

Эч бир жанга айтпаган

Ээрчишип ууга көп бардык

Эч качан куру кайтпаган

Тагасы анын Айылчы да

Эр барбы тайын тартпаган

Мургабтан мерген көп чыккан

Жантайганын жазбаган Токтомат, Исражидинди

Ким эстейт экен жазбасаң

Адылбек Дубана уулу

Унтулуп барат айтпасаң

Орозо уулу Кеңешке

Пир токтогон байкасаң

Ширинбек уулу Атобек

Жээнди билбейт кайсы адам

Чынында Шугнан элинен

Чыга элек андай бай адам

Миңди атып омпо тургузган

Шаимов Била Шаймактан

Каримкулов Жакыпты

Мылтык берип мерген деп

Өкүмөт өзү шайлаган

Чыныбайчы жылбызды

Мышык кылып кармаган

Күлгүн дүйнөң, күл дүйнөң

Кимдерден гана калбаган

Кара-Көлдүн Азими

Кулжаны минип айланып

Айлына келген кайрадан

Алчордун дылдыр Сатары

Аюуну эле кармап байлаган

Азилдешип бир жүргөн

Апайды болбос айтпасам

Колунда турса ак бараң

Коштоп кошо барбасаң

Кой болду деп мылтыкты

Колунан жулуп албасаң

Кырк болсо да бир топто

Кырып салчу ал балаң

Асынып жүрсө ак бараң

Артынан кошо барбасаң

Алтоо калды болот деп

Алдап алып калбасаң

Алтымышын бел ашырбай

Алып калчу ал балаң

Эсеби жок эки-үчтүн

Экөөбүз чогуу көп аттык

Москвичти май кылып

Тогузду союп бир бастык

Беш-ондон жүктөп Нивага

Белестерди көп аштык

Кайберенге кошулуп

Каякка кетти ал мастык

Кайып болуп кайрылбай

Качып кетти ал жаштык

Кырк-элүүнүн белдерин

Ашып кетти ал жаштык

Алтымыштын алдында

Жашып турат ал жаштык

Май-Саптын Туз-Жылгасы

Куйрук алган кулжасы

Семирип Сары-Горумдун

Баса албай калган кулжасы

Бешикбоз менен Ак-Сайдан

Аркарларчы кашкайган

Ак-Шыйрактын кийиги

Адамды көрсө качпаган

Чачма менен барганбыз

Чарык-Жыртты, Агажан Чеш-Төбө,

Үч-Кол, Гол-Теке

Дайым турчу мол теке

Айланып ашып кетчүбүз

Куу-Татыр анан Көр-Теке

Адылбектин кош өңүтү

Күүгүмдө барып үйрөнгөн

Аскада калган текени

Окко учкан теке сүйрөгөн

Бири эле бу бизде эмес

Бүт элде болчу ак бараң

Кийиктин агын-кызылын

Ким болду экен атпаган

Ал кезде малдын этини

Базарда эч ким сатпаган

Жооганчылык гөш жок деп

Үйүндө эч ким жатпаган

Сай болсо эле ок атар

Сыйрымга баары каттаган

Тамактын болчу тамагы

Мерген бижи каптаган

Көк боорго сыйрым толтуруп

Кызыган ташка чаптаган

Шишкебек кылып порчону

Шамалда отко кактаган

Жолуккан жерде көзүмдүн

Жосун алат ак бараң

Жомок болуп жаштарга

Жоголуп кетти ал заман

Кетсеңер барып келгиле

Келет дагы ал заман

Небереңди Бишкектен

Көргөнү кеттиң атайын

Карачы тагдыр-насипти

Кайрылбай кеттиң Апайым

Ак бараң жок, Апай жок

Аркарды кантип атайын

Ал заман жок, адам жок

Арманды кимге айтайын

Кечээки көргөн бүгүн жок

Кечиргиле картайдым

Бүгүнкү көргөн эртең жок

Бугумду кайда катайын

Асмандан жамгыр төгөт ай

Апай жок көңүл чөгөт ай

Экөөбүз семиз теке аткан

Ээн калды калды Чөкөбай

Текелер тикте топтошот

Тескейге түшүп оттошот

Тектирден түшбөй тиктешип

Теңтушум сени жоктошот

Кужалар сапта топтошот

Күңгөйгө түшүп оттошот

Күндүз кечке чочулап

Чоң мергенди жоктошот

Аңдып атчу Апайы

Аркарлар жүрөт жапайы

Кубалап атчы Апайы

Кулжалар калды жапайы

Ашыкты атчу чалкалап

Атаандашын талкалап

Кыйышып чуу көтөрчү

Кыштагыны калкалап

Ордосу жатат көзү жок

Турдусу атат өзү жок

Ноорузу жүрөт өзү жок

Сүрөтү жүрөт сөзү жок

Айланып келди кыш дагын

Ашыкка чыкты кыштагың

Оңдоп келди кыш дагын

Ордого чыкты кыштагың

Апай мергендин эжесин

Куттуктап элүү жетисин

Амандыгын тилейбиз

Бар болгонго не жетсин.

Ушул кыштакта төрөлгөн

Урмат сыйга бөлөнгөн

Агабыздын бактысына

Алты бала төрөгөн

Уялап бакыттын кушу

Учпасын жеңе төбөңдөн

Тай эне болуп карыган

Таалай-бактын борбору

Чоң эне болуп карыган

Чоң дөөлөттүн чордону

Аман-эсен болуңуз

Алтымыш аял ортону

Ага да аз калыптыр

Үч эле жыл болгону

Ар дайым эле айтабыз

Кетти деп жылдар арадан

Өмүрлөр эле кетиптир

Жылдарың келип кайрадан

Жакшылык берсин жалпыга

Жараткан ушул майрамдан



Майрамбек Мачиев

Мургаб (2022)

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.