Бирөө сурады Мургап деген эмне? -деп
Мургап деген жердин аты күнөстүү, Төрт миң метр бийиктикте гүл өсчү. Жылгаларда жүздөп жүрөт кайберен, Тоолорунда ийет мөлтүр булак суу. Нурдан бүткөн кырдын кайкы канаты, Мургап эмес Нуркап экен чын аты. Кызы шайыр жигити өрт жоо жүрөк, Жаза берсем жетпес калем санатым. Мургап бийик мурда кийин барбасаң, Мурдуң канап көтөрүлө кан басым. Күжүрмөн эл күргүштөтүп мал айдайт, Мурункудай сактап келет чарбасын. Колдо күрөк ,кышта күрөп белини, Жапа тырмак карда ачып жолуну. Капаланбай шайыр күлөт Мургаптык, Өр тартканда өчпөй жанып көңүлү. Тайгаланбай муздун жылма бетине, Мүдүрүлбөй таштак жолдун четине. Мургабдыкдар урпак улай келишет, Салтын сактап улуу кыргыз көчундө. Тээ илгерки аталардан асыл кеп, Туулган жердин топурагы алтын дейт. Тоону сүйүп топук алып жашашат, Мургабдыкдар ата журттан алып дем. Шүгүрчүлүк дасторкондо даамына, Канаат кылып азга көпкө баарына. Үлгү алчу мүнөзү бар меймандос, Бирдей калыс ар улуттун баарына. Таза сактап жоготпогон тилини, Аруу ыйык тутат ислам динини. Алтындан да кымбат баалайт аздектеп, Мургабдыкдар Нурдан бүткөн жерини. Канат сермейт сары түстүү көпөлөк, Учуп конуп турат күндө самолет. Санап эстеп бир аз айттым билгеним, Кызыкса эгер кимдер барып көрө элек. Мургап деген жердин аты күнөстүү, Төрт миң метр бийик жерде гүл өсчү. |
Кош-Агыл
Паңгазы-Бел, Сары-Булак, Кош-Өтөк, Пахта-катын, Кызыл-бурма көп өсөт. Сасык -даана, аюу-чачы, гаади-мурч. Сандан өйдө сары-кыяк чөп өсөт. Кузгун-Өтөк капталында төрт турук, Жери кенен малга жайлуу төрт-түлүк. Жутагандар жыйып малын айдаган, Кош-Агылга жапа тырмак көпчүлүк. Сары-Булак үстүндөгү көз горум, Билгендерге белен кийик олжолуу. Эчки теке этегине көп түшөт, Эбин тапса казанда эт шорполуу. Кокту-колот, жылга-жыбыт, көгүш кум, Каламадай тезектери өгүздүн. Ташка жатып тарп аңдыган тескейде, Талпак жондуу жырткычы бар карышкыр. Алачыктай кулжалары боз-каптал, Аркарлары ашып оттойт сап-саптан. Жерге бөгүп боз шыбактын астында, Кулагы узун коёндору сак жаткан. Кырк чилденин кычыраган тушунда, Күңгөйүндө короо тоңбойт кышында. Боз дөңдөрдө боз-от жалмап токтулар, Кертип-кертип кепшейт онтойт бышылдап. Кош-Агылдын тартып чийип сүрөтүн, Караанымды койунуна түнөттүм. Ата-Конуш эстейм алыс жүрсөм да, Тоолорумда түбөлүккө гүл өссүн. Кыял-ойду Кош-Агылга түнөттүм, Көз алдымда ата-журттун сүрөтү
Өскөнбай Бердибаев "Поэзия Ордосу" көркөм-адабий коомдук бирикмесинин мүчөсү Алай району, Сары-Могол айылы |
Абдижамил Примбердиев