Менин ыйык Сарыколум Ыйыгымсын туулуп өскөн мекеним Мен өзуңдү баалай албай келемин Бүт дүйнөнү айланып кыдырсам да Теңей албайм сага жердин неченин
Таза абаңдан дем алганды сагынам Сууң таза, мен уурттаганга зарыгам Тооңо чыксам жакын сезип асманды Колум созуп булуттарга умтулам
Көркүн ачып, талааларың сулуулап Шибериңден жазгым келет ыр курап Дарыяңдын агып жаткан добушу Кулагыма кайрык болуп угулат
Жашым өтүп сагынычым күчөп барат Көз алдыма балалыгым тартылат Киндик каным тамган кичи мекеним Ар бир ташың ырларымда жазылат
Туулуп өскөн ыйыгым Сарыколум Кайра баштан сагынычты козгодун Бала кезде кеткем узам өзүңдөн Улутунуп эстеп сени бошоштум
Көргүм келет ойноп жүргөн жерлерди Чогуу жүргөн балдар менен кыздарды Барган менен таппайм азыр аларды Алар баары неберенин апа менен атасы
Туулган айлым баары өзгөрүп кетиптир Айлым өсүп жаңы муундар жетилип Мен тааныган улуу устат адамдар Асты кетип,калбай деле калыптыр Жылдар жылга, айлар айга алмашып Элүү жылда эл жаңырып кетиптир
Бийиктикте жашаган менин элим Пейли таза, жан дүйнөсү кененим Тамырлашып тоолор менен сырдашып Тоолордой бийик дайым менин элим.
Балалыкка кайрылуу Кайдасын сен балалыгым алтындай Жүрө албадым сени колдон учурбай Айлымдан балалыктан узасам да Бат-бат эстеп кусаланам аябай
Эстей сени өтүп кеткен балалык Кайра келчи бир моокумдан каналык Балалыгым көз алдымдан өткөрүп Эстөө үчүн болуп келем убакыт
Эсте калган балалык менин курагым Эрке өсүп гүлдөй болуп тараптарым Досторумду чогуу өскөн мен менен Эстей берип ичим бышып турамын
Мен дагы ошол күндө болгум келет Күнүгө картаюдан качкым келет Туп тунук жан дүйнөсү таза болгон Кайрадан балалыкка кетким келет
Сагынткан менин ошол балалыгым Небере кыялыдан күндө көрөм Балалыгым өтүп кетсе керек деп Бек кучактап неберемди өөп жүрөм.
Өмүр деген Бүгүн мен жашап келем өмүр сүрүп Турмуш жүгүн оор жеңилин көтөрүп Жаратканга ар дайым шүгүр кылып Мага буйруп жазылганга бүт көнүп
Өмүр бизден өтүп кетээр бир белек Жакшысын да, азабын да берген ченеп Өмүрүмдүн тартып келген түйшүктөрүн Бүгүн мен жазгым келет гүлгө бөлөп
Азбы көппү бир берилген өмүрдө Кир жугузбай жүрсөк экен көңүлгө Зор бакыт, ийгиликтер коштолуп Жакшылыктар орун алса ар бир үйдө
Бул өмүрдө баратабыз өр таянып Жашоо деген кыядан бир топ ашып Өмүрдүн да бир күн болот аягы Өтсөк экен жакшы делип аталып.
|
Канча калды барактары айрылбаган Бизге чейин сан жеткис таңдар аткан Бул жашоодо канча өмүрлөр агылган Биз бараткан ушул жолдун өзүндө Тапталып калды,адам сөөгү канчалаган
Биз да өтөбүз бул өмүрдөн бир күнү Жылдар өтүп соолуйт дарак бүчүрү Муундан муунга калтырышып мурасын Өтүп жатат токтобой адамдардын өмүрү
Бул өмүрдүн айрылып күндө барактары Жай мезгилдей жаштык кез артта калды Бул күндөр да карылыкка жакындап Өтүп жатат сааттын желесиндей чыкылдап
Ошондуктан өмүр барда барктагын Эл журтуңа эмгегиңди аябастан арнагың Эл ичинде оозго алынса жакшы ишиң Ошол болот өлбөс болуп калганың.
Гүлдөр Гүлдөр бүгүн бажырайып жайнашат Көзүмдү албайм кайра мени каратат Эмнегедир мен силерге суктанып Көргөн сайын көңүлүм да кубанат
Гүлдөй болуп гүлдөп турса бардыгы Адамзат да кайгырбаса бир дагы Мезгил өтүп айга айланып жаз келип Амандыкта түгөл болсо бүт баары
Гүлдөй назик болот адам көңүлү Гүлдөй анкып жайнап өтсө күндөрү Гүлдү карап ойго батып кетемин Соолубаса адамзаттын кыска өмүрү
Гүлдөр жайнап гүлдөп турса айланам Суктанып мен ыр саптарын жазалам Өзгөчө бир музыка, симфония жаралып Жан дүйнөмдү силер менен дарылайм
Тирүүлүктүн өзү бакыт Бүгүн дагы бир таң атты биз үчүн Шүгүр кылып тосуп алдым кубанып Күн шооласы тегиз чачып жер бетине Мээримине бөлөп жатты кандай бакыт
Өкүнбөстөн жашайлычы ар бир таңда Ансызда өмүр өтөт жашоо кыска Көтөрөлү ачуусун да, таттуусун да күндөрдүн Жашоонун өзү баары кандай бакыт
Жакшыдан таалим алып жашайлычы Жанында бирге басып кылбай кастык Ушундай оор сыноодо дайым керек Жакшынын бар экени кандай бакыт
Жакшы күнгө жетип биз жашайлычы Жашоонун баркын сезип баштайлычы Түбөлүк жашабайбыз биз билебиз Тирүүлүктө тирүү болуу кандай бакыт.
Өмүрлөшүм түгөйүмө Мен ыр жазсам жаза турган сөзүм бол Менин дайым көрө турган көзүм бол Мени ар качан баары жоктон калкалап Чарчап келсем эс алуучу багым бол
Мен отурсам ошол бактын түбүндө Дайым мага сайрап турчу булбул бол Уккулуктуу бир обондун кайрыктарын Чертип берчү, колумдагы комуз бол
Бийиктигин дайым мага тоодой бол Тоскоолдуктар өтө албаган тосмо бол Иштеримде же турмушта кыйналсам Дайым өзуң таянарым аман бол
Мен чанкасам иче турган суум бол Менин жыттуу анкып турган гүлүм бол Сен менин эңсегеним баары болуп Өмүрлөшүм түбөлүктү шерик бол. |
Эркайым Мамытова
Арчалы айылы