Аскага улар уялап,
Аркары чуркап кыялап.
Айланайын Сары-Кол,
Арманда кеттим аманат.
Ар жерде жүргөн кулунуң,
Сагынганда арданат.
Тектирге бүркүт уялап,
Текеси чуркап кыялап.
Тегеренип барышка
Тентегиң уялат.
Тели-теңтуш, кыз-кыркын,
Келип кет деп суранат.
Текелүү чоку сыйгалак,
Too илбирси шыйпанат.
Туулган жерди эстесем,
Ыргалат жаным ыргалат.
Тең курбу өскөн курдаштар,
Көзүмдө тынбай буралат.
Ак-Суу, Алай дей бербей,
Аркарын атып, жей бербей.
Айылдан неге бөлүндүк,
Ар кайда кеттик кербендей.
Аттиң дүйнө Сары-Колум,
Ойлонбой неге термелбей.
Кара-Көл, Алчор дей бербей,
Кийигин атып жей бербей.
Козголбой койсок болмокчу,
Көргөн күн кайра бир келбей.
Көңүлдөн кетпейт Сары-Колум,
Кусамын жерим мен көрбөй.
Халил Мурзакматов