Көз жаштар каректерден акбаса дейм...

Көз жаштар каректерден акбаса дейм...

Ак-кара

 

Жалган жүрсө тамырларды аралап,
Ак чындыкка айып тагып каралап.
Айткылачы калыстыкты как жарган,
Бул абалда чындык кайда баралат.

 

Чымчып өтсө ак чындыкты четинен,
Калп кайжандап ал чындыкты кетиген.
Чындык калат көмүскөдө бекили,
Кара булут каптап өтсө бетинен.



                    Карек

 

Көз жаштар каректерден акбаса дейм,
Кайгы мунга каректер батбаса дейм.
Кыйналып ал каректер кыштагыдай,
Кирпиктер тонгон муздай катбаса дейм.

 

Жаш каректен мөнгү суудай акбаса дейм,
Жашып ыйлап жалгыз жанга батбаса дейм.
Жайда төккөн нөшөр жамгыр сыяктуу,
Жаап карек сел сыяктуу акбаса дейм.

 

Сабырсыз каректер талбаса дейм,
Санаага чөгүп ыйлап калбаса дейм,
Сабалып күздө түшкөн жалбырактай,
Саргайып сапырылып калбаса дейм.

 

            Сары-кол

 

Көк асман челип нурланган,
Кылымдар бою куралган.
Мөнгүдөн аккан булактар,
Көргөн жан баары суктанган.

 

Жүзүндө гүлдөр жайнаган,
Тоолордо улар сайраган.
Аркар, кулжа, эчкилер,
Топтошуп тоодо жайнаган.

 

Аралап чөптүн түрлөрүн,
Терип ал даары гүлдөрүн.
Суктанып Сары-кол көркүнө,
Өткүлө кенен төрүнө!



Рахат Кушмаматова

Мургаб - Исфана

www.sary-kol.ru

Дополнительная информация

Урматтуу окурман, эгер сизде да ушул сыяктуу элибизге, жерибизге байланыштуу материалыңыз болсо, тезинен дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Биз кабарыңызды заматта жер жүзүндөгү мекендештерге жеткиребиз. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.


Кабарыңызды кыскача баяндап жана кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да кошуп Viber же WhatsApp аркылуу +79278161260 номерине жөнөтсөӊүз болот. Кабар сайтыбыздын "САРЫКОЛ КАЙРЫКТАРЫ" бөлүмүнө чыгат.