Сары-Кол керемети Тоо жаңырткан өзөн булак сууларың, Бозой, Селки жер жамалы, чырагың. Жаратылыш бак дарагың болбосо, Терскен, шыбак касиеттүү сырларың. Кереметтүү, касиеттүү ырларың, Көлгө куйган ак-мөңгүлүү сууларың. Чоң-Көл, Зор-Көл, Кара-Көл көлдөрүң. Кош-Дөң, Зор-Дөң кереметтүү дөңдөрүң. Жайлоолоруң көзгө сүйкүм керемет, Паамыл жайлоо жан, адамга дем берет. Көлдө ойногон түрлүү түстө балыгың, Кен байлыгың кереметтүү сырларың. Зоолоруңдан шаңшып учат бүркутүң, Таш үстүндө сайрап конгон күкүгуң. Жайлоолордо аба салкын бийигиң, Таң алдында отко түшкөн кийигиң. Балалыгым өткөн күндөр арманым, Кереметтүү мукам үндүү уларың. Боз сыдырым, шамал соккон ыргагың, Таш чокулуу, тайпаң беттүү кырларың... Союз Ааламды баскан узун жол, Санжыралуу Сары-Кол. Ак-Байтал ашуу бийигиң, Аркар, Кулжа кийигиң. Озоңдоп, ашкан ашууңдан, Көк кашка Авто зилдериң. Өткөн мезгил жазылып, Тарыхта калган Союздун. Ордолуу Ош, калаадан, Азыркы Бишкек мекенден. Оор жүктү тарткан зилдериң, Область Харог тарапкаң. Күжүрмөн шофёр эмгекчил, Адамдар өткөн арадан. Патуга келип токтолуп, Район Мургап аталган. Кумдуу талаа Аличор, Ашуусу таштак Кой-Тезек. Ак-Балык Ата, Чатыр-Таш, Касиеттүү жерлерден. Жеткирген жүктү Харөккө, Аралап айыл четинен. Санжыралуу Сары-Колум, Касиеттүү кең Мекен. Кайрылып келсек тарыхка, Санжырасы төп келген. Булуң бурчта айылы, Сары-Колум жердегем. Ак-Зоодон шаңшып бүркүтүң, Асылым жерим сени эңсейм. Уяңдан учтум оболоп, Сыймыктанам сен менен. Туулган жер жамалы Таң шоокуму таң алдында агарып, Аруу таза ички дүйнөң тазарып. Сары-Колумдан сааркы соккон шүүдүрүм, Ак шөкүлө сулуулардын жамалы. Тоо койнунан мөлтүр булак шыңгырап, Обон салып күлүк ойлор чабыттап. Мелүүн соккон мезгил дымак убакыт, Өмүр көчү секунт сымак шашылат. Жүрөк дегдеп Сары-Колумдун шамалын, Саймедиреп ойго тунуп барамын. Күлүмсүрөп күн меерими жадырап, Туулган жер эстен кетпейт жамалың. Кайран жаштык Кубулуп өмүр, тагдырлар, Курбулар карып баратат. Куюлат көздөн, аккан жаш, Классташ баарың сагынтат. Каректен кетти, курч убак. Отуз жаш кетти сабалап, Ойунга тойбос жаш убак, Өзөктү өрттөп баратат. Кыраңдан ашкан кийиктей, Кырк жаштар кетти сабалап, Кырчындай жаштык эскирип. Кыл сакал басып баратат. Эликтей чуркап секирген, Элик жаш өтүп баратат. Коңур кара чачтарды, Ак бубак басып баратат. Мүчө бойлор сымбаттар, Мүдүргөн жашка айланат. Ак кубакай жүздөрдү, Ак бырыш басып картайтат. |
Аялзат Таң шоокуму, салкын согот жай гана, Талаа гүлү серпилишет шамалга. Таза, аруу таң шооласы чачырап, Окшоп кетет аппак жүздүү сулууга. Кыз жыттанган теребелге суктанып, Мен олтурам обон салып,ыр жазып. Таң шооласы аруу назик кыз сымак, Мөлтүр тамчы жамгыр суусу тамчылап. Кызгалдактай нурун чачып сулуу зат, Аял заты ушунчалык улуу зат. Аруу таза ак шөкүлө жамынып, Жүрөк чиркин сулууларга суктанат. Кулжа бурак Токсон чилде күн кайтар убактар, Тоо бороону аппак карлар гылактап. Тоодон ылдый кызыл шамал куйугат. Алп тоолордо учкун карлар жадырап. Тоо текелер шаа мүйүзү карсылдап, Толмоч сулуу эчки гүлүн ызаттап. Касиеттүү кайберенге ишаарат, Кулжа бурак, теке бурак шул убак. Кырдын бети аппак карга, айланып, Мырза дымак, кексе Кулжа шаңданып. Кыз назданган, кылыктанган Ак Аркар, Чыкыроон кыш чыйрыкпастан таңданып. Мезгил барат убакыттар сабалап, Учкун кыял төрт мезгилдер убагы, Күз, Кыш, Жай мезгидери саналып, Касиеттүү кайберенге ишаарат. Унутпа Сары-Колдун жамалыны, Аркырап беттен түшкөн шамалыны. Ак-Сайда оттоп жүргөн аркарыны, Кара-кашка инек каймагыны. Чалкалап бой тирешкен кырларыны, Кыз Жибек алым сабак ырларыны. Тоолордон шыңгыр булак сууларыны, Таң алдын сайрап учкан уларыны. Чабытта туулган жер ойлоруңду, Аркардын таттуу ширин шорпосуну. Төрт түлүк сүйүп жеген отторуну, Ак мөңгү агып түшкөн тоолоруну. Сары-Колум Аска зоосу асман тиреп чокусу, Аалам сырлуу Сары-Колум тоолору. Жаратылыш жан дүйнөнү эргиткен, Сары-Колумдун бейиш жыттуу тоолору. Зоолорунан бүркүт учуп шаңшыган , Эчки, теке оюн салып чубурган. Касиеттүү, кереметтүү сыры бар. Келбеттери келишимдүү Сары-Колум. Алп тоолору аян берген сырлары. Аркар, кулжа касиеттүү кырлары. Кен байлыгы тоо койнунда катылган, Ак мөңгүсү улуу сууга ташыган. Сен дегенде сезимдерим, ойлорум, Түн оокумда сени эстеп толгондум. Балалыгым, өтүп жаткан өмүрүм, Кол булгалап алыс калдың Сары-Колум. Сары кол Ак мөңгүлүү, Аска зоолуу Сары-Кол, Ак -Байталдай ашууларың узун жол. Карт Тоолоруң канча кылым арыштап, Жашап өткөн улуу муун, улуу доор. Кылым саптап кыргыз баскан даңгыр жол, Санжырада сактап келген Сары-Кол. Баатыр баскан азрети олуя, Улуу атың сыймыктанар Сары-Кол. Көзгө жылуу сенин улуу тоолоруң, Саймедиреп сени эңсейт ойлорум. Өз койнуңда өстүргөнсүң алпештеп, Түбөлүккө жаша дайым Сары-Колум. Өз койнуңда төрөлгөнбүз Сары-Колум, Бешигибиз кереметтүү тоолоруң. Талаа, түзүң татынакай жерлериң, Таазим кылам улуу менин Сары-Колум. Достор Таң шооласы жарык чачып ааламга, Таң шүүдүрүм салкын согот жай гана. Жаратылыш түркүн салган килемдей, Түркүн куштар түрдүү обон жаратат. Жамгыр төгөт жаркын жаздуу маанайда, Мөндүр болуп аппак карга айлана. Теребелде кым куут жашоо кайталоо. Түндөр өтүп, күндөр барат шаңдана. Кандай досум, жакшы досум кандайсың, Не жаңылык маалада Э.. дос тынч гап, сөз жок, Э майли дос кетип атам бир жака. |
Кубанычбек Тойчиев
Мургаб району Көөнө-Коргон айылы