Мургабым
Чаңкасаң мүрөк сууларың,
Чабылдым сендеп дууладым.
Жашыл талды мындай кой,
Жактырам өскөн куу талың.
Сансыз санаа менде азыр,
Сагындым сени Мургабым.
Өрөпкүп жаның демиккен,
Өзүңдөн өстүм алып дем.
Гүлдөрдүн түрү өзүңдө,
Гүлүңдөп баары сенде өскөн.
Ааламда жок сендей жер,
Айланам Мургаб жеримден.
Мактоого сени тилим кем,
Мал жаның оттоп бийиктен.
Жылдызга жакын карасаң,
Жылгасы толо кийиктен.
Бейпилдик болсун өзүңдө,
Берейин жаным тилип мен.
Сенде калган тууганым,
Сен деп жүрөт уулдарың.
Өзүңдөн алыс жүргөнгө,
Өзөгүм сыздап муңдамын.
Түгөнбөс кенчим мурасым,
Түбөлүк сенсиң Мургабым.
Абдижамил Примбердиев