Сарыкол дастаны (1) -Ак - мөңгүлүү бийик жер, -Аскалуу адыр тоолуу жер. -Кылымдап кыргыз жашаган , -Сарыколум көркөм соонун жер. -Ат баскан чыйыр кыялап, -Алты сап жаздым сыялап. -Айланып бүркүт бийикте, - Мекендейт тоону уялап. - Санжыралуу Сарыколум , - Керилип жаткан Кең- Колум. - Шамалың салкын сыдырым, - Желпинген жеңил жорголуу. - Сап саптын башы кайкалак, - Сай ташы самын тайгалак. - Ылаачын учса бийиктеп, - Канаты бир аз чайпалат. - Мадиян , Пышарт, Кара - Көл, - Ак- Балык мөлтүр таза көл. - Балыгы көп Булуң - Көл, - Байыркы Зор -Көл Казан -Көл. -Шаймактын шибер тулаңы, -Бахпурдун кайнайт булагы. - Байыртан кыргыз мекендеп, -Сарыколум байырлап келген турагы. -Ок- Салыр ата Шаты- Пут, - Тарыхтар калбайт катылып. -Ааламга кеткен кыргыздар , -Үркөрдөй болуп чачылып. -Опол –Тоо, Муз- Тоо мөңгүлүү, - Өзүнө бурат көңүлдү. -Кереге - Өтөк Көр - Теке, -Казылбай калган көмүрү. -Аскада жанат Чырак - Таш, -Мөлтүрөп ийет булактар. -Боз шыбагы тегерек, -Ак коёну улактай. -Ак- Суу , Ак - Там , Баш - Күмбөз, -Бозой- Күмбөз , Үч - Күмбөз, - Кадам сайын мазарлуу , - Жарты - Күмбөз бүт күмбөз. - Баатырлар басып өткөн жер, -Бабалар жашап өскөн жер. - Этегин кайрып эшендер, - Батасын берип кеткен жер. - Жылгада жүздөн төрт түлүк, - Жеримде малдын көп түрү . -Байырлап келип нечендер, -Бай болуп кеткен көпчүлүк. -Кылымдар өчпөс күү чалар, - Кайберен түнөк жылгалар. - Таң тосуп тиктейт тектирди, -Калдайган караан кулжалар. - Чубак , Кошой, Ак- Балта, - Жакып жана Баабедин. - Шерлер бектер өткөн жер, - Ата теги Чоң Алай. -Рахманкул- хан баш болуп, Казы Атабай дагы бар. - Көптөр туулуп өскөн жер. -Кара - тоону айланып, - Кашкарга жолу кеткен жер. -Тойуту күчтүү тойумдуу , - Тоо түздө өскөн терскендер. - Ак- Суунун суусу көк кашка, -Арашан агылып түшкөн Топ -Ташка. |
- Балыгы сууда көрүнөт, - Балырлуу көбүк топтошсо. -Сарыколум , Ак-Суу, Кош -Агыл, - Сагынган биз- биз кусадар. - Алыста жүргөн бара албай, -Адамдар биз - биз кусалуу. - Көпүрө - Башы, Суу- Башы, - Көкөнбек өткөн миң башы. -Көмүскө калган доордо, -Көп бектер өткөн жүз башы. - Жапаркул датка аминдер, - Жаннатта жүрсө оомийин деер. - Токурбек датка аминдер, -Бейиштен жүрсө оомийин деер. - Сарыколдук жалпы элиме, - Салтыны сактап жүрсүн деп. - Саламат эсен болсун деп, - Сапарлаш болуп жолунда, -Жылоолоп кызыр оомийин деер. -Жылтырак жиптүү ат жабдык, - Жылдызды кууп ат чаптык. -Күмүштөн боолу ат жабдык, -Кылымды кууп ат чаптык. -Доорду көргөн нечендеп, - Тоолорду сүйдүк мекендеп, - Сары-Колдун өчпөйт тарыхы, - Мезгилдер жазган бекемдеп. -Күңгөйгө чаап күлүктү , - Өчүрбөй жанган биликти. - Аталар жүргөн астейдил, - Көтөрүп бийик түндүктү. - Элеси өчпөйт Сары-Кол, - Эңкесин өкчөйт Сары-Кол. - Ата-эне жайык алган жер, - Эң ыйык бизге жерибиз. - Ысымың өчпөс түбөлүк, - Ырларым далил күбөлүк. - Кай жерде болсо урпактар, -Тагдырлар айдап тураттар, - Унутпай эстеп жүрөбүз. - Бабалар өткөн тарыхым, - Башаты өмүр тагдырдын. - Санжыра салтын жоготпой, - Кыл чокудагы сандыгым. - Сандыгым жашайт Сарыколум. -Бүркүттүн тууру күмүштө, - Сулуунун сыны жүзүндө. - Улуттун наркы санында эмес, - Салтыны сактап жүрүүдө. - Тулпарда жүгөн алтындан, - Шумкардын боосу асылдан. - Кадыры журттун кашта эмес , - Сактаган ыйык тилинде. - Сан кылым өтсө сакталып, - Сарыколдун баркы тилинде. - Салтыны бекем кармаган, - Кадыры баркы дининде. -Бабалар баскан тарыхым, -Сарыколум бараандуу баскан дилинде.
"Янги- Овоз" эл аралык жазуучулар союзунун мүчөсү Өскөнбай Бердибаев |
Абдували Акимбеков "Сарыкол дастаны"
Сарыкол дастаны (2) Алай тоого уланган, Аска зоодон куралган. Санжыралуу Сары-Кол, Кийиги качат кыраңдан. Кызыл- Арт кыя кызыл өң, Кыйгачтап түшсөң Кара- Көл. Булуң - Көл, Шор- Көл ,Тогуз Көл, Казан - Көл , Зор- Көл, Сарез - Көл. Ажыдаар - Көл, Муз-Көл, Жашыл - Көл, Турумтай - Көл , Айдын- Көл , Айтылуу Шор - Көл, Ыраң- Көл. Акбайтал ашуу Ырабат, Ырымдан дастан куралат. Жеримди билип жазсам деп, Түйшөлүп тарттым убара. Жаңы жер менен Койонду, Ширалжын жана Көл- Башы. Шашылбай жазам санаттап, Санжыра дастан төл башы. Кокуй - Бел , Даңкай, Сай - Конуш, Ата журт ыйык ар конуш. Уй- Булак , Суук -Сай, Маркансуу, Кайрылып Кашкар аркасы. Байгашка- Турук, Ак - Жылга, Орус- Булак, Тар- Жылга. Ылык- Жылга , Кара- Артуу, Мукур сайын ар жылга. Ок- Салыр ата, Кара- Чым, Дөң - Шибер нары Чыны-Суу. Кызыл-Жээк, Чакыр - Жол, Кызыгып бастым какыр жол. Карнай- Тартты, Көк -Чукур, Билбеген жерде көп чукур. Аска зоо бети жалама, Көлөгө - Таш, Кочкор- Калама. Күкүрт , Чөбөк, Сарыжылга, Тескейи аппак кар жылга. Кампир -Өлдү, Жаргылчак, Көк- Өтөк, Боз - Дөң, Чечекти, Кыргыздын жери эзелки. Боз- Артуу, Үзүк , Чырак- Таш, Кылымдар менен куракташ. Маамберди - Булак, Туз - Жылга, Каухар таш чыккан түз жылга. Маанисин билет билгендер, Кен байлык кенен бул жылга. Тоо жолу татаал көрүнүш, Берилеп бассаң Бөрүлүк. Жарлардын жанын сел алган, Ой- Балгын, Чуулдай, Бел- Алма, Алтынын казып тарыхта , Алыстан келип эл алган . Арык-Кочкор , Шаты- Пут, Кара - Жылга , Дам - Жайлоо. Алыстан ат арытып, Айланып келем ар жайлоо. Чукур - Өтөк , Уй - Турук, Кызыл - Күнгөй , Жан - булак. Кыяк чөбү бел өйдө , Кош - Агыл , Кузгун ,Сары- Булак. Бака -Баш , Пышарт, Нургабым, Миң жылдык тарых мурдагы . Кызыл - Даңги , Таш- Короо, Топозу тоодо беш короо. Эчки - Тушар,Бүлөлү , Эл жерден калдык алыстап , Эли журтту ар дайым , Эскерип унутпай жүрөлү. Бек - Жол ата мазары, Нургапта Сарыкол базары. Токтотпой калем бек кармап , Тарыхын терең жазармын. Саткын -Жылга, Ак - Жылга, Чат - Токой, Колтук, Кырк - Кечүү. Алтын- Мазар, Балгын , өрөөнү, Суктантат келип көргөндү . Жыттап -Табар жылгасы , Алтын күмүш кум ташы . Базар - Дара, Кулчак, Таш - Жылга , Күмүшү кенен , жези мол, Жарыкташ , Моло Жар - Жылга . Күңгөйгө күндө кой өтөт, Күмүш жылга , Той- Өтөк, Шибер-Айрык, Казынды. Сарыкол деп дастан жазылды . Кылымдап канча мезгилдер , Так эсеп жетпейт азыр бу. Тарыхта калса екен дейм, Аракет бир аз азыркы . Тарыхтын баасы тараза , Кашка - Эчки , Кочкор - Калама , Энчисин алар ар адам, Аракет ишке жараша. Теке - Чапты, Сай, Кара - Бел, Өгүз -Агыл, Ара - Бел, Топ- Таш, Ак- Гөр, Текелүү, Сарыколум жердин чекеси. Текелүү чоку , Жар- Өтөк, Бул дүйнөдөн баары өтөт . Бетеге кетет бел калат , Бектер кетет эл калат . Осмо кетет каш калат , Оомат кетет баш калат . Байтал - Жарды , Жаанбай, К ум- Чукур менен Кырк- Шейит . Илгерки өткөн доордо, Кыргында өлгөн көп шейит . Ничке- Жылга, Бакшы -Өлдү, Келин- Качты, Ак-Буура, Чөккөн- Буура, Бодо- Бел. Тетири - Жылга , Шор - Булак, Кара- Чабыр өрөөнү . Аталар жүргөн бул жерлер , Унутпай дайым жүрөлү. Кыз- Мазар , Куу- Тал , Муз- Булак, Жаман - Тал , Зор- Таш, Туз- Булак. Суук- Тумшук , Ак- Козу, Мамай- Өлдү , Түз - Булак. Чөгүн - Жарды , Кум - Кыя, Кош- Таш, Жылбыз, Кум - Кокту. Сагынып эстеп ата - журт, Алыстан көз жаш ким төктү. Ким эстеди ойлоду , Бабалар жүргөн тоолорду. Кара- Дөмөр , Жылкычы, Мадиядин жылкысы, Керилип жуткун чаңкасаң. Сарыколдун күчтүү кымызы. Казан- Кулак , Чеп, Бурак, Тетири- Жылга,Зулумарт. Кара- Погон, Муз - Короо, Таштан салган туз короо. Торпок -Агыл, Кош -Агыл, Өгүз -Агыл , Беш - Агыл. Кемеге -Өтөк, Паңгазы, Кашкарга жолу баруучу, Чарык- Жыртты, Көлмө ашуусу. Тозок - Дара , Сары- Кыр, Кулжалуу - Төр баары кыр. Гожек- Колтук, Чий -Өтөк, Араласаң чий өтөт. Шакарак, Сарыташ, Көр- Теке, Аскада жүрөт чоң теке. Кош- Бел , Көк - Жар, Тогуз -Көл, Сарыколдо сансыз көл. Кереге- Өтөк, Таш - Казык, Басырык салдым таш казып. Байтал- Өлдү, Таш- Казык, Басырык салдым таш казып. Кара - Тумшук, Кузгун, Чукур- Өтөк. Карайлап шамал учуп өтөт, Чагылган -Түштү , Миң- Гажыр. Айланып шамал учуп өтөт. Кызыл -Белес , Көк- Белес, Тегерек -Балгын көп белес. Кара - Белес, Хан - Жолу, Хандар ашкан көп белес. Тегирмен-Суу, Чапак- Таш, Жармаңке - Таш , Жалпак- Таш. Мумулай- Таш , Ара- Таш, Бостери жылга ,Кара - Таш. Кызыл- Горум , Токтомуш, Дайрасы агат октолуп. Бахпур- Ата, Ак- Шыйрак, Шаймак, Бейик, Солоңгур. Тарыхта даана чоң жолу. Кара- Кыя, Дөбө- Өтөк, Тарыхта бектер көп өткөн. Айланып келип ааламдан, Аалымдар ыйык көп өткөн. Кызыл - Рабат, Дүкүлдөк, Кызыл- Иймек , Жыртык- Үй. Шамал - Гөй жана Курыстык. Дарбаза- Таш, Суулыстык. Тулпар- Чапты, Кызыл - Гөр, Аюу - Жолу, Тар- Булуң, Айланышта бар булуң. Кара- Тумшук , Тар - Булуң, Кайрылышта бар булуң. Көөнө Коргон, Чеш- Төбө, Мукур, Көк- Бел, Айдын- Көл. Мөк, Кызыл -Дөң, Айрылыш. Кош - Белдин жолу кайрылыш. Бөрү- Көрбөс , Нан- Калды, Жаман- Чулук, Күн - Тийбес. Жаманаң- Шоро , Андемин. Ак- Шор, Көңтөй, Беш- Арал, Жарты- Күмбөз , Беш арал . Жаңы- Даван, Бешик - Боз, Сары-Горум, Чым- Сери. Көл- Жылга менен Машаалы, |
Тоо ташы түркүн жошолуу. Айланып учкан улуу куш, Кадамды тийген улуунун. Бийиктеп учкан улуу куш, Назары тийген улуунун. Ийри- Кыяк, Үч- Жылга, Кептеш, Көңтөй, Ала-Таш. Теке - Чапты, Маржанай, Тарзан - Талаа, Таш - Сери. Күмүш ,Делбак, Зардали, Күйгөн- Өтөк, Жыланды. Мамыры жыты буркурайт, Мекендеп аркар кыраңды. Таар - Какты, Чөкөбай, Мамазайир , Башкүмбөз. Аличор, Актам, Чатырташ. Боз оттун жыты буркурайт, Гүл өскөн бийик адырдан. Сумө - Таш, Кумду, Бостери, Капитан - Ата, Кең Уч- Кол. Ак - Балык ата , Маржанай, Абдикарим ата, Миң - Аркар. Кумду, Тамды, Жол Өтөк, Кумайда жүрөт жүз аркар. Базар -Дара өрөөнү, Таң калтырат көргөндү. Бозой- Күмбөз , Кара- Кум, Ак- Аркар, Ак- Сай , Кара-Суу. Актал, Тура , Аккыя , Кайынды , Чортон, Мадиян, Ыссык-Булак , ылысуу. Жер тешип чыккан жылуу суу. Айланып барчу баарысы, Дартка дабаа даары суу . Жер-Үй, Ниязек, Ат- Камал, Жалпак- Таш, Арал,Эчки -Айдар , Шилбилүү, Кыя, Горумду, Көптөр келип узактан, Көп көрүп кеткен соонунду. Жармаңке - Таш, Кара- Таш, Жар үстүндө Ала- Таш. Сапта турат бир караан, Сопойгон бийик моло таш. Боз -Артуу менен Кум - Кыя, Сасык- Булак , Көк - Кыя. Үсөн -Жылга, Жарты - Боз, Мусапыр- Гөр, Жар- Башы. Кызыл- Кокту, Ак- Тайлак, Сарыгул- Салбаң, Ийрисуу. Белең- Кийик, Чакалтай, Кара-Корум, Зулумарт. Байыртан кыргыз жүргөн жер, Баасы кымбат туулган жер. Боз- Дөң, Ыраң, Дөбө- Өтөк, Ак-Суу, Муз- Тоо , Опол -Тоо. Кыркалекей катар тоо , Ак мөңгүлүү Улуу -Тоо. Чукур - Өтөк , Горумду, Жайчи- Үңкүр, Көк- Мойнок. Куу- Татыр, Көк - Бел, Беш- Катын. Келин- Качты , Кырк -Шейит . Албастыр - Өтөк, Кум- Жылга, Мукур- Өтөк, Ат- Жайлоо, Нагыра- Кум, Жарык-Таш. Текелүү -Чоку, Гүң жылга. Сарыколдо чоң жылга, Тетири жылга оң жылга. Кулжасы бар кең жылга, Тескей күңгөй өйүздүү, Кийиги чоң мүйүздүү. Ашкана- Жылга, Куу - Мойнок, Дуния- Таш, Каляк- Таш, Кең- Кокту,Муз- Төр , Мата - Таш. Чий- Булуң ,Бел, Кең Кокту, Кийиктер жүргөн чоң кокту. Күнгөй - Өтөк , Агажан, Беш - Булак жана Горумду. Кош- Кечүү , менен Түтүн- Суу . Шинденин бели чек ара , Шамалы турат аркырап. Күн тийсе мөңгү чагылат , Күзгүдөй бети жаркырап. Күйгөн- Өтөк, Сары-Кыр, Мамыры- Жылга , Кош-Коргон. Жаңы - Даван, Куу- Жигит, Курбантай, Шайит, Бодо- Бел, Мукурдун оозу Жол- Өтөк, Бурулуп барып жол өтөт . Коктунун оозу Жол- Өтөк, Кайрылып барып жол өтөт. Базар - Дара, Бөрүлүк, Өгүз - Агыл, Муз- Короо, Күйгөн - Токой, Миң - Аркар. Аюу - Жолу, Сарез-Көл, Байгашка-Турук, Миң- Гажыр. Кызыл үңкүр , Кырк-Шейит, Мазарлуу жерде көп шейит . Арык - Кочкор , Кең- Булуң, Ашкана -Жылга, Чоң-Бурак. Шакарак, Актал, Мадиян, Келин - Качты, Кырк- Кечүү. Кечип өтсө агызбас , Тизеден ашып өтпөсө . Алас алып кетпесе , Анда санда бүт кечүү. Карачым, Токтор- Калама, Саткын- Жылга , Жамантал. Тахтамышбек , Хан- Өлдү, Көбүргөндү, Чий- Булуң. Майда- Кара,Муз- Короо, Көпүрө - Башы, Түз жылга. Жаңырык , Артуу, Жар-Өтөк. Кеңи болсо кең өтөк , Тары болсо тар өтөк. Шамал тийбес паанасы , Бороон тйбес далдаасы . Ыңгайы бар журт калка. Ылайыкташса баары өтөк . Тегирмен-Суу,Жаргылчак , Көлөгө - Таш , Портумшук. Бөлөк - Дөң, мен Үч- Кечүү . Бут кече алса бүт кечүү. Сарыгой менен Арам- Таш, Шамал тийбес Шор-Өтөк. Мусаапыр- Гөр , Кампир чык. Шор- Өтөк ,Бурум, Ийри- Бел, Кара- Чым, Кош- Бел, Дааналүү. Өгүз - Агыл, Дүңкүлдөк, Көк- Кыя, Ак- Жар, Үч Күңгөй. Күн тийген бет бүт күнгөй. Зулумарт, Мөк- Суу, Жашыл - Көл, Ранкөл, Шор- Көл, Куудара. Жаны- Жер, Моожу, Кыяк-Баш. Кызыл - Тоо, Чумбус, Таш- Коргон. Ак- Чий, Ак- Тоо, Чукур- Көл, Текелүү - Чоку, Газы- Өлдү. Бекжол- Ата , Кызыл - Жар, Тогуз- Көл, Көк- Сай, Горумду. Ала-Таш, Күмүш, Жан- Булак. Ээр калды, Сай- Мукур, Гулжалуу -Төр, Гүң жылга. Кыз - Мазар менен Беш- Күңгөй. Айтып бүтпөс санатым, Жазсам жетпес калемим. Жылга жыбыт кең өрөөн, Учууга дилгир канатым. Кара- Корум , Көлмө , Кум- Чукур, Тозок - Дара, Көк - Секи. Тик - Кыя , Булак -Курбантай, Гөрустан өтөк , Жар Өтөк. Кызыгы бүтпөс Кызыл-Бел, Сарыколго келсең кызык жер. Күнгөй- Өтөк, Беш - Үңкүр. Жарык- Таш, Актам, Кош-Коргон. Кароол -Дөбө, Беш -Коргон, Куу- Татыр , Жал , Хастанат. Агажан, Токтор - Калама, Кызыр - Өтөк , Жол -Өтөк. Сарыколдон айланып айтылуу жибек жолу өтөт. Ажыдаар-Көл, Үч - Жылга, Жалаң - Жылга Оңой - Гөш. Алтын- Төр, Балгын , Кош - Артуу, Бел - Өтөк, Ыстык, Найза -Таш. Маңкан- Өлдү, Жанайдар, Акберди , Аксай, Сайконуш. Усой, Узбел, Кең -Арал , Күмбөздү-Кол ,Красин Көрк. Алтыны көп Сарыкол , Асылы көп Сарыкол . Атына заты жарашкан, Ак тооң көрк Сарыкол. Мата- Таш , Кочкор- Калама, Көр - Теке, Акжар, Кош -Өтөк. Белгилүү жерде беш өтөк , Белгисиз жерде эки өтөк. Гез, Тагарма, Муз -Айрык, Шамалынан ыр кайрык . Бөлөк -Таш , Көк- Кыр, Кызыл-Жон, Жерлери соонун кызыктуу. Үсөн- Жылга , Чым - Короо, Кой камаган чоң короо. Айти-Капа чым короо , Мал камаган чоң короо. Дубур - Жаан , Найза - Таш , Маржанай ашуу жылгасы . Маржандай акак суу ташы. Акбайтал ашуу белеси , Ааламдын бийик сереси . Чырак таш күйөт балбылдап, Өчпөгөн шамал жамгырда . Жер суунун баары аталып , Жазылып калды сап ырда. Жер суунун көбү жазылып , Сакталып калды сап ырда. Өскөнбай Бердибаев |
Абдижамил Примбердиев
Мургаб району